ДУБА КЫЛУУНУ ҮЙРӨНӨЛҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=64115&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ДУБА КЫЛУУНУ ҮЙРӨНӨЛҮ

 

Дуба бул — баардык жакшылык иштерде Аллах Тааладан жардам суроо. Дуба кылуу Аллах Таалага ибадат кылуу болуп эсептелет. Аллах Таала айткан: «Роббуңар: Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп берем. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленгендер, кор болуп тозокко киришет». (Гаафир. 60-аят).

 

Нуьман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Дуба кылуу бул ибадат» — деп айткан. (Тиримизий, Абу Дауд).

 

Пример HTML-страницы

Дуба кылуунун адептери:

 

1) Дуба кылуудан алдын, Аллахка мактоо жана Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) салават айтуу керек.

 

Фазоола бин Убайд айтат:

 

— Биз Пайгамбарыбыз менен бирге отурган элек. Бир убакта бир адам кирип намаз окуду да: оо, Аллахым, мени кечир жана ырайым кыл деп дуба кыла баштады. Аны көргөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Сен шашып жатасың, эгер намаз окусаң, отурганда Аллахка мактоо айт жана мага салават айт, андан соң дуба кыл» деди. Ошол убакта дагы бир адам намаз окуп, Аллахка мактоо жана Пайгамбарга салават айтты. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага карап: «Оо, намаз окуучу, дуба кылгын дубаң кабыл болот» — деп айтты. (Тирмизий, Абу Дауд).

 

Али (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Пайгамбарга салават айтылмайынча, баардык дубалар тосулуп турат» — деп айткан. (Табараний).

 

2) Жакшы күмөн менен дуба кылуу керек.

 

Абу Хурайра (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллах Тааланын: «Мен пендемдин күмөнүндөмүн жана ал Мени эстесе аны менен биргемин» деген сөзүн айткан. (Бухарий).

 

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аллахка, кабыл кылуусуна ишенүү менен дуба кылгыла» — деп айткан. (Абу Дауд).

 

3) Аллах Тааланын ысым-сыпаттарын атоо менен дуба кылуу керек.

 

Аллах Таала айтты: «Аллахтын кооз сыпаттары бар, алар менен дуба кылгыла». (Аьрааф. 180-аят).

 

4) Муктаж болгондо гана эмес, баардык абалдарда дуба кылуу керек.

 

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Кимде-ким кыйынчылыктагы дубасы кабыл болуусун кааласа, бейпилчиликте көп дуба кылсын» — деп айткан. (Тирмизий, Аттабараний).

 

5) Кыбылага карап дуба кылуу керек.

 

Абдуллах бин Зубайр (Аллах андан ыраазы болсун): «Пайгамбарыбыз Каабага карап, анан дуба кылды» – деп айткан. (Муслим).

 

6) Дуба учурунда эки колду көтөрүү.

 

Салман Фарсий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Чындыгында, Роббуңар-Берешен жана Уяттуу. Эки колун көтөрүп суранган пендесинин колун куру кайтаруудан уялат» — деп айткан. (АбуДауд, Ибн Мажих).

 

7) Дуба кылууда үч жолу кайталоо.

 

Ибн Масьуд: (Аллах андан ыраазы болсун): «Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дуба кылганда үч жолу кайталап дуба кылчу» – деп айткан. (АбуДауд).

 

8) Даарат менен дуба кылуу.

 

Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Хунайн согушунан кайтканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) суу алып келүүнү суранды, анан дарат алды, анан эки колун көтөрүп: «Оо, Аллахым. Убайд бин Аамирди кечир» — деп дуба кылды. (Ибн Мажих).

 

9) Ыйлап дуба кылуу.

 

Амыр бин Ааьс айтат: «Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Оо, Аллахым! Үммөтүм, үммөтүм деп ыйлап дуба кылды». (Муслим).

 

10) Дубаны өзүнөн баштоо.

 

Аллах Таала айтты: «Алардан кийин келгендер: Эгебиз, бизди жана бизден мурда ыйманга келгендерди кечир деп айтышат». (Хашр. 10-аят).

 

Убай бин Каьб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Эгер Аллахтын элчиси бирөөнү эстеп ага дуба кылуучу болсо биринчи өзүнөн баштайт эле». (Тирмизий).

 

11) Мусулман бир туугандарына да дуба кылуу.

 

Аллах Таала айтты: «Өзүңдүн күнөөң үчүн жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар үчүн кечирим тиле». (Мухаммад. 19-аят).

 

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Ким, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар үчүн кечирим тилесе, кечирим тилөөчүгө алардын ар бири үчүн сооп жазылат» — деп айткан. (Мажмауь-заваид).

 

12) Аллахтын ырахматын тарытпоо керек. Мисалы: Оо, Аллахым мени гана кечир ж.б.у.с.

 

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Бир тоолук адам: Аллахым мени жана Мухамедди ырайым кыл, бизден башка эч кимди ырайым кылба» деп дуба кылды. Аны көргөн Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Чындыгында, Аллахтын кенен ырайымын тарыттың» — деп айтты.

 

13) Аллахга, чоң жана кичине иштердин баары үчүн дуба кылуу керек.

 

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аллахтан, чокойуңардын боосуна чейин сурагыла» — деп айткан. (Тирмизий).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️