Чубак ажы Жалиловтон суроо жооптор

https://kyrgyzcha.site/?p=19615&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

 

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУН СУРОО-ЖООП САБАГЫНАН…

 

СУРОО: Кандайча бактылуу болом? Бактылуулукка кандай аныктама берсе болот?

 

Пример HTML-страницы

ЖООП: Дин менен жашап гана бактылуу болосуз. Аны бактылуулуктун даамын сезген адам гана айта алат. Намаз окуңуз, ибадат кылыңыз, Кудайды көп эстеңиз, ошондо гана бактылуу болосуз. Андан башка бактылуу көрүнгөн сезимдер алдамчы сезимдер. Түбөлүктүүлүк эмес.

 

СУРОО: Бойдон түшкөн балдар эмне болот? Эне күнөөкөр болбойбу?

 

ЖООП: Атайылап алдырган болсо, адам өлтүргөндөй эле күнөөкөр болот. Эгер адам калыбына келип анан түшкөн болсо, адам катарында болот. Ал эми уруктук абалында эле түшкөн болсо, адам катары эсептелбейт.

 

СУРОО: Жоолукчан кыздардын интернетке сүрөттөрүн койгону туурабы? Ушуга фатва берип койосузбу?

 

ЖООП: Жоолукчан кыздар көчөдө деле жүрүшөт. Аларды тыя албагандан кийин интернетке сүрөт койбо деп тыюу да туура эмес. Бул ар бир кыздын өзүнүн ыйманына жараша чечими. Ал эми бул тууралуу фатва берген парда жамынган өлкөлөрдө тыюу салынышы керек. Анткени, жүзүн жашыргандардын башка жерде сүрөтүн койгону туура эмес болуп калат. Бирок мында ошол мусулман кыздардын сүрөтүн башкалар башка максатта пайдалышы мүмкүн. Бул жагын да ойлонуу керек.

 

СУРОО: Күйөөм менен урушканда өзүмдү кармай албай, жаман сөздөрдү айтып алам. Кандай кылсам бул адатым калат?

 

ЖООП: Оозуңа кургак чай салып ал. Ошону чайнап жатып, жооп бергенге чамаң келбей калат. Мага чай алып келсең, дем салып берем. Өзүңдү кармашың керек. Даарат ал, намаз оку.

 

СУРОО: Бронхиалдык астма менен ооруган адамдарга аба жетпей калганда өпкө жолдоруна дары чачат. Ошол учурда орозо кармаса, бузулбайбы?

 

ЖООП: Бузулат. Мындай шартта орозодон бошотулат. Бирок, ден-соолугу жакшы болгондо ордун толукташы керек болот. Ден-соолугу жакшы болбой өтүп кете турган болсо, осуят калтыруусу важип болот. Калган мүлкүнөн ар бир күндүк орозосуна фидия берилет. Бул тууралуу оорулуу адамдын орозосу тууралуу жазылган китептерден окусаңыз, толук маалымат аласыз.

 

Аягы…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️