Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чубак ажыдан жооптор.

https://kyrgyzcha.site/?p=4915&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!
Пример HTML-страницы

Шейх Чубак ажыдан кыска жана нуска
жооптор…
Суроо: «Молдонун айтканын айт, кылганын
кылба»,-деген сөз бекеринен болбосо керек.
Жооп: — Ооба, молдонун айтканын кылам
деп убара болбо, колуңдан келбейт.
Суроо: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким
көрүп келиптир?”
Жооп: — А жок экенин ким көрүп келиптир?
Суроо: “Молдонун айтканын кыла берсең
акмагың чыгат”- дейт эмеспи?
Жооп: — Чынында молдонун айтканын
кылсаң акмагың чыгып кетет. Антпесе
акмагың менен жашай берип, өзүң да
акмак болуп каласың”- дегени.
Суроо: “Мусулмандар деле кара ташка
сыйынышат”
Жооп: -Мусулмандар Кара ташка
сыйынышпайт. Болгону аны сыйлашат.
Суроо: “Ажылыкта каза болгон кары-
картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?”
Жооп: — Аларды карылыгында ошол жакка
өздөрүн жөнөтүп койгон уулдары алат.
Суроо: “Жылкынын баары жорго болот,
жиндинин баары молдо”-болот деп бир
олуя айткан экен. Азыр деле андайлар
толтура го?
Жооп: — Ооба, жинди атыкпаган молдо
чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбыз
с.а.в.ды жинди дешкен. Бирок, ким жинди
болуп чыкты?
Суроо: “Карыганда деле намаз окуса
жетишет да, азыр эртерээк го”
Жооп: — Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм
периштеси кечке чейин келип калса керек.
Суроо: “Мечит көбөйдү. Алардын ордуна
мектеп курса болбойбу?”
Жооп: — Болот, ким кой деди. Курам
дегендер болсо курсун.
Суроо: “Арак деле нан жасалган буудайдан
жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”
Жооп: — Энеңиз менен кызыңыз деле аял
да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз?
Суроо: “Ажыга барып келсе деле
күнөөлөрдү жасап жатышпайбы? ”
Жооп:- Мончодон чыкса деле адам кирдеп
жатпайбы?
Суроо: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан
бетер бузукулук кылгандар бар…”
Жооп: -Туура, эшек Аравияга барып келсе
эле эшектигин кылбай койбойт.
Суроо: “Кечээ эле арак ичип жүрбөдү беле,
бүгүн намаз окуп калыптыр…”
Жооп: — Ооба, а сиз дагеле ичип жүрөсүз.
Суроо: “Намазды кыргызча окуса
болбойбу?”
Жооп: -Болот, бирок кыраатын кайсы
обончуга жаздырасыз?
Суроо: “Эмнеге эле молдокелер арак
болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки
тартпагыла” – дей беришет?
Жооп: -Алар муну мусулмандарга айтып
жатышат.
Суроо: “Көп аял алуу кыргыз элине жат
көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын
алыптыр?”
Жооп: — Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр
менен баатырдын баары.
Суроо: “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон
сакалды коюп калды”
Жооп: -Тетирисинче, азыр ата-бабалар
койгон сакал коюла баштады. А силер аны
алып салгансыңар. Курманжан даткадан
башка бүт кыргыз жакшыларынын сакалы
болгон.
Суроо: “Адам динден көрө илимди үйрөнүү
зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”
Жооп: — Илдимпоздордун эң укмушу
Акаевпи?
Суроо: “Көзү ачыктар жолун ачып, иши
жүргөндөр толтура”.
Жооп: — Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү
самсаалап базарларда отурушат?
Суроо: “Жүрөгүм таза болсо болду да,
намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”
Жооп: — Тетирисинче жүрөктү намаз менен
орозо тазартат.
Суроо: «Өзү эле кечээ арак ичип жүргөн,
бүгүн эле намаз окуп калганын кара”
Жооп: — А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан
намаз окуп калаарыңызды кудай билет.
Суроо: “Кыздарга жоолук салып, баарын
чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт
эми?”
Жооп: — Өздөрүнүн кыздарын чечинтип
алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын
караш керекпи?!
Суроо: “Жоолукту салынып алып,
кылбаганды кылганы канча…”
Жооп: — Ооба, алар али кылбаганын кылып
жатат. А силер кылганыңардан али кутула
элегиңер канча?!
Суроо: “Кыргыздын кыздары жүздөрүн
чүмкөгөн эмес”
Жооп: — Анткени бүгүнкүдөй эркектери жок
эле
Суроо: “Шалбырап кийинип алып, үч уктап
түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”
Жооп: — Анткени сизге окшоп
шалбырабагандар кошунасын да тыйып
койо албайт.
Суроо: “Чала молдо дин бузат” дейт
элде…”
Жооп: — Ооба, анткени толо молдосу динди
билбейт.
Суроо: “Намазды буйурганда окуйбуз…”
Жооп: — Бойго жеткендерге “Оку” деп
буйрулган. Же Кудай Өзү келип,
маңдайыңызга туруп буйурсунбу?
Суроо: «Намаз окуганга убактым жок болуп
жатпайбы?”
Жооп: — Эч нерсе эмес, өлүм периштеси
келгенде табылып калаар.
Суроо: “Сакалчандар террористтер, а
терроризм дегени коркутуу дегенди
билдирет экен”.
Жооп: — Туура айтасыз, алар гана тозок
менен коркутушат.
Суроо: “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү
жасап жатышпайбы? ”
Жооп: — Алар жок дегенде намаз окуп
жатышат. А силер күнөө да кыласыңар
намазды да окубайсыңар.
Суроо: “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса
болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы
болбойт?”
Жооп: — Бир эркектин төрт кепичи болсо
кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе
кандай?
Суроо: “Адалсынган молдодон алты
камандын башы чыгат”,-дейт.
Жооп: — Айылдын баарын тазалаган тура

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE