— Көңүлүнө васваса келген адам — илгериде чоң даражаларга ылайык адам.
— Расулуллахтын балдары башыңардан төмөн карай ыпластык төксө да анын алдында турганда көңүлүнө тийбөө үчүн тазалоого белсенбегиле.
— Дүнүйө өмүрү Жаннатка окшобойт, бирок, Аллаху таала Жаннат бакчасына окшош бакча насип кылат, анын белгиси – зикир кылган тил, шүгүр кылган көңүл, жетеринчелик тиричилик, ырахат тура алчу үй, анан да түшүнүшө алчу өмүрлүк жолдош♥
— Акмактык пайда менен зыянын билбестик, оңун-солун билбестик, жакшы-жаманды айырмалай албастык болуп саналат. Жаханнамга кирген адам акмактыгынан улам кирет, жардан кулабоосу үчүн жүз миңдеген жип узатылууда.
— Ибадаттарды лаззат алып жатабыз деп орундабагыла, Аллаху тааланын буйругу болгондугу үчүн орундагыла.
— Напси баарынан жогору болгусу келет, энеден да, атадан да, устаздан да. Напсинин бир алсыз жери бар, өз баласын өзүнөн жогору жана жакшыраак көргүсү келет.
— Амри маруф нахйи мункар (жакшылыкка үндөө, жамандыктан кайтаруу) албетте өтө сооптуу, бирок, үч шарт менен болуусу керек:
1-Билүү (Илим ээси болуу),
2-Ал нерсени жеке өзүнүн да орундоосу,
3- Амри маруф нахйи мункарды жумшактык менен кылуу.
— Аллаху таала сүйгөн адамдардын төрт өзгөчөлүгү бар:
1- Халалдан табышат, ичкен-жегендери халалдан.
2- Жөнөкөй болушат, эч качан текебер болушпайт.
3- Көркөм мүнөздүү болушат.
4- Бардык адамдар менен тил табыша алышат, жүздөрү жарык.
— Напсинин азыгы – харам иш кылуу, напсиге бул азыкты бербестен динибиз уруксат берген нерселерди берүү менен алаксытуу керек, жада калса, алдоо керек. Напси мышыктын чычканды тешиктен чыгуусун күткөндөй күтөт, унутпайт.
— Үй-бүлөдө тил табыша албоонун булагы – аял жана эркектин бири-биринин укугуна маани бербестик.
— Таттуу тил – мусулмандын кооздугу, адилеттик – кул акысынын негизи, адилеттик болбосо тынчтык болбойт.
— Чыныгы шүгүр бардык нерседе Пайгамбарыбыздын «саллаллаху алейхи ва саллам” ахлагы менен сыймыктануу аркылуу болот♥