🌹Садака Жаннаттын эшиги
🌹Садака жакшы амалдардын эң жакшысы, жана эң жакшы садака — ачканын курсагын тойгузуу
🌹 Садака өз ээсин Кыяматтагы ысыктан көлөкөлөп турат, жана тозок отунан сактайт
🌹Садака Алланын ачуусун басат жана кабырдын отун өчүрөт
🌹Садака өлгөн адамга эң керектүү белек. Жана Аллах кааласа ошол садаканын сообун көбөйтөт
🌹 Садака нафсти тазалайт, мүнөздү оңдойт. Соопторду көбөйтөт
🌹Садака өз ээсин сүйүндүрүп, Кыямат Күнү жүзүн нурлантат
🌹 Садака Кыяматтын коркунучуна коопсуздук берет, жана өткөн нерсеге өкүндүрбөйт
🌹 Садака күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот
🌹 Садака жакшы өлүмгө алып барат жана Периштелердин дуасына себеп болот
🌹 Садака берген адам — эң жакшы адамдардын бири жана ошол садаканын берилишине катышкан адамдардын баарына сообу бирдей тийет
🌹 Садака берген адамга чоң сооп жана эң жакшы сыйлыктардын берилээри убадаланган
🌹Садака берүү — таква адамдардын сыфаты жана элдин ошол адамга болгон сүйүүсүнө себеп
🌹Садака — берешен, жоомарт, колу ачыктыктын белгиси
🌹 Садака дуалардын кабыл болушуна жана жамандык балээнин чечилишине себеп
🌹 Садака бул дүйнөдөгү балээ, жамандыктардын эшигин жапканга себеп
🌹 Садака өмүрдүн узарышына, малдын көбөйүшүнө, ырыскынын кеңейишине жана жеңиштин келишине себеп
🌹Садака- бул эмдөө, дабаа, шыфаа
🌹 Садака күйгөндөн, чөккөндөн, ууруга чалдыккандан жана жаман өлүмдөн сактайт
🌹 Садаканын сообу тынбайт, керек болсо жаныбарларга же канаттууларга берилген болсо да
Бул маалыматты башкаларга таратсаң — бул сенин азыркы эң биринчи берген садакаң!!!