БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР
РАХИИМ!
ДААРАТТЫ БАШТАГАНДА ЖАНА БҮТКӨНДӨГҮ
ДУБАЛАР.
⭐ Дааратты: «Бисмиллаахир рохмаанир
рохиим» — деп баштоо керек.
⭐ Саъид бин Зайд (розияллооху анху)
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва
саллам) дан риваят кылат: «Ким «Бисмилла»
ны айтпастан даарат алса, анда анын даараты
болбой калат». (Тирмизи)
⭐ Бул хадистеги «Ким «Бисмилла» ны
айтпастан даарат алса, анда анын даараты
болбой калат» — дегендин мааниси, даарат
болот, бирок толук эмес болот. Башкача
айтканда сүннөткө ылайыктуу болбой калат.
ДААРАТТЫ АЛЫП ЖАТКАНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА.
⚫ «Аллоохуммагфир лии занби ва вассиъ лии
фии даари ва баарик лии фии ризкии».
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Менин күнөөмдү
кечир, кабырдагы үйүмдү кең кыл жана
ырыскыма береке бер! (Насаи)
ДААРАТ АЛЫП БҮТКӨНДӨ ОКУЛУУЧУ
ДУБАЛАР
⚫ «Ашхаду аллаа илааха иллаллооху вахдаху
лаа шариика лаху ва ашхаду анна
Мухаммадан ьабдуху ва расуулуху» .
✔ МААНИСИ: Мен Жалгыз жана Шериги жок
болгон Алладан башка ибадатка татыктуу зат
жок экендигине жана Мухаммад (саллаллоху
ьалайхи ва саллам) Анын пендеси жана элчиси
экендигине күбөлүк беремин.
⭐ Ким ушул дубаны даарат алгандан кийин
окуса, анда ал үчүн бейиштин сегиз эшиги
ачылат, ал кайсы эшиктен кааласа кире
берсин. (Муслим)
⚫ «Аллоохуммажьалнии минат тавваабиина
важаьалнии минал мутатоххириин» . (Тирмизи)
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Мени өтө көп тооба
кылуучуларга жана өтө таза жүрүүчүлөргө
кошкун!
⚫ «Субхаака аллоохумма ва бихамдика
ашхаду аллаа илааха илла анта астагфирука
ва атуубу илайка». (Насаи)
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Сен бардык айыптан
тазасың. Мен Сени мактаймын. Мен, Сен гана
ибадатка татыктуу зат экендигиңе күбөлүк
беремин. Сенден кечирим сураймын жана Сага
гана тооба кылып кайрыламын.