Динибизде сапардагы адамдын намазы

https://kyrgyzcha.site/?p=64882&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

بسم الله الرحمن الرحيم

Үйүңүздөн алыс чыккан учурда, башка шаар же өлкөгө келсеңиз, намаздарды кантип окуйм деген суроо жаралса керек.

Динибизде сапардагы адамдын намазы демейдекиден бир аз башкачараак, тактап айтсак, жеңилдетилген болот.

 

🛣️ Сапардагы адам бул — ким?

Ханафи мазхабы боюнча, адам өз үйүнөн 15 күндөн аз калуу максатында 90кмден же андан да алыс жерге чыккан болсо, ал сапардагы адам (муфасир-жолчу) болуп эсептелет.

Пример HTML-страницы

Демек, ушул таптан тарта ал кадимки намаздан айрымаланган сапардагы адамга тиешелүү намазды окуп баштайт.

Ал эми 15 күн, же андан көп убакытка сапарга чыкса, ал жолчу болуп саналбайт, демек, намазын адаттагыдай толук окуйт.

 

🛣️ Сапардагы адамдын намазы кандай окулат?

Сапарда жүргөн адам 5 убак намаздын ⁴рекет фарз намаздарын ²рекетке кыскартат.

Ал эми сүннөт намаздары боюнча ханафи мазхабынын ичинде мындай ²фикир айтылат:

1⃣Сүннөт намаздар толугу менен окулат.

2⃣Жеңилдетүү мааниси бардык намаздарга тиешелүү, ошондуктан, парз намаздар менен бирге сүннөт намаздар да кыскарат.

Айрым учурда окубай коюуга да мүмкүн.

³рекеттен турган шам намазы жана витр-важиб намазы кыскарбай толук окулат.

 

📖 Аллах Таала Куранда мындай дейт:

«Силер сапарга чыккан учуруңарда эгер каапырлардын жамандыгынан корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!» (Ниса 4/101)

 

⏹️Дагы айрым жеңилдиктер

Сапарда жүргөн адамга жума намаз жана айт намаздары фарз болбой калат.

Бирок өз каалоосуна карап, бул намаздарга барса болот.

Эгер сапардагы адам транспортто кетип бара жатса.

Эгер сапарда жүргөн адам учак же поездде кетип бара жатып, намаз окуу убагы келип, кыблага бурулууга такыр мүмкүнчүлүк жок болсо, отурган жеринде эле кыблага карагандай ниет кылып намаз окуй берсе болот.

Мүмкүнчүлүк болсо, унааны токтотуп, бардык шарттары менен окуган жакшы.

 

🚰Даараттагы жеңилдик

Сапардагы адамдын маасынын үстүнөн тартылган масх ³күнгө чейин жарактуу.

Ал эми мындай убакта ²⁴саатка гана жарактуу болуп саналат.

 

🛣️ Сапарда жүргөн адамдын каза намаздары кандай окулат?

Эгерде адам сапарда жүрүп намаздарын каза кылса, казаны ошол сапардагы окулган намаздарындай окуп, казасын берет.

Мисалы, бешим намазынын каза болгон ²рекет фарз намазы, аср намазынын каза болгон ²рекет фарзы, куптан намазынын каза болгон ²рекет фарзы жана башка ушул сыяктуу.

 

⚪️ Сапарда жүргөн адам жергиликтүү жамаат менен намаз окуп калса.

Эгерде адам сапарда жүрүп, ошол жердеги жергиликтүү тургундар менен жамаат болуп намазга турса, имамга уюп, кадимки окулган намазды окуйт. Бул учурда намаздар кыскарбайт.

Анткени ал имамга уюган болуп эсептелет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️