Дүнүйө жаманбы?

https://kyrgyzcha.site/?p=42111&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Дүнүйө жаманбы?

«Дүнүйөгө болгон сүйүү бардык каталардын башы болуп саналат.” (Хаким)

«Дүнүйө малун.

Бир гана Аллах үчүн болгондор мындай эмес.” (Ибни Маже)

«Дүнүйөнүн аркасынан жүгүргөн адам ач көз болот, дайыма жоктук ичинде айланып-тегеренип, иштери кыйындайт, насибинен көп нерсеге жете албайт.

Акырет үчүн эмгектенген адамдын иштери жеңилдейт, көңүлү байыйт, баш тарткан дүнүйөлүк нерселер да ага таважжух кылат.” (Тирмизи)

«Ой-арманы дайыма дүнүйө болгон адамдын Хактын алдында баасы жок.

Мунун машагы түгөнбөйт, кедейликтен кутула албайт, байлыкка жете албайт, чеги бүтпөс бош нерселер менен алектенет.” (Таберани)

«От отунду жегендиги сыяктуу дүнүйөгө болгон сүйүү дагы ыймаңарды жейт.” (И.Газали)

«Көңүлүнөрдү дүнүйө тууралуу сөз кылып алагды кылбагыла!” (Байхаки)

«Дүнүйө көтөргөн бардык нерсени Аллаху таала басмарлайт.” (Бухари)

«Аллаху таала бир адамга акыретти табуусу үчүн дүнүйөнү берет, бирок, дүнүйө үчүн акыретти берүүнү каалабайт.” (Дайлами)

«Аллаху таала дүнүйөнүн акыбетин желген тамактын акыбетине окшоткон.” (Таберани)

«Аллаху таала сени сүйүүсү үчүн дүнүйөдөн жүзүңдү бур! Элдин колун караба сени жакшы көрүшсүн.” (Ибни Маже)

«Акыреттен дүнүйөнү тандаган адам үч нерсеге дуушар болот. Кыйынчылыктары эч кемибейт, жоктуктан кутула албайт жана тою дегенди билбеген бир кумарга чалдыгып, эч качан бош убакыт таба албайт.” (Таберани)

«Бейишти каалаган адам жакшылыкка жүгүрөт, Тозоктон корккон адам харамдардан качат.

Өлүмдү күткөн адам дүнүйө лаззаттарын таштайт.

Дүнүйөгө берилгендерге азаптар жаайт.” (Ибни Хиббан)

«Аллаху таала бир кулуна жакшылык мурат кылганда аны дүнүйөдөн алыстатат, акыретке үндөйт жана кемчиликтерин өзүнө көрсөтөт.” (Дайлами)

«Билимсиз илимге, жол башчысыз хидаятка жетүүнү каалаган адам дүнүйөдөн баш тартсын!” (И.Газали)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️