Фыкх Ислам динин билүү.

https://kyrgyzcha.site/?p=53502&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Фыкх

Билүү, түшүнүү.

Ислам динин билүү.

Динде орундоо жана сактануу зарыл болгон иштерди үйрөтүүчү илим.

«Ибадаттардын эң мыктысы – фыкх илимин үйрөнүү жана үйрөтүү.” (Хадиси шариф – Мажмуа-и Зухдийа)

«Аллаху таалага фыкхтан да артык бир нерсе менен ибадат кылынбады. Шайтанга жалгыз бир фыкх аалымынын бере турган соккусу миң абиддин (ибадат кылуучу кулдун) көрсөтө турган каршылыгынан да алда канча күчтүүрөк экендиги акыйкат. Бардык нерсенин бир тиреги, негизи бар. Бул диндин тиреги — фыкх.” (Хадиси шариф – Хулйат-ул-Авлийа)

«Фыкх илимин үйрөнүү — ар бир мусулманга фарз.

Эй, мусулмандар!

Үйрөнгүлө же үйрөткүлө жана фыкх илимин үйрөнгүлө, жахил (сабатсыз) болуп өлбөгүлө.” (Хадиси шариф – Абад-уд-Дунйа-вад-Дин)

Фыкх илиминин негиздөөчүсү – Имам Азам Абу Ханифа♥ Фыкх илиминин төрттөн үч бөлүгү ага таандык. (Имам Раббани)

Фыкх илими төрт чоң бөлүмгө бөлүнөт:

1) Ибадат: Намаз, орозо сыяктуу ибадаттар.

2) Мунакахат: үйлөнүү, ажырашууга байланыштуу маселелер.

3) Муамалат: соода-сатык, ижара, шериктик ж.б.

4) Укубат: жазалар. (Ахмед Зухди)

Фыкхтын ибадат бөлүмүн үйрөнүү ар бир мусулманга фарз. Мунакахат жана муамалат бөлүмдөрүн үйрөнүү – фарзи кифайа. Бул жагдайларга туш болгон адамга үйрөнүү фарз болот. (Ибн Абидин)

Фыкх илими нан, суу сыяктуу өтө зарыл♥ (Ибн Абидин)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️