Бул хадисте бардык суроолоруңа жооп табасын. Бул хадисти бекем карман, аны менен жаша, өкүнүчтө калгандардан болбойсун!
— Мени күнөөлөрүмдөн эмне тазалайт?
— Көз жаш, баш ийүү жана оору.
— Кайсы жакшылык Аллах алдында жогору?
— Жумшак мүнөз, жөнөкөйлүк жана кайгыларга кайрат кылуу, тагдырга ыраазы болуу.
— Кыямат күнү Аллахтын каарынан коопсуз болгум келет.
— Аллахтын жараткан нерселеринин бирөөнө да ачууңду келтирбе.
— Дуаларымдын кабыл болушун каалайм.
— Арам тамактан алыс бол, дуаларың кабыл болот.
— Күнөөлөрүмдүн азаюусун каалайм.
— Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле, күнөөлөрүң аз болот.
— Адамдардын арасында мартабалуу болууну каалайм.
— Иштерин тууралуу адамдарга даттанба.
— Ыйманым толук болуусун каалайм.
-Мүнөзүңдү жетиштир(оңдо), ошондо ыйманың толук болот.
— Күнөөлөрдөн таза абалда Аллахтын алдына баргым келет.
— Гусулуңду (толук жуунуу) кемтиксиз ал.
— Адамдардын эң жакшысы болгум келет.
— Адамдар үчүн пайдалуу бол, эң жакшысы болосун.
— Эң адилеттүү болгум келет.
— Өзүңө каалаганды өзгөгө да ыраа көр, баарынан да адилеттүү болосун.
— «Адамдардын арасынан эң билимдүү болгум келет» — деди бадави.
— «Аллахтан корк, ошондо эң билимдүүлөрдөн болосуң» — деп жооп берди Аллахтын элчиси.
— Адамдардын арасынан эң бай болгум келет.
— Аллах берген нерселерге канаат кыл, баарынан бай болосун.
— Аллахтын алдында өзгөчө болгум келет.
— Аллахты көбүрөөк эсте, Анын алдында өзгөчө болосун.
— Шугур кылгандардан болгум келет.
— Аллахка Аны көрүп тургандай ибадат кыл, Аны сен көрбөсөң да, Ал албетте сени көрүп турат.
— Кыямат күнү Аллах мени нур ичинде тирилтүүсүн каалайм.
— Эч кимге зулум кылба жана басынтпа, нур ичинде тирилесин.
— Кыямат күнү Аллах мага мээримдүүлүк кылуусун каалайм.
— Өзүңө жана Аллахтын кулдарына мээримдүү бол.
— Аллахтан ырыскымдын көбөйүүсүн каалайм.
— Дайыма дааратың бар абалда бол.
— Аллах жана Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) сүйүүсүнө татыктуу болгум келет.
— Аллах жана Пайгамбарыбыз (С.А.В.) сүйгөн нерселерди сүй. Аллах жана Пайгамбарыбыз (С.А.В.) жаман көргөн нерселерди жаман көр.
— Кыямат күнү Аллах калайыктын арасында мени уят кылбоосун каалайм.
— Өзүңдү зынакорлуктан сакта.
— Аллах менин кемчиликтеримди кыямат күнү жашыруусун каалайм.
— Диндеш бир туугандарыңдын кемчиликтерин жашыр.
— Аллахтын алдындагы эң жаман жорук кайсы?
— Корс мүнөз менен ач көздүк.
— Бул дүйнө жана Акыретте Аллахтын каарын эмне азайтат?
— Садаганы жашыруун берүү жана туугандык катнаштарды жандандыруу.
— Кыяматта тозоктун отун эмне өчүрөт?
— Орозо тутуу.
(Канзул Уммал китебинен алынган).
— Сооптуу амал кылууну каалайм.
— Ушул постту башкаларга жеткир(бөлүш), сооптуу иш кылган болосуң.