Бул буйрук Алла Таала үчүн итаат

https://kyrgyzcha.site/?p=58093&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*?Бул буйрук Алла Таала үчүн итаат, Адам (Алланын саламы болсун) үчүн салам болду*

 

_Аалымдардын бир тайпасы Адамга (Алланын саламы болсун) сажда кылуу, ага салам берүүнүн ордунда деген. Ошондуктан, мурдагы үммөттөрдө сажда кылуу салам берүүнүн ордуна жүрөт эле. Биздин шариятта бул жараксыздыкка чыккан._

 

_Имам Тирмизи келтирген рабаятта, Муаз бин Жабал (Алла андан ыраазы болсун) мындай деди: «Шам шаарына бардым, алар өз аалымдарына сажда кылгандарын көрдүм. Анан: «Оо, Алланын Элчиси, (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сага сажда кылуу ылайыктуураак», дедим. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Жок, эгер мен инсанды инсанга сажда кылууга буйруганымда, аялдарынын үстүнөн акылары көп болгону үчүн, аларды эрлерине сажда кылууга буйрумакмын», деген._

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️