ЧЕНЕЛГЕН СААТТАР ЭМНЕГЕ АРНАЛГАН? 

https://kyrgyzcha.site/?p=41459&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЧЕНЕЛГЕН СААТТАР ЭМНЕГЕ АРНАЛГАН? 

Күн менен түндүн тез алмашып, зымырап өтүп жатканы тынчсыздандырат… Бул күндөр эмне менен өтүп жатат?

Бул күндөрү ким эмне менен алек?

Аллах тирүүлүктү оюн-күлкү менен өткөргөндөрдү Ыйык Куранда минтип эскерет:

«(Аллах тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» — деди.

Бир күн, же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» — дешти.

(Аллах) айтты:

«Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер. Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге

(сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?»

Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан) Бийик!» (23:112,116)

Алла Элчиси Мухаммед (саллаллооху алайхи ва саллам):

«Көп адам аларга берилген ден соолук жана убакыт деген эки мээримдин баасын билишпейт»,-дейт. (Бухари 6412)

Чындыгында, саламаттыгы чың, иш десе ишке, аш десе ашка тойбогон адамдар кубатын ибадатка эмес, бузукулукка, ыпылас жолдорго, же таптакыр

эле боштукка арнап жатышпайбы?!

Алла Элчисинин (саллаллооху алпйхи ва саллам) бул айтканы Аллахтан корккондор үчүн чоң эскертүү:

«Акыретте Аллахтын кулу 4 нерсеге жооп бермейин, буту бир орундан жылбайт. Ал 4 нерсенин бирөөсү убакытты кайда, эмнеге короткону тууралуу болот деп кошумчалаган». (Тирмизи)

Жашоо-бул кенч. Ким бул байлыкты Алла жолуна жумшаса, Акыретте эч кимден, эч нерседен жардам болбогондо ошол кенчттен жардам табат.

Кудай сактасын, тирүүлүктөгү берилген убакыт максатсыз, туура эмес

нерселерге жумшалса, Сурак күнү:

«Берилген мүмкүнчүлүктү жоготкон бизге күйүт!» -деп күйүткө батышат.

Күн менен түн бизди түбөлүк бакытка, же түбөлүк азапка алып

бараткан күлүк сыяктуу.

Биз күлүктү кай жакка багыттап жатабыз?

Такыбаа муундар убакытты үнөмдөгөнгө абдан аракет кылышкан. Өлүм алдында жатып да Куран окуп калайын деген салихтер болгон. Алардын бири

Жунейд бин Мухаммедге балдары:

«Өзүңүзгө ашыкча машакат кылбаңызчы?»-дешсе, ал:

«Мага менден артык кам көрүп, машакат чекчүлөр барбы?»-дейт.

Аль- Асвад бин Йазид түндүн көпчүлүк бөлүгүн намаз менен өткөрчү.

Жолдошторунан бирөө:

«Кичине эс алып алсаң боло?» -десе, ал:

«Ошо эс алганга аракет кылып жатам…»-дейт.

Суфьян ас-Саур мечитте жамаат менен сүйлөшүп отуруп, «Биз бул жерде

отурабыз, ал эми күн өз ишин бүткөрүп жатат»,-деп убакыттын кетип

жатканын эскертет.

Такыбаа пенделер күнү, түнкү убактыларын намазга, Куранга, илим алууга, Алланы зикр кылууга, ой жүгүртүүгө жана тирлик кылууга, уйкуга бөлүштүргөндө оюн-тамашага убакыт калбай калчу.

А биздечи?! Убакытты текке кетирүү деген эмне?

Узак уйкуда жаткандар, бекерчилик, шалаакылык, камырабастык баскандар,

адашкандар, ысырапкорлор, пайдасыз сөз, оюн-тамашадан чыга албагандар, түздөн түз күнөө болбосо да күнөөгө себеп болгон жыйындар Акыреттик

сооптордон куру калтырып, ийгилигибизди артка тартат…

Күнүбүздү иретке келтирген намаз болбосо, башка ишибиздин да ирети жок. Улуу Аллах мындай дейт:

«Албетте, намаз момун адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду ».

(4:103)

Кудай ыраазычылыгын издеп намазга турган момун намазынан кийин Куран окуп, зикр кылып ибадатын толуктайт. Күн көтөрүлүп, шоола ааламга

жайылганда ырыскысын издеп тирлигине аракет кылат. Намаз сааты келгенде, Кудайынын өкүмүн аткарууга турат.

Чыныгы момун ар бир ишинде Кудай ыраазычылыгын издейт?

Тирлигинде, адал ырыскы издеп, адал мээнет кылууга, андан башка учурда илим алууга умтулуп, бир хадис, бир аят болсо да окуп, билип калайын деп мүнөт-саат менен эсептешет?

Ар секунддун баасын баалап, эки дүйнөнүн ийгилигине жетишүүгө шашылат?

Мындай ашыгуу рамазан айында ого бетер ылдамдап, көз ирмемди

бекерге кетирбегенге тызылдап калат?

Албетте, муну чыныгы момун гана кыла алат?!

Урматтуу окурман, Рамазан айы такыбаалыктын мектеби. Ушул айда жаман адатыңызды оңдоп, жакшы мүнөз, адеп, адатты калыптандырып калууга зор

мүмкүнчүлүк берилген.

Рамазан- эң сонун тарбиячы?

Келиңиз, тарбия айын утурлай жакшы иштерге умтулуубузду күчөтөлү.

Убакыт, сааттарыбызды иретке келтирип, боштукка жол бербейли. Кирпик ирмелген убактыбыз да Кудайдын ыраазычылыгында болсун!

Оо, Кудайым! Ар мүнөтүбүз Сенин ишиң менен өткөрүүгө жардам бер.

Бизди такыбаалыктын мектебине жеткире көр!

Такыбаалыктын мектебинде жашата көр. Өзүң берген сааттарды Өзүң ыраазы

болгондой өткөрүүбүзгө жардам бер. Биз Сенин жардамыңа муктажбыз!

Булаяттагы “момун адамдар үчүн” жана “өз убактысында” деген сөздөргө көңүл буру зарыл.

Намаз момун (ыймандуу) адамдын ыйманы үчүн тараза сыяктуу?

Эгер адамдын ыйманы таза болсо, намазы толук, сапаттуу болот.

Ыйманы начар болсо намазы дагы эптемей болот.

Намаз — ыймандуу кишилер үчүн, балакат жашына жеткен ар бир эркек-аялга “өз убактысында окулуучу парыз” инншаАллах!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️