«Бисмиллах» – ар жакшылыктын башталышы

https://kyrgyzcha.site/?p=41640&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«Бисмиллах»

Канчалык түгөнбөс чоң бир кубат жана канчалык бүтпөс бир береке♥

«Бисмиллах» – ар жакшылыктын башталышы

Биз да эң оболу аны менен баштайбыз.

Билгиң, эй, напсим! Ушул куттуу сөз Исламдын белгиси болгон сыяктуу бүткүл жаратылган барлыктардын «абал тили» менен ар дайым кайталап айткан зикири.

«Бисмиллах» – канчалык түгөнбөс чоң бир кубат жана канчалык бүтпөс бир береке болгонун түшүнгүң келсе, төмөнкү мисал менен айтылган окуяны кара, ук, тыңша… Мындайча:

Көчмөн арап чөлдөрүндө саякатка чыккан адамга каракчылардын зулумдугунан кутулуу үчүн жана керектүү нерселерин издеп табуу үчүн, бир уруу башчысынын наамын алуусу жана анын карамагына кирүүсү керек.

Антпесе, коколой жалгыз башы менен чексиз душмандарга кор болуп, муктаждыктарынын алдында бушайман болот.

Мына ушундай бир саякат үчүн эки адам жолго сапар тартышты. Алардын бири кичипейил эле, экинчиси меменсинген.

Кичипейилдүүсү бир уруу башчысынын наамын алды (карамагына кирди), а менменсингени болсо албады.

Наамды алган (кичипейил адам) баардык жерде сак-саламатта жүрдү. Жолун тоскон талап – тоноочуларга туш келсе:

«Мен баланча уруу башчысынын наамынан кыдырып жүрөм (жана анын карамагындамын)» – деп айтат.

Каракчылар дароо чегинишип, тийише алышпайт.

Бир чатырга кирсе ошол наам менен сый – урматка ээ болот.

Тигил менменсинген болсо, бүткүл саякатында айтып бере алгыс балээлерге туш болот.

Дайым калтырап-титиреп, дайым тилемчилик кылаар эле.

Ошентип, кор болду жана өтө пас болду.

Мына, эй, менменсинген напсим! Сен ошол саякатчысың.

Бул дүйнө болсо бир чөл.

Алсыздыгың менен жардылыгың чексиз.

Ал эми душмандарың менен муктаждыктарың болсо түгөнгүс.

Ырас, ошондой болгон соң, бул чөлдүн (бул дүйнөнүн) Түбөлүктүү Ээси жана Хаким-и Эзелизи болгон Аллахтын наамын ал.

Ошондо гана баардык нерсеге тилемчи болуудан жана ар бир коркунучтуу окуя алдында калтырап-титирөөдөн кутуласың.

Ооба, бул сөз ушундай берекелүү – куттуу казына: сенин чексиз алсыздыгың жана жардылыгың сени чексиз кудуретке жана ырайымга байлап, Кадыры – Рахимдин (Өтө Кудуреттүү жана Өтө Ырайымдуу Аллахтын) алдында алсыздыкты, жардылыкты эң мыкты шапаатчы кылат.

Ооба, ушул сөз менен аракет кылган бирөө ушундай бир адамга окшойт: Аскерликке кабыл алынат.

Өкмөттүн наамынан аракет кылат.

Эч кимден тайманбастан:

«Мыйзамдын наамынан, Өкмөттүн наамынан» – деп каалаган ишти аткарат, баардык нерсеге каршы туруштук бере алат.

Башында:

«Бүткүл жаратылган нерселер «абал тили» менен «Бисмиллах» дешет» дедик элек.

Ошондойбу?

Ооба, эгерде бир адам келип, бүткүл шаар тургундарын мажбурлап, бир жерге алып барып, аларды зордоп иштеткенин көрсөң, анда бул адам өзүнүн күчү жана өзүнүн наамынан иштеттирбегенин ачык-айкын билесиң.

Демек ал бир өкмөт адамы. Өкмөттүн наамынан аракет кылат.

Бир падышанын күч-кубатына таянат.

Дал ушул сыяктуу эле баардык нерсе Аллахтын наамы менен иштейт, аракет кылат:

Майда күкүм сымал уруктар менен үрөндөр баштарында (үстүлөрүндө) чоң – чоң дарактарды, тоодой болгон жүктөрдү көтөрүп турушат.

Демек, ар бир дарак «Бисмиллах» деп, Аллахтын Рахмет казынасынын мөмөлөрүнөн колдоруна толтурушуп, бизге тартуулап жатышат.

Ар бир бакча «Бисмиллах» дешип, алар, түркүн-түрдүү ар кандай даамдуу тамактар ичинде бирге (бир эле учурда) бышырылып жаткан Аллахтын Кудурет ашканасынын «казаны» болуп саналат.

Ар бир уй, төө, кой, эчки сыяктуу берекелүү жаныбарлар да «Бисмиллах» дешип, алар Аллахтын мээримдүүлүк казынасынан чыгып жаткан сүт булагы болот.

Бизге Раззак атынан мүрөк суусу сыяктуу эң назик, эң таза азыктарды сунууда.

Баардык өсүмдүк, дарак жана чөптөрдүн жибектей жумшак тамырлары менен өзөктөрү да «Бисмиллах» дешип, катуу болгон таш топуракты жарып өтөт.

«Аллахтын наамынан, Рахмандын наамынан» дешип, аларга ар нерсе баш ийет.

Ооба, абада бутактардын жайылып өсүүсү менен мөмө берүүсү сыяктуу, ошол катуу таш менен топурактын астындагы тамырлардын кыйналбастан, ээн эркин, өтө оңойлук менен жайылуусу, жемиш берүүсү жана да кактаган ысыкта назик, жапжашыл жалбырактардын узак айлар бою нымды сакташы баарын «Табият жаратты» деген Табиятчынын оозуна өтө катуу токмок урат.

Көр болгурдун көзүнө сөөмөйүн саят да дейт:

«Сен ишенген катуулук менен ысыктык да Аллахтын буйругу астында аракет кылышат, анткени, ошол жибектей жумшак тамырлар, Муса (А.С.)дын аса таягы сымал:

1. Буйругуна бай ийүү менен катуу таштарды да жарат. Ошондой эле, тамекинин кагазындай жука, үлбүрөк жалбырактар Ибрахим (А.С.)дын дене мүчөлөрүндөй от чачкан ысыктыкка каршы

2. Ар аятын окуп жатышат. Ооба, баардык нерсе өз тили менен «Бисмиллах» деп, Аллахтын наамынан Аллахтын белектерин алып келип, бизге берип жатышкан соң, биз дагы «Бисмиллах» дешибиз керек. Аллахтын наамынан менен берип, Аллахтыннаамы менен алышыбыз керек.

Андай болсо, Аллахтыннаамынан бербеген кайдыгер (наадан) адамдардан албашыбыз керек.

Суроо:

Ортомчулук милдетин аткарган сатуучуларга кандайдыр бир баада акы төлөйбүз. Ал эми чыныгы мүлктүн ээси болгон Аллах, бизден кандай акы талап кылат?

Жооп:

Ооба, чыныгы ырыскы берүүчү Аллах, ушундай кымбат сыйлыктары үчүн бизден үч нерсе талап кылат.

Биринчиси – зикир, экинчиси – шүкүр, үчүнчүсү – пикир.

Башында «Бисмиллах» – бул зикир.

Аягында «Алхамдулиллах» – шүкүр.

Ал эми ортосундагы болсо, ушул өтө баалуу, таң калыштуу өнөрлөр болуп эсептелген белектер — Ахад, Самад болгон Аллахтын кудуреттинин мужизасы жана ырайымынын белектери экенин ойлонуу жана түшүнүү – пикир болуп саналат.

Бир падышанын кымбат баалуу белегин сага алып келген бир бечара адамдын бутунан өөп, сыйлыктын чыныгы Ээсин таныбоо кандай гана акмакчылык болсо, дал ошондой эле, сыртынан караганда сыйлыктарды берип жаткан сыяктуу көрүнгөндөрдү мактап, аларды жакшы көрүп, чыныгы сыйлык Ээси болгон Аллахты унутуу бул андан миң эселеген акмакчылык болот.

Эй, напис!

Ушундай акмак болгуң келбесе, Аллахтын наамы менен бер,

Аллахтын наамы менен ал,

Аллахтын наамы менен башта,

Аллахтын наамы менен иште.

Саламатта бол.

Рисале-и Нур

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️