ДААРАТТЫ БУЗА ТУРГАН НЕРСЕЛЕР

https://kyrgyzcha.site/?p=63398&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~ ДААРАТТЫ БУЗА ТУРГАН НЕРСЕЛЕР~

Бисмиллахир Рохманир Рохиим

 

✏ Адамдын алды- артынан чыккан нерселер дааратты бузат, бирок эркек менен аялдын алдынан жел чыккан учурда даарат бузулбайт. Эркек жана аялдын алдынан курт же таш түшкөн учурда даарат бузулат.

 

✏ Адамдын алды — артынан башка жеринен чыккан нерсе нажас (булганыч) болуп, чыгаары менен таза жерге жайылса, дааратты бузат. Эгер нажас болбой, таза болсо, даараты бузулбайт.

Пример HTML-страницы

������Мисалы: көздөн жаш, аялдардын эмчегинен сүт, денеден тер чыкса даараты бузулбайт, чыккан нерсе нажас болуп жайылып кетпесе даарат бузулбайт. Жаранын үстүнөн чыккан суу да, ириң да канга окшош дааратты бузат.

Эгер ошол кускан кандын түкүрүгү кызыл, суюк болсо, даараты бузулат. Ал эми түкүрүгү сары болуп чыкса даараты бузулбайт.

Кусунду кандан тышкары башка нерселерди, мисалы: жеген тамагын, же ичкен суусун кусса, же атайын кыйнап кусса, же болбосо уюп калган кан кусса, оозу толо болсо даараты бузулат, эгер оозу толо болбосо даараты бузулбайт.

Эгер какырык кусса даараты бузулбайт, ал баштан түшөбү же ичинен чыгабы оозу толо болсо да, оозу толо болбосо да даараты бузулбайт.

������ Дааратты бузбаган нерселер:

Мисалы: Акпаган кан, оозу толбогон кусунду, көз жаш, эмчектин сүтү, денеден чыккан терге окшогон нерселер, бейнамаз да кылбайт.

 

✏ Бир нерсеге жөлөнүп уктоо- дааратты бузат. Эгер ошол жөлөнгөн нерсени алган убакытта жыгылып кете турган даражада жөлөнүп уктаган болсо бузулат. Бирок ошол жөлөнгөн нерсени алган учура жыгылбай турган болуп уктаса даараты бузулбайт. Себеби, жөлөнгөн нерсеге салмагын салып уктаса, арты бошоп, жел чыгып кетиши мүмкүн. Эгер жөлөнгөн салмагы жерде болсо, арты кысылып туруп жел чыкпайт. Эгер турган, отурган абалда, же саждадагы абалда уктаса даараты бузулбайт. Жанбаштар уктаса даараты бузулат, себеби муундары бошоп жел чыгып кетиши мүмкүн.

 

✏ Эсинен тануу- акылын жоготуу. Эсинен танган, мас болгон учурда да даараты бузулат.

 

✏ Жинди болуу да дааратты бузат.

 

✏ Күлкү да дааратты бузат- Эгер рүкүлүү, саждалуу намаз болсо жана бойго жеткен болсо, Эгер бойго жете элек наристе бала болсо, күлсө да, даараты бузулбайт, же руку- саждасы жок намаз болсо;

������Мисалы: Жаназа намазында же тилават саждасында күлсө даарат бузулбайт.

Күлкү үч түрлүү болот.

Биринчиси — кахкаха

( каткырып күлүү ) : күлгөнүн өзү да угат, башкалар да угат. Бул дааратты да намазды да бузат.

Экинчиси — Захих

( жөнөкөй күлүү) — күлгөнүн өзү эле угат, алдындагы адам укпайт, бул күлкү намазды бузат, дааратты бузбайт.

Үчүнчүсү -Табассум кулүү ( жылмайуу) — күлгөнүн өзү да укпайт, алдындагы адам да укпайт. Бул жылмайуу дааратты да, намазды да бузбайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️