Берат – кутулуунун күбөлүгү

https://kyrgyzcha.site/?p=44635&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Берат – кутулуунун күбөлүгү

Берат же Бераат деген сөздүн сөздүктөгү мааниси акталуу, күнөөдөн, жазадан кутулуу, бир адамдын тагылган күнөөдөн узак экендигин же айтылган айыптарынын чын мааниде айып эмес экендигинин аныкталуусу дегенди билдирет.

Ошону менен катар, Берат – кутулуунун күбөлүгү деген маанини да билдирет.

Аллаху таала төрт адамды төрт нерсе аркылуу айыптан, жалаадан берат кылдырган.

Юсуф алейхиссаламды күбө аркылуу,

Муса алейхиссаламды кийимин аркалап жүрчү таш аркылуу,

Хазрети Мариямды баласын сүйлөтүү аркылуу,

Хазрети Аишаны Нур сүрөсүнүн жыйырма алтынчы аяты аркылуу берат кылдырган.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

«Акыретте көптөгөн адам Жаннатка эсепке тартылбастан кирет. Аларга мизан, тараза курулбайт.

Аларга берилген барак беттеринде: «Ла илаха иллаллах, Мухаммедун расулуллах. Бул – баланча уулу түкүнчөнүн Жаннатка кирүүсүнүн жана Жаханнамдан кутулуусунун бераты”, — деп жазылат”, — деген.

Абдуллах ибн Умар хазреттери бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын алдына келгенинде Пайгамбарыбыз:

«Кыямат күнү бардык адамдын бераты, б.а., кутулуусунун белгиси бардык амалы өлчөнгөндөн кийин берилет.

Абдуллахтын бераты болсо дүнүйөдө берилген”,- деди.

Себеби суралганда:

«Өзү вара жана такыбаа ээси болгондой эле дуба кылып жатканында: «Йа, Раббим! Менин денемди кыямат күнү ошондой чоң кыла көр, Жаханнамды бир гана мен толтурайын. Ушундайча Жаханнамды адамдар менен толтурамын деген сөзүң орундалган болот, Мухаммед алейхиссаламдын үмөтүнөн эч ким Жаханнамда күйбөсүн”, — деп дин бир туугандарын өз жанынан да артык көргөндүгүн көрсөттү”, — деди.

Бир ажылык мезгилинде бир адам Абу Амр аз-Зужажи хазреттеринин жанына келип:

-Ажылыгымды орундадым.

Бератымды бериңиз.

Сиздин жолдошторуңуз сизден бератымды алууга жиберди, — дегенде, Абу Амр аз-Зужажи хазреттери ал адамдын көңүлүнүн таза экендигин көрөт жана ага адамдардын азил мамиле кылышкандыгын түшүнөт. Ошондо ага Каабанын эшиги менен Хажарул-асвад арасындагы Мултазимди көрсөтүп:

-Тигил жерге барып «Йа, Раббим! Мага Бератымды бере көр” деп тиле! – дейт.

Бираз убакыттан кийин алиги адам колунда бир кагаз менен кайтып келет. Кагазында жашыл түстүү жазуулар менен мына мындай саптар жазылган эле:

«Бисмиллахир рахманир рахим. Бул баланча уулу түкүнчөнүн Жаханнамдан Берат (кутулуу) кагазы.”

Ар жылы Шабан айынын 15-чи Берат түнүндө ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, б.а., бардык нерсе Лавхул махфузга жазылат. Имам Раббани хазреттери кайтыш болордон алты ай мурда Шабан айынын 15-чи түнү болгон Берат түнүн өзүнүн жеке бөлмөсүндө өткөрөт.

Ошол түндүн жартысынан кийин аялы отурган бөлмөгө кирет.

Аялы:

-Мырзам, бул түн ажалдар менен амалдар жазыла турчу түн.

Ким билет, Аллаху таала кимдин дептерине өлүм, кимдикине өмүр жазды – дегенинде, Имам Раббани хазреттери:

-Эмнеге тартынып, күмөн менен айтып отурасың? Аты дүнүйөдө кала тургандардын тизмесинен өчүрүлгөнүн көргөн адамдын абалы кандай болмок? — дейт. Ошол жылы Имам Раббани хазреттери кайтыш болот.

Мухаммед Масум хазреттери дагы кайтыш боло турчу жылы Шабан айынын 15-чи түнү, б.а., дубалар кабыл бол турчу, ажалдар жазыла турчу Берат түнүндө шакирттеринен кээ бир окуяларды сурап, жообун алат. Кийин:

-Бир кутбдун ысымы өмүр сүрө тургандардын тизмесинен өчүрүлдү – деп, кайтыш боло тургандыгын ишара кылат.

Ата бин Йасар хазреттери мындай дейт:

«Шабан айынын он бешинде ошол жылы өлө турчу адамдардын тизмеси Азраил алейхиссаламга берилет.

Бул убакта үй салып жаткан, бак эгип жаткан жана үйлөнүп жаткан канчалаган адамдар бар, алиги тизмеде алардын да аттары болот. Бирок, алар муну билбейт.”

Шарттарына ылайык кылынган дубалардын кабыл боло тургандыгы китептерде билдирилген жана дубанын кабыл боло турган убактары мына мындай ирет менен берилген:

«Ражаб айынын алгачкы Жума түнү болгон Рагаиб түнү, Шабан айынын он беши, б.а., Берат түнү жана күндүзү, башка дагы касиеттүү түндөр, Жума күнү имам минбарда эки хутба арасында отурган маалдан намазга чейинки аралыктагы убакыт, ар түндүн соңку үчтө биринде, б.а., саар убакты, азан жана комат окулуп жатканда, өзгөчө

«Хаййа алал-фалах” дегенден кийин, Аллах жолунда жихад кылып жатканда, бардык намаздардан кийин, Курани карим окугандан кийин, ар саждадан кийин, жамаат арасында, жамгыр жаап жатканда, Каабаны көргөндө, замзам суусун ичкенде кылынган дубалар кабыл болот. Кыйынчылыкка дуушар болгон адамдын ошол маалда кылган дубасы да кабыл болот.”

Жыйынтыктап айтканда, Берат – акталуу, кутулуу дегенди билдирет. Аллаху таала Берат түнү сыяктуу касиеттүү түндөрдө дуба кылып, жалбарып, тообо кылып, күнөөлөрдөн кутулуп, бератыбызды алуубузду насип кылсын.

Мухаммед Рабхами хазреттеринин айтканындай:

«Берат түнүндө көп дуба кылуу керек, өмүрүнүн аягынын жаман болуусунан, ыймансыз өлүүдөн Аллаху таалага сыйынуу керек, Жаханнам отунан кутулуу бератын, береке, рахмет (ырайым), магфират (кечирим) жана амандык тилөө керек.”

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️