БЕШИКТЕГИ БАЛАНЫН СҮЙЛӨӨСҮ ТУУРАСЫНДА ОКУЯ

https://kyrgyzcha.site/?p=66266&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БЕШИКТЕГИ БАЛАНЫН СҮЙЛӨӨСҮ ТУУРАСЫНДА ОКУЯ

 

Бул хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бешиктеги ымыркай кезинде сүйлөгөн үч бала жөнүндө айтып берген. Алардын биринчиси Иса пайгамбар, экинчиси Журейжтин окуясындагы бала. Ал эми үчүнчүсү мына ушул окуяда айтылган эмчектеги ымыркай.

 

Бул окуяны Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып берди: «Бану Исраил коомунан болгон бир аял баласын эмизип отурганда, анын жанынан кооз кийинген, жакшы аргымак минген бир киши өтөт. Аны көрүп аял: «Оо, Аллах! Менин баламды ушул кишидей кыл» – деп дуба кылат. Эмчек эмип жаткан баласы эмчекти таштап, жанагы атчан кишини карап: «Оо, Аллах! Мени бул кишидей кылба» – деп дуба кылат да, кайра кайрылып эмчек эмип калат.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, окуяны айтып берип жатып, мындай деди: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, карасам сөөмөйүн соруп, көрсөтүп жатыптыр».

Пример HTML-страницы

Кийин ал аял баласы менен бир күң аялдын жанынан өтөт. Аны көрүп аял: «Оо, Аллах! Менин баламды бул аялдай кылба» – деп дуба кылат. Баласы кайра эмчекти таштап: «Оо, Аллах! Мени ушул аялдай кыл» – деп дуба кылат. Баягы аял таң калып: «Эмне үчүн андай деп жатасың?» – деп сурайт. Ошондо бала мындай деп айтат: «Аргымакчан киши заалым адамдардын бири эле. Ал эми бул күң аялга: «Уурулук кылдың, зына кылдың» – деп жалган жалаа жаап жатышат. Бирок ал аял андай кылган жок». (Сахих Бухари, 3436)

 

 

Ал эми имам Муслимдин риваятында: «Бир баланы энеси эмизип отурса, алардын жанынан күлүк ат минген, кооз кийим кийген бир киши өтөт. Аны көрүп баланын энеси: «Оо, Аллах! Менин баламды ушул кишидей кыл» – деп дуба кылат. Бала эмчекти таштап, ал кишиге кайрылып карап: «Оо, Аллах! Мени ал кишидей кылба» – деп дуба кылып, кайра кайрылып эмчек эмип калат.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламды, карасам ал баланын эмчек эмип жатканын айтып берип жатканда, сөөмөйүн оозуна салып соруп көрсөтүп жатыптыр».

Кийин алардын алдынан адамдар бир күң аялды: «Сен зына кылдың! Сен уурулук кылдың!» – деп уруп-сабап өтүшөт. Ал эми күң аял болсо: «Аллах мага жетиштүү жана Ал эң жакшы Кепил» – деп гана айтып жаткан болот.

Бул көрүнүштү энеси көргөндө: «Оо, Аллах! Менин баламдын бул аялдай кылба» – деп дуба кылат. Бала эмчек эмгенди токтотуп, энесине карап: «Оо, Аллах! Мени ошол аялдай кыл» – деп дуба кылат. Мына ошондо эне менен баласы сүйлөшүп башташат да энеси: «Үнүң өчкүр! Жакшы келбеттеги бир киши өттү эле: «Оо, Аллах! Менин баламды ушул кишидей кыл» – деп айтсам, сен: «Мени ал кишидей кылба» – деп айттың. Кийин жанагы күң аялды «Зына кылдың! Уурулук кылдың!» – деп айтып, уруп-согуп өтүштү эле: «Оо, Аллах! Менин баламды бул аялдай кылба» – десем, сен: «Оо, Аллах! Мени ушул аялдай кыл» – деп айттың» – деп таң калып сурайт. Ошондо бала мындай деп жооп берет: «Жанагы өткөн киши заалым адам эле. Ошон үчүн: «Оо, Аллах! Мени бул кишидей кылба» – деп дуба кылдым. Ал эми бул күң аялга: «Зына кылдың» – деп доомат кылып жатышат. Бирок ал аял зына кылган эмес. Жана: «Уурулук кылдың» – деп доомат кылып жатышат. Бирок ал аял уурулук да кылган эмес. Ошон үчүн: «Оо, Аллах! Мени бул аялдай кыл» – деп дуба кылдым». (Сахих Муслим, 2550)

 

 

🔴 *ХАДИСТЕН АЛЫНА ТУРГАН ПАЙДАЛАР*

 

 

1. Кээде адам өзүнө зыян келтире турган нерсени талап кылышы мүмкүн. Ошондой эле тескерисинче пайда алып келе турган нерседен качышы мүмкүн. Бул окуядагы эне да өзү билбеген абалда баласын заалым адамдай болуусун талап кылды. Ошондой эле күң аялдын абалын, такыбалыгын билбей туруп баласын ал аялдай болбосун деп дуба кылды.

 

2. Сабак берген жана даават кылган адамдар бир маселени үйрөтүүдө түшүнүктүү болуусу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушса жакшы болот. Бул окуяда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, баланын эмчек эмүүсүн айтып берип жатканда өзүнүн сөөмөйүн соруп түшүндүрүп берди. Андан максат, баланын эмчек эмүүсү – чыныгы эмчек эмүү. Эч кандай кыйытма мааниси жок. Ал бала тили чыга элек, чынында эле бешиктеги ымыркай экендигин билдирет.

 

3. Бардык замандарда Аллах адамдарга ар кандай аят-белги жиберген. Алардын бири бул кичинекей ымыркайдын сүйлөөсү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️