Пример HTML-страницы

Даарат китеби

https://kyrgyzcha.site/?p=58597&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим

 

كتاب الطهارة

Даарат китеби

 

فرض الوضوء غسل الوجه من الشعر إلى الأذن و اسفال الذقن

Даараттын биринчи парзы — бетти жуу. Бетти жуу дегенибиз үстү жагынан мандайдагы чач чыккан жерден, асты жагы ээктин астынан эки кулагына чейин, муруттары жана эки кашы да жуулат.

 

و يديه

Экинчи парзы — эки колун, чыканактарын кошуп жуу Эгер бармагындагы шакек кен болсо, кыймылдатып ичине суу тийгизүү сүннөт, эгер шакектин астына суу кирбей турган даражада тар болсо, аны кыймылдатып астына суу киргизүү — парз. Тырмагынын астында кир толуп, же камыр болсо, же аял заты колуна кынаа коюп алса, дааратка зыяны тийбейт. Кол-буттарын жууп жатканда, бармактарынын учунан баштап чыканактарына чейин жууп түгөтүү мустахаб.

 

و رجليه مع مرفق يه و كعبيه

Үчүнчү парзы -буттарын жуу, томуктарды кошуп. Эгер буту томугуна чейин же колу чыканагына чейин кесилген болсо андан жогору жагын жуубайт, эгер томугуна же чыканагына чейин калган болсо жуу важиб болот. Бутуна майды сүртүп анан даарат алса, май сүрткөн жери сууну сиңирбесе да даараты дурус болот.

 

و مسح ربع راسه

Төртүнчү парзы- баштын торттөн бирине масх тартуу Жамгырдын алдында даарат алып, жамгырдын суусу башына тийсе масхтын ордуна жүрөт

 

و كل ما يستر البشر من اللحية

Бешинчи парзы бетин сакал басып арасына суу кирбегидей коюу болсо сакалына масх тартуу парз. Эгер сакалы суйук болуп арасына суу кире турган болсо, сакалынын астына суу жеткирүү парз. Түшүндүрмө: Бетти жуу дегени, -даараттын парздарына гана жететурган суу бар болсо, бетти жуудан баштайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE