ЭКИ АЯЛДЫН БИР НАРИСТЕНИ ТАЛАШУУСУ

https://kyrgyzcha.site/?p=64901&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🔵 ЭКИ АЯЛДЫН БИР НАРИСТЕНИ ТАЛАШУУСУ

 

 

Абу Хурайра, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *“Эки аялдын бирден наристелери болот. (Бир күнү) карышкыр келип алардын бир баласын көтөрүп кетет. Ал аялдын бири экинчисине: “Чындыгында, сенин балаңды алып кетти”* – десе, ал эми экинчиси: *“Чындыгында, сенин балаңды алып кетти”* – деп (талашып тартышып калышат). Ошондо ал экөө Дауд, алейхи салламга, өкүм сурап (наристе кимисиники экенин) билгени барышат. (Дауд, алейхи саллам, наристе) жашы улуу аялдын баласы деп өкүм чыгарып берет. Ал экөө Дауддун баласы Сулайман, алейхи салламга, барышып (болгон окуя жөнүндө) кабар беришет. (Ошондо Сулайман, алейхи саллам, айтты: *“Мага бычак алып келгиле, наристени экиге бөлөм”* – деп айткан кезде, жашы кичине аял: *“Аллах сага ырайым кылсын, андай кылба! Наристени ал ала берсин”* – деп (чырылдап жибергенде Сулайман, алейхи саллам, наристе) жашы кичине аялдыкы деп өкүм чыгарып берет. (Бухари, 3427)

 

*ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ*

Пример HTML-страницы

Бул окуя Дауд пайгамбардын убагында болгон. Жашы өтүп калган аял менен жашы кичине аялдын бирден балдары болот. Ал экөөсү балдарын алысыраак коюшуп өздөрү кир жууп жатышкан болот. Бир маалда карышкыр бир баланы алып качат. Ошол кезде жашы чоң аял биринчи чуркап барып баланы ала калып: *“Бул менин балам, сенин балаңды карышкыр алып кетти”* – деп айтат. Анда жашы кичине аял: *“Бул менин балам, сенин балаңды карышкыр алып кетти”* – деп, ал экөөсү кичине наристени талашып калышат.

Бул маселени чечүү үчүн ал экөөсү Дауд пайгамбарга барышат. Дауд пайгамбар алардын арыз-муңун уккан соң наристе жашы чоң аялдыкы болсун деп чечим чыгарат. Биринчиден алардын далили жок болгондуктан ушундай өкүм чыгарды. Экинчиден жашы чоң аялдын кайрадан төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан жана жашы кичине аял кайрадан төрөп алганга мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан ушундай өкүмдү туура көрдү.

Алар Дауд пайгамбардан чыкканда алардын астынан Сулайман пайгамбар чыгып калат. Сулайман пайгамбар ал экөөсүнөн: *“Атам Дауд силерге кандай өкүм чыганды”* – деп сурайт. Жашы чоң аялга баланы бергендиги туурасында кабар беришет, бирок ошол эле учурда жашы кичине аял: *“Чындыгында, бул менин балам болчу”* – деп чырылдап жатканын көрөт.

Сулайман пайгамбар наристени колуна алып жан-жөөкөрлөрүнө бычак алып келүүсүн буйруйт. Бычакты баланын башына коюп: *“Силер капа болбошуңар үчүн наристени экиге бөлүп жартысын сага ал эми жартысын сага берейин”* – деп айтканда жашы чоң аял ошол өкүмгө ыраазы болуп турат. Ал эми жашы кичине аял: *“Жоок, бул менин балам эмес! Бул анын баласы”* – деп, баланы экиге бөлбөөсүн суранып чырылдап жиберди. Мындай көрүнүштөн кийин Сулайман пайгамбар наристе жашы кичине аялдыкы деп өкүм чыгарды.

Сулайман пайгамбардын мындай чечимге келгенинин себеби:

Биринчиден жашы чоң аял баланы экиге бөлмөкчү болгондо ошол өкүмгө ыраазы болду. Анткени анын баласын карышкыр алып кетти. Ал эми бул бала өзүнүкү болбогондуктан ал бала өлсө дагы ага айырмасы жок болчу.

Экинчиден жашы кичине аял баланы экиге бөлөм дегенде баласынын өлүп калуусунан коркту да, баламды алса алсын бирок тирүү калсын деп жана бала меники эмес деп чырылдап жиберди. Мына ушул себептерден наристенин чыныгы апасы жашы кичине аял деп өкүм чыгарды.

 

*КУРАНАНДА ДА АЛЛАХ ТААЛА ЭКИ ПАЙГАМБАРДЫН ОЮ БИР МАСЕЛЕДЕ ЭКИ БАШКА ЧЫККАНЫН ЭСКЕРЕТ*

 

Аллах айтты: *“Дауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз. Сулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудка өзү менен кошулуп (Аллахка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук. (Ушуну) Биз жасадык»*. (Анбия, 78,79-аяттар)

*АЯТТЫН ТАФСИРИ*

 

Бул окуя дагы Дауд пайгамбар менен Сулайман пайгамбардын учурунда болгон. Бир күнү койчуман короонун эшигин чала жаап койгон болот. Койлор түндө короодон чыгып дыйкандын көгөрүп турган эгинине жайылып майкандап салышат. Эртең менен дыйкан майкандалган эгинди көрүп койчуманга барат. Ал экөө Дауд пайгамбарга келип өкүм сурашат. Дауд пайгамбар койчумандын койлорунун баарысын дыйканга берип коет. Койчуман бул өкүмгө ыраазы болбогонун көргөн Сулайман пайгамбар, атасы Дауд пайгамбарга барып: *«Оо, атаке! Койлорду дыйканга биротоло берип койбостон убактылуу берсеңиз кандай болот? Койчуман эгин-талааны айдатып, эгинди сээп, аны сугарып баштапкы абалына келтиргенге чейин дыйкан ал койлордун төлдөгөн төлүн алып жана сүтү менен жүнүн пайдаланса… Качан гана койчуман дыйкандын эгин-талаасын баштапкы абалына кайтарып бергенде кайрадан койлорун алсын»* – деп атасына айтат. Дауд пайгамбар баласы Сулайман пайгамбардын бул чыгарган өкүмүн туура көрүп, дыйкан менен койчуманга ушул өкүмдү чыгарып берет.

 

*ХАДИСТЕН АЛЫНА ТУРГАН ПАЙДАЛАР*

 

💠 – Сулайман пайгамбарга Аллах таала ага даанышмандуулукту жана фикх илимин жакшы түшүнүүчүлөрдөн кылып койду.

💠 – Бул окуялардан байкасак болот, каазы өкүм чыгарганда кээ бир учурда жаңылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *“Эгер каазы же мужтахид адам туура өкүм чыгарса эки сооп алат, ал эми өкүм чыгарганда жаңыла турган болсо бир сооп алат”*.

💠 – Адам балсынын акылы чектелүү экенин бул окуядан билсек болот. Эгерде Аллахтан түзмө түз вахий (кабар) келе турган болсо, Дауд пайгамбар өкүм чыгарганда жаңылмак эмес.

💠 – Акыл жашка карабайт. Сулайман пайгамбар Дауд пайгамбардын баласы болсо дагы атасынын жаңылышканын тууралап турду. Абу Бакр, Умар, Усман, Али, радыяллаху анхум, жана башка улуу сахабалардын арасынан Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, жашы кичинесине карабастан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, суроосуна туура жооп берген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️