Бул дүнүйөнүн жана акыреттин жакшылыгына жетүүдөгү алтындай кымбат мүмкүнчүлүктөр♥
Аз амал кылып, көп соопторго жетүү- инсан үчүн кандай улуу бакыт♥
Инсандын жан дүйнөсү амал , иш -аракет , сооп иштерде жарышуу майданында албан албан ийгиликтерге , улуу жеңиштерге жетүүсү ал үчүн кандай кубанычтуу♥
Төмөндө аз амал болсо да , ал үчүн көптөгөн сооптор бериле тургандыгы тууралуу Пайгамбарыбыздын хадистеринин бир тобун келтиребиз:
«Ким таңкы намазды жамаат менен бирге окуп , андан соң күн чыкканча Аллах тааланы эстеп зикир кылып , андан соң эки рекет (напил) намаз окуса, ага ажылык менен умра кылгандын сообу толук, толук, толук иретте берилет»♥
«Ким эки салкын убактагы намазды окуса бейишке кирет» ♥ (Багымдат, аср намаздары)
«Ким Аллах таала үчүн бир күн орозо тутса, Аллах Таала андан тозок отун жүз жылдык аралыкка алыстатып коет»♥
«Ким Аллах тааланын жолунда бир кишини казатка дайындаса, чындыгында ал өзү казатка чыккан болот жана ким казатка чыккандын үй -бүлөсүн жакшы караган болсо, ал да казатка чыккан болот»♥ ( б.а. сообун алат)
«Ким Бешим намазынан мурда жана андан кийин төрт рекет (сүннөт) окуса , Аллах таала аны тозок отуна арам кылат»♥
«Ким : «Субхааналлохи ва бихамдихи» – деп бир күндө жүз ирет айтса, анын күнөөсү деңиздин көбүгүндөй болсо да, өчүрүлөт»♥
«Ким ар бир намаздын аягында аятул курсийди окуса, анын бейишке кирүүсүн бир гана өлүм тосуп турат»♥
«Ким таң аттырганда жана кечке киргенде мага он жолудан салават айтса, кыямат күнүндө ага шапаатым жетет»♥
«Ким бир күнү- түнү менен биргеликте он эки рекет ыктыярдуу (напил) намаз окуса, Аллах таала ага бейиштен бир үй курат»♥
«Ким арапа күнү орозо тутса, Аллах таала анын эки жылдык күнөөсүн , (т.а.) өткөн жыл жана келерки жылдык күнөөсүн кечирет»♥
«Ким – Кул хуваллоху ахад- сүрөсүн он жолу окуса, Аллах таала ага бейиштен бир үй курат»♥
«Тозок отунан курманын жарымы менен болсо да өзүңөрдү куткаргыла.
Эгер аны таба албасаңар , анда жакшы сөз менен болсо да»♥
«Ким Аллах тааланын китебинен бир тамга окуса , ал үчүн бир сооп алат.
Ал эми бир сооп он эсеге барабар.
Мен: «алиф лам мим» бир тамга деп айтпаймын, бирок «алиф» бир тамга , «лам» бир тамга жана «мим» бир тамга»♥