«ДААРАТ АЛУУНУН СЫРЛАРЫ»

https://kyrgyzcha.site/?p=63392&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«ДААРАТ АЛУУНУН СЫРЛАРЫ»

 

Даараттын, гусулдун,

тырмактарды алыштын,

муруттарды кыскартуунун

жана башка тазалыктардын

Пример HTML-страницы

сыры өзгөчө батыштыктар

тарабынан көпкө чейин бааланбай келген. Бирок

микробдун къч алышы

менен, жугуштуу оорулардын

пайда болушу

аныкталгандан кийин гана

Ислам дининин даанышман сырлары акырындап ачыла

баштаган. Кылымдар

өткөндөн кийин жүргүзүлгөн

изилдөөлөр аркылуу

исламдагы тазалыктын

маңызын туура түшүнө башташкан.

 

Пайгамбарыбыз Мухаммед

(САВ) келгенден баштап

Ислам дененин бардык

жагын тазалашты буюруп

келет. Ал эми микробдун

табылышынан мурун тазалыкка эмне үчүн

мынчалык маани берилген,

эмнеге кайра-кайра

тазалануу парз жана ыплас

адамды Алла Таала дагы

жактырбашы анча түшүнүктүү эмес болчу.

Медицина илими өнүккөндөн

кийин гана төмөнкү нерсе

анык болду: мусулман

эместер ойлогондой

Исламдагы даарат менен тазалык мусулмандар

жашаган чөлкөмдүн өтө

ысык болушунан эмес экен,

бул өкүмдөрдүн бардыгы

Улук Жаратуучунун сырдуу

баяны экен.

 

Ислам дини колду, ооз менен

мурундун ичин жуушту,

башка, кулакка, моюнга

сууну масх (сылоо) тартууну,

буттарды жуушту буюрат.

Булардан башка кээде важиб, кээде сүннөт катары

тулку бойдун жуулушу

буйрулат. Тиштерди тазалаш

үчүн мисвак колдонууну

сунуштайт. Мисвак — бул

жагымдуу жыты бар дарактын аты.

Пайгамбарыбыз (САВ) чачтуу

адамдарга чачтарын жууп,

тарап, май сүртүп тургула деп

айтчу. Өзү болсо бул тазалык

гигиенасын күн алыс кылчу. Сапарга чыгып калса, дайыма

күзгү, тарак сыяктуу

буюмдарды жанына алып

жүрчү. Ал «Кимдин чачы бар болсо, аны таза

кармасын» (Абу Дауд, Сунан 4163) деген.

 

Микробдор, жалпыбызга

маалым болгондой, дүйнөнүн

бардык жеринде бар.

Адамдын колу башка

органдарына караганда

көбүрөөк колдонулат, мисалы, учурашканда, тамак

жегенде, бирдеме алып,

бирдеме бергенде ж.б.

Ошондой эле, тулку бойду

тазалоодо дагы кол

колдонулат. Бул себептен ден соолукту коргоо менен

алек болгон адистер

адамдын колун микробдор

менен тыгыз байланышта

болгон орган катары

эсептешет. Колдо кичине эле жара ачылса, микробдор ал

жерге чабуул жасап,

инфекция кылып жибериши

мүмкүн, натыйжада адамдын

өлүмүнө чейин себепкер

болот.

 

Азыркы учурдун медицинасы

Исламдын колдорду жууш

тууралу өкүмдөрүн колдойт.

 

КОЛДОРДУН оозду жууш үчүн

оозго алпарылышынан

мурда суунун таза болушу,

даамы, жыты жана түсү

өзгөрбөшү керек

экендигиндеги сыр ушундайча аныкталган.

 

ООЗГО келсек, бул орган

шилекей бездерин,

тиштерди жана тилди

камтыйт. Тамакты чайноо —

алгачкы сиңирүү процесси

болуп эсептелет. Ооздогу микробдордун баары тамак

жана шилекей аркылуу

ашказанга барып, кээ бир

ооруларды пайда кылышы

жана ойдогудай сиңирүү

жүрбөй калышы мүмкүн.

 

Ашказанга байланыштуу

ооруларга чалдыккан

бейтаптарга доктурлар оозду

тазалап, тиштерин жакшы

кароолорун сунушташат

жана ооздогу бардык органдарды таза кармабай

койсо, ашказанга абдан

зыяндуу, абдан коркунучтуу

нерсе экенин кайра-кайра

эскертип турушат. Бул

себептен улам, Ислам ар бир тамактануудан кийин оозду

жууп, тиштердин арасын

мисвак менен тазалашты

сунуш кылат.

 

Ар бир даарат алууда

колдонулган мисвактын

зыяндуу микробдорду

өлтүрүшү жөнүндө

Пайгамбарыбыз (САВ): «Үммөтүмө кыйынчылык

бериштен тартын-

баганымда, ар бир

намаздан мурун мисвак

колдонууларын

буюрмакмын» — деген. (Бухари, Ыйман 26, Муслим,

Тахара 42). Бул жердеги

буйрук — парзды туюндурган

буйрук.

 

Суу менен оозду жууш,

мисвак менен, же манжалар

менен тиштерди укалоо

аркылуу ооздун ар

тарабында калып жыттанып

кеткен тамактын калдыктарын чыгаруу

мүмкүнчүлүгү пайда болуп,

ооз ичиндеги шилекей

бездери, капиллярдык

сосуддар жана кан тамырлар

күчтөндүрүлөт.

 

МУРУН — бул жыттоо жана

дем алуу үчүн жаралган

орган. Бул үчүн аба аркылуу

топуракта жана бүтүндөй

космосто жайылган абалда

болгон чаңдар менен микробдук мителер дененин

ичине кирет. Мына, адам

баласын бул коркунучтан

коргош үчүн Алла Таала

мурундун ичинде кээ бир

кылдарды кошо жараткан, бул кылдардын кызматы —

ошол зыяндуу микробдордун

өпкөнү көздөй кетишине, же

болбосо, кан каналдарынын

бирине киришине тоскоол

болуу. Тыштан мурунга кирген нерселердин

микроскоп аркылуу

байкалышынан биз

жогоруда айткан чындык

түшүнүктүү болот. Ошондо

гана Исламдын суу менен мурунду жакшылап жууш

керек деген буйругундагы

сыр ачылат. Анткени бул

зыяндуу нерселер аба

аркылуу өпкөгө кире албаса,

мурундун ичине жабышып, узак мөөнөткө калып калса,

мурундун ички чел

кабыгынын таштандылары

(чимкирик) менен бирге

ичкери кире баштайт. Бул

себептен улам оозду жууштан мурда бул зыяндуу

нерселерден мурунга суу

чуркатуу аркылуу кутулуп

алыш пайдалуу. Мына ушул

себептерден улам ар бир

даарат алганда бул нерселер үч жолудан кайталанат.

 

Ар бир даарат жана гусулда

ЖҮЗДҮН жуулушуна

токтолсок, мунун дагы

көптөгөн пайдалары бар.

Биринчиден, кол менен

сыйпап жууш терини күчтөндүрөт, баштагы

оордукту, чарчоону

басаңдатат, токтоп турган

канды тартипке келтирет,

кан каналдарындагы

кандарды кыймылга келтирет. Жүздөгү терди

жана тешикчелердеги

жыйналган ашыкча

нерселерди жоюп, терини

дем алдырат. Тер бездерин

тиешелүү өлчөмдө иштетет. Дене өзүн сергек сезе

баштайт. Азыркы мезгилдин

медициналык китептеринде

жүздөгү бардык органдарды,

айрыкча көздү жуушту

сунушташат.

 

Даарат алып атканда БАШТЫ

суу менен масх (сылоо)

тартууда абдан чоң

даанышман-сыр жатат: Мээ

дайыма кээ бир ой-пикирлер

менен алпурушуп, чарчайт, алсырап, кан тээп чыгат, бул

үчүн бираз суу менен масх

кылынганда, мээ кадимкидей

эс алып, ишмердүүлүгү артат

 

КУЛАКТАРДЫН ичине,

тышына, буралган жерине

жана МОЮНДУН эки тарабына

суу тартылышы дагы теринин

үстүндөгү кирлерди кетирип,

сасык тумоодон алдын алууда абдан пайдалуу.

Мындан тышкары, мээдеги

нерв тамырчаларына бул

масхтын пайдасы абдан көп.

 

БУТТАРДЫН жуулушу — оболу

тазалык үчүн. Анан

манжалардын арасындагы

тери тазаланбаса, көптөгөн

сезгенүү оорулары пайда

болот. Илимий изилдөөлөр аркылуу тетеноз деп аталган

фаталдык оорунун

микробдорун буттардагы

теринин батыраак

жуктурганы аныкталган. Бул

себептен улам, өзгөчө аскердик турмушта

буттардын жуулушу — эң

сонун алдын алуу чаралары

болуп эсептелет.

 

Ислам, ар бир намаз үчүн

даарат жок болсо, даарат

алышты, бар болсо

жаңылашты мустахаб катары

буюргандай гусулду дагы

шартка жараша парз кылган, жума жана майрам күндөрү

сүннөт кылган. Ырас, ислам

даарат сыяктуу гусулдун

кайталанышын буюрбайт,

анткени бул кыйынчылык

туудурат.

 

Гигиеналык шарттарга

ылайык аткарылган гусулдун

пайдалары абдан көп:

дененин кирин кетирет,

терини жумшартат,

жаңыртат, чарчаган нервдерди эс алдырат,

дененин, мээнин чарчаганын

жоёт, тер чыгарган бездерди

иштетет.

 

Пайгамбарыбыз (САВ) Абу

Дарда аттуу сахабага: «Тазалыкка көбүрөөк көңүл

бур, өмүрүң узун болот»,- деген. Пайгамбарыбыз

Мухаммеддин (САВ) окутуу-

сундагы даанышмандык

акыркы учурларда, медицина

өнүккөндөн кийин

түшүнүктүү болгон, демек, буга ылайык дайыма

тазаланып жуунуп туруу —

өмүрдү узартаары

далилденген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️