• Ибадаттын даамын алган адам ибадаттан тажабайт♥
Тажаган адам Аллаху тааланы аз тааныгандыгы үчүн тажайт.
• Эч бир нерсе жоготулган убакыттын ордун толтура албайт.
• Жахил (наадан, сабатсыз) адамдар илимдери менен бири-бирине мактанышат. Алардын илимден алган насиби бир гана мактануулары.
• Кул Аллаху таала үчүн эмнеден баш тартса Аллаху таала ага мындан да жакшысын берет.
• Аллаху тааланы унутуудан чоң күнөө жок.
• Акылдуу адам унчупай турган кезинде тафаккур кылат (Аллаху тааланы ойлойт), сүйлөгөндө зикир кылат, караган кезде ибрат алат♥
• Ар каптын ичи толгон сайын тараят. Бирок, билим кабы мындан башкача. Билим кабы билим кирген сайын кеңейет♥
• Денең менен дүнүйөдө, көңүлүң менен акыретте бол♥
• Саадат өмүрү узун жана ибадаты көп болгондуку.
• Баалуу өмүрүңүздү пайдасыз, бош нерселердин аркасында, оюн-күлкү менен өткөрүп албоо үчүн дыкат болуңуз.
• Эгер жахилдер унчукпай, сүйлөбөгөндө адамдардын арасында келишпестик болмок эмес.
• Илим адамды Аллаху тааланын буйрук кылган нерселерине алып барат, зухд болсо ал нерсеге жетүүнү жеңилдетет.
• Көңүлү ооруган, чарасыз бир адамды көрсөң жарасына дары бол! Анын жолдошу жана жардамчысы болуудан тартынба!
• Кулдун Аллаху таалага шүгүр кылуусу Аллаху таала берген ниматтары менен Ага каршы чыкпоосу аркылуу жүзөгө ашат.
• Бир көңүлдө акырет арзуусу көбөйгөн сайын дүнүйөлүк санаасы ал көңүлдөн жоголот.
• Аллаху таалага жеткирген эң ишеничтүү жол – бардык иш-аракет жана ибадаттарда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөтүнө баш ийүү.
• Эки жаман сапат бар, булар көңүлгө кыйынчылык тарттырат: Көп сүйлөө жана көп тамактануу.
• Жалган сүйлөөдөн, бирөөнү ушактоодон жана кыянаттыктан узак тургула!
• Илим сот, мал-мүлк болсо соттолуучу. Илим сени коргойт, бирок, мал-мүлктү болсо сен коргошуң керек. Илим уурдалбайт, мал-мүлк болсо уурдалат. Илим сарптаган сайын көбөйөт. Мал-мүлк болсо сарптаган сайын азаят.
• Кылган жакшылыктарды колко кылган жек көрүү отун тутанткан болот.
• Аллаху тааланын буйруктарын эскерткен, насыят кылган бир тууганың сага алтын белек кылган адамдан да жакшы♥
• Адамдын табыштуу болуусунун негизи аз тамактануу, аз уктоо, аз сүйлөө жана напсинин арзуу жана каалоолорунан баш тартуу.
• Узун эмелдүү болуу (б.а., өлүмдү унутуп дүнүйөлүк максаттардын аркасында жүгүрүү) жана бардык нерсени кийинкиге калтыруу — өзүн өзү бүтүргөндүк жана санаасыздык.
• Өмүрүмдө түнү ибадат кылгандардан башка эч кимге суктанбадым♥