ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ:

https://kyrgyzcha.site/?p=64105&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«Гусул» сөзү «бир нерсени суу менен жуу» деген маанини туюндурат. Ал эми фикх

илиминде «гусул – бул ооз менен мурунга суу алып, тулку бойду толугу менен жуу»

дегенди түшүндүрөт.

Ыйык Куранда: «Эгер жунуп болсоңор, толук тазалангыла (жуунгула)! » (Маида

сүрөсү, 6) деп буюрулат. Бакара сүрөсүнүн 222-аятында аялдардын этек кири токтоп, таза болмоюнча алар менен жыныстык катнашта болбоого буйрук кылынган. Ошондой эле бул

аятта аял кишиге этек киринен кийин гусул алуу зарылчылыгы белгиленет.

Пример HTML-страницы

А. ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ:

 

1. Мазмаза: оозду тамакка чейин чайкоо.

2. Истиншак: мурунга каңылжаарга чейин суу алуу.

3. Тулку бойду бир да кургак жер калтырбай жуу.

Гусул алууда суу чач, сакал, мурут жана каштын астына чейин жетиши керек.

Аял киши да өрүлгөн чачынын түбүнө чейин суу жеткириши керек. Өрүлгөн узун

чачты жандыруунун кажети жок.

Гусул алуу учурунда тигил же бул мүчөгө таңылган таңуу чечилген чакта, ооруга

(м: жарага) зыян алып келе турган болсо, таңууну чечпей тазаланып жуунууга уруксат

берилет.

 

Б. ГУСУЛДУН АЛЫНЫШЫ ЖАНА АНЫН АДЕП-ТАРТИБИ:

 

Тигил же бул ибадаттын толук кандуу кабылданышы үчүн аны адеп-тартибине

ылайык аткаруу зарылчылыгы бар. Сүннөт-адептери менен аткарылган ибадаттарда кемтик

болбойт. Бул учурда мусулман адам ибадат милдетин так жана толук орундатып, анын

жоопкерчилигинен кутулган болот. Ал эми адептерине ылайык аткарылбаган ибадаттардын

парз-важиптеринде кемчилик кетиши ыктымал. Ошондуктан ар бир ибадатты адептерине

ылайык аткаруу абзел.

Гусул ниет кылуу менен башталат. Ниет кылган соң купуя (ичтен) «Бисмиллахир-

Рахмаанир-Рахиим» деп айтып, колду жана аврат (уяттуу) жерлерди жуу керек. Андан

кийин кадимкидеи даарат алып, андан соң башка, алгач оң, андан кийин сол ийинге суу

төгүп жуунуу зарыл. Дененин бир да жеринде кургак жер калбашы кажет. Ошондуктан

өзгөчө буттун манжаларынын салааларын, киндикти, кулакты, аял киши кулакка тагылган

сөйкө тешиктерин жакшылап жууганга аракет кылуу керек.

Гусул алуу учурунда сууну ысырап колдонбоо зарыл. Бул учурда аврат жерлерди

жабык тутуу дурус.

Мончо, көлмө, көл сыяктуу коомдук (адамдар көп жүрчү) жайларда авратты жаап

жүрүү парз болуп эсептелет. Ошондуктан мындай жайларда авратты жаап, ачылып кетүү

ыктымалынан улам башка бирөөнүн аврат жерлерин карабоо кажет. Эгер бул жайларда

адамдар жылаңач түшсө, ал жерге барбоо зарыл. Айрыкча эркек-аял аралаш жүргөн

пляждардан мусулман баласы оолак болууга тийиш. Мусулман адам арам ишке барбаганы

сыңары, арам иштер жүзөгө ашкан жерлерге да жакын жолобошу кажет.

Гусул алуу жери таза болушу керек. Мончо, көлмө сыяктуу жайлар санитардык

эрежелерге толук жооп бериши кажет. Сууну микропторго каршы дарылоо зарыл.

Жугуштуу оорусу бар адамдар мындай жайларга келбеши керек. Анткени эч ким башка

бирөөнүн ден-соолугуна зыян келтирүүгө укугу жок.

 

В. ГУСУЛ АЛУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР:

 

Төмөнкү жагдайлар гусул алуу зарылчылыгын талап кылат: жунуп болуу, этек кири

жана нифас абалдарынын аякташы.

 

1. Жунуп болуу;

Жунуп болуу – бул жыныстык катнаш же дүүлүгүү менен бел суусунун (спермдин

атылып) чыгышы аркылуу пайда болгон ыпластык абал болуп эсептелет. Мусулман адам

мындай учурда айрым бир ибадаттарды аткара албайт. Шариятта жунуп болгон адамдын

денеси, оозу, түкүрүгү жана ал ичкенден кийин артып калган суу таза болуп эсептелет.

Жыныстык катнашта болгон аял-эркектен мани (б.а.сперм) келсе да, келбесе да

экөө тең жунуп болушат. Эркектен же аялдан дүүлүгүү менен манинин (сперм) чыгышы аларды жунуп кылат.

Бул абал (дүүлүгүү менен спермдин чыгышы) уйку маалында болсо да, ойгоо учурда болсо

да жыйынтыкты өзгөртпөйт.

Уйкудан ойгонгон кезде денесинен бел суу көргөн адам гусул алышы кажет.

Ошондой эле түшүндө жунуп болгонун көргөн адам ойгонгон кезде денесинен бел суунун

эч кандай белгисин (нымдуулук же так) көрбөсө, анда гусул алуунун кажети жок.

 

Жунуп болгон адамга уруксат берилбеген иштер;

 

Жунуп болгон адамга парз же напил намаз окууга, тилават саждасына жыгылууга,

Куранды колго алууга, Куран окууга, себепсиз мечитке кирүүгө жана мечитте отурууга

уруксат берилбейт.

Жунуп болгон адам мүмкүнчүлүгүнүн болушунча эртерээк гусул алганы дурус.

Тигил же бул намаздын убагы чыкканга чейин гусул албоо арам болуп эсептелет.

 

2. Айыз же нифас абалынын бүтүшү.

Айыз (этек кири) же нифас (төрөттөн кииинки) абалдарынын бүтүшү менен же

болбосо бул абалдар үчүн белгиленген эң узун мөөнөттүн аякташы менен аял киши гусул

алышы зарыл.

Имам Азам агымы боюнча, айыздын эң узун мөөнөтү 10 күн, ал эми нифас

абалынын эң узун мөөнөтү 40 күн. Мына ушул мөөнөттөрдүн аякташы менен аял киши

үчүн гусул алуу парз болуп эсептелет. Бул мөөнөттөр аяктаса да, токтобогон кан

«истихаза» (ооруу, үзүрлүү) деп аталат. Мындай абалдагы аял үзүрлүү адамга тиешелүү

болгон өкүмдөргө баш ийет.

Айыз же нифас абалындагы аялга байланышкан өкүмдөр жунуп болгон адамга

байланышкан өкүмдөр менен бирдей (окшош).

Айыз же нифас абалында болгон аял намаз окуй албайт, орозо да кармабайт.

Айыз же нифас маалында жыныстык катнашта болуу арам болуп эсептелет.

 

Г. ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕЛЕР

Шейиттерден сырткары көз жумган мусулман маркумдарды жуу парз-ы кифая

болуп эсептелет. Бул адам баласына көрсөтүлгөн урмат-сыйдын белгиси.

Жаңы мусулман болгон адам эгер жунуп болсо, анын гусул алышы парз. Бул

багытта бардык Ислам аалымдары бир пикирде. Ал эми жунуп болбосо, анда Имам Азам

агымы боюнча, ал үчүн гусул алуу мандуп болсо да, ар кандай күмөн-шектерге карата ал

адамдын гусул алышы керек.

Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ошондой эле ажылыкка же умрага

ниет кылып ихрамга кирээрде жана Арафатта туруу (вакфа) үчүн гусул алуу сүннөт болуп

эсептелет.

Ыйык жерлерге барганда куттуу түндөрдү ибадат менен өткөрүү, тооба кылып

кечирим тилөө сыяктуу жакшы иштерден мурун гусул алуу мустахап.

Демек, береги мисалдардан байкалгандай мусулман баласы гусул алуу талап

кылынбаган учурларда да гусул алып, жуунуп-тазаланып турушу керек.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️