Жубайыңыздын, балдарыңыздын, дегеле бардык үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн чечилүүсүн кааласаңыз:
“Фатиха сүрөсүн кунт коюп жана чын жүрөгүңүздөн окуңуз”;
“Фатиха сүрөсү” денеңиздеги микропторду, ооруларды жок кылып, көрө албастык жана жек көрүү сыяктуу бардык руханий балээлерден сактайт;
“Үйүңүздөрдү Фатиха сүрөсүн окуп нурланткыла”;
“Төшөгүңүздөрдө Фатиха сүрөсүн окугула”;
“Суу ичип жатканда Фатиха сүрөсүн окугула”;
“Фатиха сүрөсү сиздин иш-аракеттериңизди жана жүрүм-турумуңузду түздөйт жана сөзүңүздү иреттейт”;
“Фатиха сүрөсү көрө албастык, текебердик, өзүмчүлдүк жана менменсинүү сыяктуу ооруларыңызга шыпаа болот”;
“Ачуулануу сыяктуу бардык терс мүнөздөрүңүздөн арылууңузга жардам берет”;
“Фатиха сүрөсүн буга чейин көңүл коюп, түшүнүп окудуңуз беле?”
Кээ бир аалымдар айтышат:
“Курандын сыры Фатиха сүрөсүндө жашырылган”;
“Фатиханын сыры болсо Иййака на‘буду ва-иййака наста‘ӣн аятында жашырылган”;
Фатиха сүрөсү фарз намаздарында 17 жолу окулат.
Эмнеге? деп сурагандарга, бул сыр Фатиха сүрөсүнүн ичинде деп айтабыз.
Кимде-ким намаз окуп, ошол намазында Фатиха сүрөсүн окуганды унутса, анын намазы толук болбойт, кайрадан окуусу керек болот. Себеби намазда Фатиха сүрөсүн окуу ваажиб болуп саналат.
Бул да болсо Фатиха сүрөсүнүн канчалык маанилүү экендигине ишарат.
Фатиха сүрөсү намаз башталганда биринчи окулган сүрө. Ошондуктан Фатиха арабчада “ачуучу” же “бетачар” деген мааниге ээ.
“Фатиха сүрөсүнүн кээ бир аттары (сыпаттары)”:
1. “Шафийе” — Материалдык жана моралдык бардык ооруларга шыпаа болгон;
2. “Кафийе” — Башка сүрөлөрдүн ордун баса алган, бирок башка сүрөлөр анын ордун баса албаган;
3. “Үммүл китаб” — Китептердин энеси, негизи.
Энеңиз сиз үчүн кандай мааниге ээ?
Эне биз үчүн барынан кымбат, туурабы?
Фатиха сүрөсү да так ошондой. Курандын негизи жана энеси сыяктуу.
Куран окуганыңызда биринчи Фатиха сүрөсүнөн баштаңыз. Фатиха сүрөсү сизди зулумдуктан адилеттүүлүкө, кыйынчылыктан жеңилдике, эзилүүдөн эркиндике алып чыгуусу шексиз.
“Сууга Фатиха сүрөсүн окуңуз”. Ал суудан ичиңиз жана жуунуңуз. Алланын жардамы менен көп нерсенин байкай баштайсыз.
Сахабалар бир оорукчанды көрүшкөндө колдорун анын ооруган жерине коюшуп 7 жолу Фатиха сүрөсүн окушаар эле. Өзүнө Фатиха окулган оорулуу адам болсо Алланын каалоосу жана Фатиханын берекети менен оорусуна шыпаа тапчу.
Пайгамбарыбыз (САВ) буюрду:
“Жабраил (АС) мага айтты: Алла Таала сага саламын айтты жана буюрду: “Кулум менин алдымда намазга туруп “Аллаху Акбар” дегенде, мен кулум менен менин ортомдо асылган пердени ачам.
Кул “Альхамдү” дегенде Алла Таала “Мактоолор кимге таандык?” деп сурайт. Кул болсо “Лиллахи” деп жооп берет.
Алла Таала “Аллах ким?” деп сураганда, “Раббил Аламин” деп жооп узатат. “Ааламдардын Раббы ким?” дегенде, “Рахмани Рахим” деп айтат.
“Рахман жана Рахим ким?” деп сураганда, “Малики йаумиддин” дейт. Ошондо Алла Таала: “Эй кулум, кыямат-сурак күндүн Өкүмдары менмин” деп айтат.
Кул болсо “Иййака на‘буду ва-иййака наста‘ин”, биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз” дегенде, Алла Таала: “Эй кулум, эгерде бир гана мага сыйынып, бир гана менден жардам сурасаң, андай болсо каалаганыңды тиле, сага берилсин” деп буюрат.
Кул болсо “Ихдина”, бизге жол көрсөт дегенде, Алла Таала: “Кайсыл жолду?” деп сурайт. Кул: “Сыратал мустаким”, сирати мустакимди — туура жолду” деп жооп берет. Алла Таала: “Кандай жолду каалайсын?” деп сурайт. Кул: “Сыраталлазина ан’амта алейхим”, Өзүң ырайым жана жакшылык кылган бактылуулардын жолун” дегенде, Алла Таала: “Эй периштелерим, силер да күбө болгула, мен бул кулумду өзүм ырайым кылган жана бата берген пайгамбарлар, сыдыктар жана салихтердин катарына коштум” деп буюрду.
Кул: “Гайриль магдууби алейхим ва ляддооллиин — Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жолду” дегенде, Алла Таала кайрадан периштелерге: “Күбө болгула, мен бул пендеми адашкандардын жана менин каарыма калгандардын эмес, өзүм ырайым кылгандардын катарына коштум” деп буюрду.
Кул “Омийн” дегенде аны менен чогуу бардык периштелер да “Омийн” дешти.