Алла Таала ырыскылардын адалын гана жешти буюрган. Анткени адам баласы таза болуп жаратылган. Денеде жайгашкан рухубуз ар дайым адал нерселерди талап кылат. Периштелер дагы ушундай. Ошондуктан арам нерселер Алла тарабынан аманат кылынып берилген ден-соолугузуду жана рухубузду бузат. Периштелердин бизден алыстоосуна себеп болот.
★Жаратылышта ар жаныбар өзүнө тийешелүү азык менен гана тамактанат. Койго эт, май жедирсек же арстанга чөп берсек, аларга зулумдук кылган болобуз. Ошондой эле адам баласынын дагы жей турган жана жебей турган азыктары бар. Эч бир жандыкка берилбеген бай жана түркүн-түстүү ырыскы адам баласына тартууланган. Бирок мынчалык көп ырыскылардын ичинен бардыгына эле эшик ачык эмес. Адамдын жанына, ден-соолугуна, жашоосуна жана үй-бүлөсүнө зыяндуу болгон нерселерге тыюу салынган. Анткени адам баласы таза болуп жаратылгандыктан, таза болгон нерселерге гана уруксат берилген.
🌙Ислам дини кээ бир жаныбарлардын этин адал, кээ бир жаныбарлардын этин арам кылып, арам жаныбарлардын этин жешке тыюу салган♥
Эти адал жана арам болгон жаныбарлар медицина жагынан изилденип келүүдө. Бул изилдөөлөрдүн натыйжаларында арам болгон жаныбарлардын эти ден-соолукка зыяндуу экендиги, адал жаныбарлардын эти болсо, пайдалуу экендиги байкалууда. Мына ошондой эле чочконун эти да Алла Таала тарабынан арам кылынган.
Чочко жаныбарлардын эң ыпыласы, ыпылас нерселерди жактырган, денесинде адамдын ден-соолугуна зыяндуу микробдорду ташып жүргөн айбан болгондуктан, анын этин жешке тыюу салынган!
Кураны Каримдин беш жеринде чочконун эти тууралуу айтылат:
“Алла Таала силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Алладан башкага аталып союлган нерселерди гана арам кылды.” (Бакара, 2/173)
“Алла Таала силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Алладан башкага аталып союлган нерселерди гана арам кылды.” (Нахл, 16/115)
“Силерге өлүмтүк, кан, чочконун эти, Алладан башка бирөөнүн жолунда союлган нерсе, муунуп өлгөн, уруп өлтүрүлгөн, бийик жайдан кулап өлгөн, (башка бир айбан менен) сүзүшүп өлгөн жана жырткыч айбан тиштеп өлтүргөн жаныбарлар арам кылынды.” (Мааида, 5/3)
“Эй Мухаммад айткын Мага вахий-кабар кылынган Куранда жей турган киши үчүн арам кылынган нерсени көрбөй жатам. Бир гана өлүмтүк, же төгүлгөн кан, же болбосо чочконун эти болсо, ал арам, же Алладан башкасы үчүн аталып мууздалган айбан болсо, ал дагы арам.” (Анъаам, 6/145)
Ал эми төмөндөгү аятта болсо, чочконун жагымсыз түспөлү жана ыпылас экендиги айтылат:
“Айткын:
“Силерге Алланын алдында мындан көрө жаманыраак “сооп” (жаза ала турган кишилер) жөнүндө кабар берейинби? Алар Алланын каргышына дуушар болгон, азабына кириптер болгон жана маймыл, чочколорго айлантылып коюлган, ошондой эле шайтанга кул болгон кишилер” (Мааида, 5/60)
Сахабалардын бири, Пайгамбарыбыздын төмөндөгү хадисин угуп, бизге мындайча жеткирген:
“Чындыгында Алла Таала жана анын Элчиси шарапты, өлгөн малдын этин, чочконун этин жана буттарды алууну да, сатууну да арам кылды” .
Чочконун эти жеке эле Ислам дининде эмес башка диндерде дагы арам болуп саналат. Мисалы, Иудаизм дининин китеби Тоораттын Тасния бөлүмүндө эти арам болгон айбандар тизмектелип келип: “… жана чочконун эти, анткени ал ача туяктуу, бирок кепшебейт. Ал силерге арам. Булардын этин жебейсиңер жана өлүгүнө кол тийгизбейсиңер” деп айтылат.(Тоорат, Тасния, баб 14/8)
Алла Таала ырыскылардын эң жакшысы менен тазасын жешти жана буларга ар дайым шүгүр кылууну буюрган. Анткени адал тамак дубалардын кабыл болуусунда эң чоң ролду ойнойт. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз мындай деген “Эч күмөнсүз Алла Таала таза жана бир гана таза болгондорду сүйөтЧындыгында Алла Таала пайгамбарларга буюрган нерселерди момун мусулмандарга да буюрган Алла аларга мындай деген “Эй пайгамбарлар, адал-таза даамдардан жегиле жана жакшы иштерди кылгыла!
Албетте, Мен кылып жаткан ишиңерди жакшы билемин.” (Момундар 23/51) ошондой эле: “Силерге ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден жегиле жана аларга шүгүрсүздүк кылып чектен ашпагыла, анда үстүңөргө Менин азабым түшөт. Менин азабым кимдин үстүнө түшкөн болсо, ал чыны менен эле жок болот” (Таха 20/81) Пайгамбарыбыздын дагы бир хадисинде узун жолго чыккан, чачтары үксүйгөн, башынан аягына чейин чаң, колдорун жогору көтөрүп:
“Оо кудай, оо кудай” деген адам жөнүндө мындай дейт:
“Бул адамдын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам анан кантип ушул адамдын дубасы кабыл болсун?”
Чочконун эти адамдын ден соолугуна зыяндуу экендиги медицина тарабынан дагы далилденген.
Доктор Glen Shepherd “Washington Post” газетасына 1952-жылы 31-майда жарыялаган макаласында мындай дейт:
“АКШ менен Канадада жашаган адамдардын 1/6 трихиноз оорусу менен оорушат. Анткени бул адамдардын баардыгы тең чочконун этин жешет. Ал эми трихиноз оорусун козгоочу трихина курттары эң көп чочконун этинде жашашат. Мындай оору менен ооруган адамдын сакайышы чанда болот. Өлүмгө учурагандары да кездешет. Кээ бирлеринин сол тарабы шал болот. Баардыгы тең чочконун этин жешкен. Бул сыркоонун даарылоо жолу жок. Тилекке каршы эч кандай антибиотиктер жана дары-дармектер бул майда мите курттардан арылта албайт. Буга каршы бир гана чара бар, ал да чочконун этинен алыс болуу.”
Азыркы учурга чейин кылынып келген илимий изилдөөлөр чочконун эти адамдын ден соолугуна ар кандай терс көрүнүштөрдү пайда кыларын далилдеп келүүдө. Мына ошолордун кээ бирлери:
а) Чочконун эти адамдын мүнөзүнөда таасирин тийгизет. Күнүмдүк ала турган протеинди чочконун этинен алган адамда “кыскануу” жана “кайраттануу” сыяктуу мүнөздөр өчө баштайт. Анткени айбандардын ичинен ургаачысын кысканбаган жалгыз айбан чочко экен.
б) Денедеги Е витаминин жок кылат. Мына ошондуктан гормондорго таасири тийип, адамдын сексуалдык жактан начарлашы байкалган. Айрыкча чочконун этинин мындай зыянын далилдеп эскерткендер күндөн күнгө көбөйүүдө.
в) Чочконун майы башка айбандардын майына салыштырмалуу өтө майлуу болгондуктан, анын майын көп жеген адамдын тамырларынын жээгинде холестеролдун топтолушуна алып келет. Ал эми башка айбандардын майларын жеген адамда мындай нерсе байкалган эмес.
г) Жогоруда айтып өткөндөй чочконун этинде трихина мите курттары болот. Бул мите курттар –20° даражадагы муздактыкта гана өлөт. Трихиналар –2, -4° даражада муздатылган чочконун этинде 250 күн, ал эми -15°даражада муздатылган этте 15 күн жашаган. Ал эми муздаткычтардын тоңдуруучу бөлүгү болгону -10° даражага чейин тоңдурат. Трихина куттарынын айынан АКШ жана Канадада өлкөлөрүнүн калкынын 18% пайызы трихиноз оорусуна чалдыгат. Чочконун этиндеги трихина курттары адамдын булчуңдарына жайгашып, кан тамырдын шишүүсү, нерв жана булчуң ооруларын пайда кылат. Эң коркунучтуусу, трихина курттары адамдын булчуңдарына жайгашкандан кийин аны өлтүрүү же андан тазалануу эч мүмкүн эмес.
Жогоруда айтылган баардык терс таасирлерди бир жакка коюп, биз мусулмандар чочконун эти зыяндуу болсун же болбосун Алла Таала арам кылган.
Алла Таала арам кылган нерсе эч шек-күмөнсүз пенделер үчүн зыяндуу жана андан алыс болуубуз абзел
Анткени адам баласын жараткан жалгыз Алла Таала жана өзү жараткан макулуктарына эмне пайдалуу, эмне пайдасыз экенин жакшы билет. Ошондуктан туугандар баардыгыбыздын Жаратуучубуз болгон Аллага моюн суналы
Билбестиктен мурун чочконун этин жеп жүргөндөр болсо, токтотсун!
Жегенге аракет кылгандар болсо, оюнан кайтсын. Көбүнесе адамдар “Мен кудайга ишенем жана андан өзүм үчүн бир нерселерди сурайм, бирок ал мага эч нерсе бербейт” дешет. Албетте жогоруда айтылып өткөн Пайгамбарыбыздын хадисиндеги адам сыяктуу жеген-ичкени арам болсо, кылган дубасы кантип кабыл болсун?
Адам канчалык арам нерсе жеген сайын, анын жүрөгү карайа баштайт. Жүрөгү карайган адамдын пейили бузулат.
Ыйманы качат.
Арам иштерге барат.
Алланын айткан буйруктарын аткарсак, арам менен адалды байкап жесек, албетте Ал биздин суранычтарыбызды сөзсүз түрдө орундатат♥иншаАллах