Билесинби эмне үчүн ѳлүмдүн келээри белгисиз?…

https://kyrgyzcha.site/?p=50063&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Билесинби эмне үчүн ѳлүмдүн келээри белгисиз?…

 

Аягына чейин окуп чыкканча эринбегин. Анткени сен ѳмүрүңдѳ укпаган маалыматтар жазылган. Сенден ѳтүнѳѳрүм ушул маалыматты башка мусулмандарга жеткирүүгѳ кѳмѳктѳшѳ кѳр…

 

Албетте мындай жакшылык иштерде жарышуу керек. Анткени акыретте баарыбыз соопко муктажбыз…

 

Мусулман бир тууганым Аллах бизден өлүмдүн убагын эмне себептен жашырып койгондун даанышмандыгы эмнеде экенин билесиңби?…

 

Баарыбыз өлүмгө ишенебиз жана анын чындык экенин билебиз. Бул жер бетиндеги өмүр сүргөн адам баласы кайсы ишенимде болбосун, кайсы материкте болбосун, кайсы рассадан болбосун баары бир ооздон өлүм хак (акыйкат) экенин танышпайт. Ошондой эле ар бир тирүү жан өлүмдү татуучу экени баарыбызга айкын. Жер бетиндеги тирүү жандын баары бул жер бетинде убактылуу жашаган конокпуз.

Ошондой эле билбейбиз ажал бизди кайсы күнү, кайсы убакта жана кай жерде алып кетерин.

Эгер Аллах Ар бирибизге кайсы убакта өөлөрүбүздү кабарлап койгондо, балким биз бул азгырык дүйнөдө туура эмес кунөө иштерге барып коймок белек. Өлүм убагына аз калганда кылган иштерибизге тообо кылып, ыйманыбызга кайра жаңылаганга жетишип калмакпыз деген үмүттө. Бирок Улуу Жараткан ал нерсени каалабады. Бул даанышмандыгынын себеби биз инсандар үчүн эле пайдалуу. Анткени бир көзүбүз менен бул дүйнөгө карасак, экинчи көзүбүз менен акыретке карайбыз.

Ошондуктан Аллахтын бардыгына өлүмдүн хактыгына (акыйаттыгына) ишенген момун адам кунөө иштерден өзүн оолак кармайт. Анткени ал билбейт кайсы убакта өлүм келээрин. Эгер күнөө ишке барса тообо кылганга үлгүрөмбү же күнөө иштин үстүндө өлөмбү деген ой анын тынчын алат. Мына ошондуктан ал бул жашоодо түз жана таза жүргөнгө аракеттенет.

 

Аллах Таала куранда айтат: » Баардык жандар өлүм даамын татышат жана кыямат күнү ар биринерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) Ким тозок отунан куткарылып, бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Ал эми бул дүйнө жашоосу тек гана убактылуу азгырык». ( «Аалу — Имран» суроосу 185).

Түшүндүрмөсү: Жер бетиндеги дем алган тирүү жан ажалы жеткенде өлүүчү. Ислам аалымдары өлүмдүн даамы ачуу дейт. Аны ар бир тирүү жан ажалы жеткенде даамдайт. Эсеп күнү ар бир адамдын кылган ишине жараша жазасы берилет. Ал күнү инсандын кыпындай жакшылык иши да, жамандык иши да унутулбайт. Мына ошол күнү кимдин эсеп таразасы оң жагына ооп, сооп иши көп болсо тозок отунан алыстатылып , бейишке кирет. А бул дүйнө жашоосу түбөлүк эмес. Ошондуктан дүйнө артынан сокур адам сыяктуу ээрчибе. Адам баласы бул дүйнөгө жолго чыккан мусаапыр адам сыяктуу жана конок. Дүйнөнү, байлыкты алгын, бирок жете турган жериңе чейин гана.

 

Аллах Таала куранда айтат: » Акыйкатта кыямат күнүнүн мөөнөтун Аллах гана билет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир да жан эртең эмне болоорун жана кайсы жерде өөөрун билбейт. Акыйкатта Аллах — Билүүчү жана Кабардар». ( «Лукман» суроосу 34).

Түшүндүрмөсү: Бул жерде беш нерсени эскерип өттү:

 

1) Кыямат күндүн качан болуусу; Аны Улуу жараткандан башка эч ким билбейт жада калса периштелердин улуусу Жабраил (алейхи салам) да Пайгамбарлардын шарапаттуусу Мухаммед (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) пайгамбар да билбейт.

 

2) Жаандын качан жана кайсы убакта кайсы жерге жаарын бир гана Аллах билет. Бирок замандын өнүгүүсүнө, техникалардын жетишкендигине карабай синоптиктер ыктымалдуу түрдө гана айта алышат. Шамалдын ылдамдыгына карата. Тилеке каршы көп убакытта алар жаңылышат.

 

3) Эненин курсагындагы баланы Аллахтан башка эч ким биле албайт. Бул да техниканын жана аппараттын өнүгүүсүнө карабай айта албайт. Мисалыга 4 айда ага жан (рух) берилет. Аллах анын уулдук же кыздык белгилерин жаратмайынча аныктай алышпайт. Ошондой эле анын качан төрөлүшүн жана анын бул дүйнөгө тируүү же өлүү келерин Аллахтан башка эч ким билбейт. Анын бул дүйнөдө бактылуу же бактысыз, ырыскысы кенен же тар, өмүрү узун же кыска болушун тек гана бир Аллах билет.

 

4) Инсандын жашоосунда эртең эмне болоорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Эртең ал бул дүйнөдө бар болобу же жок болобу бир Аллах билет.

 

5) Адам баласынын кайсы жерде жана кантип өөөрүн Аллахтан башка эч ким билбейт. Балким, ал тоодо, балким сууда, балким чөлдө, балким жол кырсыгында айтоор билбейбиз.

 

Аллах Таала куранда айтат: » Эгер алардын ажал мөөнөту келгенде, алар (ажалы жеткен адамдар) аны(ажалды) бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт». («Нахл» суроосу 61).

 

Тушундурмосу: Эгер инсандын ажал сааты жеткен болсо ал аны бир секундка да кармай албайт же болбосо кечиктире албайт. Же болбосо инсан ажал саатынан мурда өлбөйт. Мисалыга өзүн өлтүрөм дегендер ажалы жеткен эмес болсо ал адам өлбөйт. Бирок кылган ишине жараша өлүмүн майып болуп инвалидный коляскада же болбосо өлүм төшөгүндө жатып өлүм сааты келгенче жашашат.

Бул жашоодо канча адамдарды көрүп жүрөбүз, өтүүчү жолдон башка адамдардан бир аз эрте баса койот же болбосо бир аз кечигип баса койот. Мына ошондо аны машине түртө кетет. Аны көргөн адам биз менен эле басканда ушул нерсе болмок эмес дейт. Жок андай эмес, андай болмок да эмес. Анткени бул нерсе анын тагдырына жазылган ажалы ошол убакытта ошол жерде айтылган.

 

Дагы айта кете турган нерсе хадистин маанисинде келет ырыскы менен ажал окшош. Ажал адамды өлүм саатында кандай кууп жете турган болсо, инсандын тагдырына жазылган ырыскы да аны ошондой кууп жетет. Инсан бул дүйнөгө төрөлө элек кезинде ырыскысы жазылат ошондуктан ачкалыктан өлөм деп коркпоо керек. Сенин ырыскын түгөндү дегенче ажал сени алып кетет. Ошондуктан канчалык байлык топтобо сен андан тагдырына жазылган гана ырыскыны аласын ал эми калганы башкалардын ырыскысы.

 

Аягында пайгамбарыбыздын дубасы менен бүтүрөлү.

Оо Аллахым, Сен биздин жаныбызды ала көрбө, качан Сен бизден ыраазы болмоюнча.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️