Пример HTML-страницы

ДУБА

https://kyrgyzcha.site/?p=59873&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=ДУБА=

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштайм!

Бизди мусулман кылып жараткан, чексиз ырыскыларга бөлөгөн, сан жеткис жакшылыктарына ырайым кылган, ошол заттын буйругу менен таң атып күн баткан чыныгы жаратуучу Аллахка чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун жана Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн чыккан салаваттар жана саламдар болсун!

Оо Аллахым, сен мээримдүүлөрдүн мээримдүүсүң, боорукерсиң, ааламды ат-жандыктарга да, көзгө көрүнбөгөн чымын-чиркейге да ырыскыңды тегиз берүүчүсүң!

Аллахым бизди эң биринчи Өзүңө ылайык пенде, Пайгамбарыбызга ﷺ ылайыктуу үммөт, ата-энебизге татыктуу перзент, мекенибизге жоопкерчиликтүү атуул болуп, баарына акысын берип, кызмат кылуубузду насип кыл!

Оо Жараткан! Бизди жана бардык момун-мусулмандарды, ата-энебизди, бир туугандарыбызды эки дүйнө апаатынан, ар кандай балээ-кырсыктардан, пайдасыз нерселерден, заалымдардын зулумдугунан, жин-шайтандардын азгырыктарынан, шайтандашкан адамдардын жамандыктарынан, жаман сөз, суук көздөрдөн, текеберликтен, наадандыктан, жалган айтуудан, эки жүздүүлүктөн, бирөөнүн акысына кирүүдөн сакта.

Аллахым! Өзүңдүн казынаңдан бизге пайдалуу илим, мазмундуу өмүр, берекелүү ырыскы бере көр!

Жүрөктө ыйманыбыз бекем, ибадаттарыбыз жандуу болуусун насип кыл!

Аллахым! Бизди кечирилгис күнөөдөн, жуулгус арамдан, пайдасыз илимден, коркпос жүрөктөн, ыйлабас көздөн, жумшарбас дилден, оңолбос ниеттен, тойбос напсиден, кайтарылгыс карыздан, башканын акысына кирүүдөн, жан чыдагыс оорудан, оор кайгыдан, ашынган кыйынчылыктан, узакка созулган муктаждыктан, адамга зыян ачкачылыктан, авратты ачар жыңалачтыктан, дил ооруткан адилетсиздиктен, кабыл кылынбага дубадан сакта!

Аллахым! Эл башында турган бийлик башчыларыбыздын жүрөгүнө ыйман сала көр! Өз кызыкчылыгын ойлобогон, эли-жерибизге, тил-динибизге, Кыргызстан мамлекетибизге адилеттүүлүк менен кызмат кылган, элин-жерин сүйгөн эл башчылар келүүсүн насип кыл!

Оо Аллахым! Мамлекетибизге кимдин жаман ой-пикир, жаман көз караштары болсо алардын максатын иш жүзүнө ашыра көрбө! Алардын оюна тоскоол бол!

Биздин Кыргызстан дүйнөнү суктандырган, дүйнөдө тынчтык орношуна себепчи болгон мамлекет болуусун насип кыл!

Өлкөдөгү ар бир үй-бүлөдө бейпилдик, жакшылык,береке, ырыскы бере көр! Ошондой эле дүйнөдөгү мусулман элдеринин тынчтыкта, бейпилдикте жашоосун насип кыл!

Ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө патриоттуулук сезимин күчөт!

Он эки айдын султаны болгон-РАМАЗАН айынын урматына күнөөлөрдөн аруу кыл! Кармаган орозолорубузду, аткарган амалдарыбызды, кылган дубаларыбызды кабыл кыл! Бизге ар кандай нематтарыңды, кең ырыскыңды, пайдалуу илимиңди эки дүйнө тең тартуу кыл!

Оорууларга шыпаа, дарттууларга дабаа, сапарга чыккандардын сапарын байсалдуу кыл, карызы барлардын карызынан кутулуусун насип кыл!

Бизди мээримиңе бөлө! Биз да башкаларга мээримдүү болуубузду насип кыл! Сенден башка эч кимдин жардамына муктаж кылба!

Иштерибизди жөнгө сал, ар бир ишибизди ибадат ордуна кабыл ал! Натыйжасын берекелүү, алгылыктуу кыл!

Оо Жараткан! Бардык чектелүүчү сыпаттардан аруусун! Сени татыктуу түрдө даңктоого күчүбүз жетпейт. Өзүңдүн ырайымың менен өзүң ыраазы болгон пенделериңден кыл! Өзүң ыраазы болгон ибадаттарды кылууну, жардамыңды биздин үстүбүзгө коргоочулардан кыл!

Аллахым! Сени сүйүштү, сен сүйгөндү сүйүштү, сен сүйгөн ишти сүйүп кылууну насип кыл!

Аллахым! Кийинки Рамазанга жеткизүүнү насип кыл!

Амиин!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE