بسم الله الرحمن الرحيم
Эненин балага болгон сүйүүсү эч нерсе менен бааланбайт дагы, алмашылбайт дагы.
Эшиктен кирсең аялың колуңду карайт, эмне алып келиптир деп, энең жүзүңдү карайт, курсагы ач бекен, эмне берсем деп.
Эне тууралуу турмуштан бир окуяны айтып берейин.
Бишкектин чок ортосунда кафеси бар, курулуш материалдарын саткан дүкөндөрү бар, турумушу тың, бай турган бир адам бар.
Мени менен эки жолу ажыга барып келди.
Ошол киши айтат: Бир жолу апам:
➡ Балам, Ташкент жактагы эже-сиңдилеримди көптөн бери кабар албай калдым, бир убактың болуп калганда алпарып келсең, — деп калды.
Бизнести жаңы эле баштаган убагым эле, апама бир аз коё туруң, кичине бутка туруп алалы, анан алпарып келем дедим.
Кийинки жылы жазга маал апам дагы ошонон сөз баштап калды.
Кафемди жаңы салып аткам, ушул бүтүп ишке кирсин, анан баралы дедим.
Үчүнчү жылы дагы айтты, бул жылы дүкөн салып жаткан элем, ошону шылтоо кылдым.
Ошол жылы апам дүйнөдөн өтүп кетти.
Экөөбүз ажылыкка барып Мадинадан Меккеге келе жатабыз.
Ажыке, — дейт, — азыр апам тирүү болсо, моюнума көтөрүп, Ташкент эмес, ажыга алып келет элем, бирок эми айла жок.
Ошол учурда Ташкентке бир эмес жүз жолу барганга каражатым жетет эле, болгону апамды өлбөй тургандай ойлопмун.
Эми азыр силер зам-зам ичип, ырахат алып турасыңар, мен уу ичкендей, жүрөгүм сыздап жатам.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бир жыл, эки жыл, кээде беш жыл…
ата-энеңди калтырып кабар албай таштаба.
Тыйын жерге кирсин, табылат.
Ишиң жүрүшөт.
Чөнтөгүң толот.
Бир күн барып кой союп жамбаш тартайын десең, жылкы союп уча тартайын десең, таппай каласың…
Жатканда ачылып каласың, эртең менен турсаң кымтыланып жабылуусуң.
Түнү менен сени карап, ачылсаң жаап, ысысаң женилдетип чыккан ким эле?
Мектепке жөнөйсүң, колуңдан жетелеп, жолдон өткөрүп мектебиңе кирип кеткенче кете албай кылчайып карап турган ким эле?
Эртең менен турсаң, чайың даяр, наның даяр, аны ким сага даярдап күтүп отурат?
Мунун баарын бир гана апаң кыла алат.
Эми ошол кишинин чөнтөк телефонуна элүү бирдик салып коё албайсыңбы!?
Телефон чалып, кандайсыз деп бир ооз үнүңдү угузуп коё албайсыңбы!?
Кээ бирөө чачымдай көп досторум бар деп мактанат.
Эгер башыңа бир балээ түшсө, чачыңдай көп достун бирин таппай таз адамдай болуп каласың.
Ошондо сага арка-жөлөк боло турган бир гана адам бар. Ал сенин — ЭНЕҢ…