Эмнеге тилегибиз орундалбайт?

https://kyrgyzcha.site/?p=43225&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Эмнеге тилегибиз орундалбайт?

Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп баратып.

Адамдар ага кайрылып:

«О Ибрахим! Чындыгында Алла Таала:

«Мага дуа кылгыла, Мен силерге жооп беремин» — деп убада кылган эле . А биз Аллага дуа кылып келебиз, бирок эмнеге дуаларыбыз кабыл болбойт?» – деп сурашат.

Ал мындай деп жооп берди:

«Анткени силердин жүрөгүнөрдү он нерсе өлтүрүп салган:

1) Алланы билип, бирок Анын буйругун аткарбадынар

2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадынар

3) Пайгамбарды жакшы көрөбуз деп, Суннөтүн таштадынар

4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидинер

5) Бейишке кирүүнү энсеп, ага татыктуу иш кылбадынар

6) Тозок азабынан коркуп, өзүнөрду андан куткарбадынар

7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдунөр

8) Адамдардан айып издеп, оз айыбынарга көнүл бурбадынар

9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шугур кылбадынар

10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан улгу-насаат албадынар

Анан кантип силердин дуанар кабыл болсун?!»

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️