Пример HTML-страницы

Дубанын касиетинин баяны

https://kyrgyzcha.site/?p=59304&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*Бисмиллахир Рахманиир Рахиим*

 

🌼🌻🌼🌻🌼🌻🌼🌻

⏳ *Дубанын касиетинин баяны*

 

☪ Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *Момун мусулман дуба кылса, эгер ал таза пенде болсо, дубасы кабыл болбой калбайт. Ал эми пенде калпычы , сүткор же ушак айта турган, же мактанчаак болсо, анда анын жасаган дубасы кабыл болбойт.*

☪ *Пенде дуба жасап олтуранда тили дубада, көңүлү дүнүйөдө болсо, анда дагы дуба кабыл болбойт. Дагы кийими нажас, ичкен оокаты арам болсо, анда да дуба кабыл болбойт.*

☪ Бир күнү Муса пайгамбар(а.с) келе жатса, жолдо бир киши зар ыйлап дуба жасап олтурган экен. Муну көрүп Мусанын(а.с) рахымы келип айтты: *Оо кудай, эгер бул пенденин тилеги менден боло турган болсо, мен кажетин өтөп коёюн дегенде, Алладан кабар келди. Оо Муса,мен сенден көрө күчтүү рахым кылуучумун. Ал пенде дубаны тили менен жасап атат, дили койлорунда болуп туру. Мен андай дубаны кабыл кылбаймын деди.*

☪ Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) жана айтты: *Пенде бул дүйнөдө Алладан тилек тилеп, ал тилегине жетпесе, кыямат күнү Алла Таала, эй пенделер, ким ал дүйнөдө тилек кылып тилеги кабыл болбогон болсо келгиле, мен ошол кабыл болбогон дуба үчүн ошол пендеге он эсе сооп беремин дейт. Ошондо пенде,ал дүйнөдө эч кажетибиз бүткөн жок эле*, деп айтат.

☪ Муса пайгамбар(а.с): Я Алла, түндүн кайсы саатында дуба жасаса кабыл кыласың дегенде, Алла Таала менин пенделерим ар качан түн ортосу өткөндө дуба жасап, тилек тилегенде, мен ошондо кабыл кыламын деди.

☪ Дуба кылып тилек тилегенде,адал оокат ичүү, адал таза кийим кийүү жана дуба жасап олтурганда дубадан башка дүнүйөнү ойлобоо шарт болот.

☪ Бир күнү Нишапурдун падышасы элге акча салык салды да, эгер акчаны төлөсөңөр кутулдуңар, белгиленген күнгө төлөбөсөңөр анда тутулдуңар, шаарларыңды кыйратып өрттөп, өзүңөрдү найза менен кыйнайм деди. Бир жума убакыт берди. Эл катуу кысылды, акыры ал кездеги олуя Абумахле Лахандыга келип жалпы калк сиз дуба жасап, бул балээден куткарбасаңыз болбойт дегенден кийин, ал шайык дубаны куру жасаса асманга чыкпайт, сиздер мага бир нерсе бергиле, мен аны ордуна жумшап, дуба кылайын деди.

☪ Эл жыйылып 40 дилде алып келип ордуна койду. Шайык колун көтөрүп дуба кылды. Ошондон кийин айтты. Бирөөң барып дубалга чыгып падыша жакка карагыла деди. Бир жигит дубалга чыгып караганда падышанын ордосу жактан чуулдаган, күжүлдөгөн добуштар чыгып жатты. Муну уккан адам шайыкка келип айтты. Кийин шайык бир адам жиберип билсе, падышанын ичи жарылып өлүптүр.

☪ Эл, шайык жасаган дубаны Алла Таала кабыл кылганы себептүү чыгымдан кутулду.

☪ Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *Кыямат күндө бир коомдун амал дептер оң жагынан келет. Алар аны окуп көрүп: » Йа Алла,бул менин амал дептерим эмес. Мен мынча таат ибадат жасаганым жок дегенде, Алла айтат: «Эй,пенде, сен жалган дүйнөдө тилек тилеп дуба кылдың,ошол үчүн ушул сооптуу ишти жаздым дейт.»*

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE