Ардактуу жана урматтуу бир тууганым!
★ Ырасында, сен Ислам дининин бардык кыйынчылыгына ыраазы болгонуңду билдирипсиң, бул кабарың менен бизге сүйүнүч жана дем-күч берип жатасың. Андай болсо буларды жакшылап ук:
★ Милдетиң – тикендердин арасынан гүл топтоо болсун. Жылаң аяк бутуңа тикендер кирет. Жылаңач колуңду сайгылайт. Буга сүйүнөсүң!
★ Фараондордун кучагында чоңойгон Мусаларды катарыңа кошосуң. Кошкондугуң үчүн сени токмоктошот. Ооз ачып сүйлөгөнүң үчүн сени зынданга салышат, ага сүйүнөсүң!
★ Чөлдөргө сүргүндөлсөң, каның менен дарак өстүрөсүң. Түндүк уюлга сүргүндөлсөң, денеңдин жылуулугу менен мөмө-жемиштерди өстүрөсүң. Мөмөлөрүңдү жактырбагандар болот. Тебелеп, тепсешет. Сен муну сабырдуулук менен карайсың!
★ Караңгы зынданга ташташса нур, үмүтсүз адамдарды көрсөң үмүт, ыймансыз жүрөктөргө туш келсең нур бересиң. Бергениң үчүн сени күнөөлөшөт, барганың үчүн сени жазалашат, сүйлөгөнүң үчүн сени соттошот. Буга шүгүр кыласың!
★ Апаңдан, досторуңан, жакындарыңан айрылсаң, жан-дилиң менен КУРАНГА жабышасың. Тамчы болсоң деңиз, жел болсоң куюнга айланасың. Дартыңды жазыш үчүн териңди кагаз, каныңды сыя кыласың. Эч ким менен жолуктурушпаса, Лейланы издеген сыяктуу Мажнун болуп чөлгө кетесиң. Ал жерден НУР издегендерди табасың. Табалбасаң өкүнбөйсүң!
★ Мапсап, байлык, бийлик беришсе, напсиңди унутасың…
★ Жалган жалаа, будуң-чаңга туш келсең, сезимдерге алдырбайсың… Алдыңа темирден тосмо курушса, тишиң менен тешип өтөсүң. Тоолорду казуу керек болсо, ийне менен казасың.
★ Унутпа, кайсы жерде болсоң да, ыймансыздыктын, сабатсыздыктын жана караңгылыктын тамырын түбү менен чиритесиң!
★ Бир күнү, КУРАНдын айланасындагы чептердин жыгылганын көрсөң, дароо сөөктөрүңдү таш, эттериңди ылай, каныңды суу кылып, айланаңа илимден, билимден, пазилеттен, адеп-ахлактан чеп курасың. Чептер курмандыкты талап кылат. Кандай болсо да, сен дагы ичинде курбан болгун! Бул катты окуганда Месневини окуган Юнус Эмире сыяктуу: «Мынча узун жазылган?» дешиң мүмкүн. Мынчалык узартуунун эмне кереги бар эле, кыскача “Курандын шакирти болосуң!” – десең жетмек, дешиң мүмкүн…
★ Туура айтасың. Анткени, Ислам жолуна кирген ар бир адам, бул жолдун кылдан ичке, кылычтан курч экендигин жана ар кишинин эмес, эр кишинин жолу экендигин билет. Сени бүткүл жан-дилим менен кучактап, көздөрүңдөн өөп, сен үчүн дуба кылам. Катымды аяктап жатып, Аллах ыраазы болгон чөйрөдө көрүшкөнгө чейин, жаңылыш жолдо жүргөн боордошторумдун кыска убакыт ичинде, сен сыяктуу туура жолго салуусун Жараткан Аллах тааладан суранам. Аамин.