Базарда киргенде окулуучу дуба

https://kyrgyzcha.site/?p=62250&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?Базарда киргенде окулуучу дуба:

«Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шариикалаху, лахул мулку валахул хамду, юхйии ва юмииту, ва хува хайуун лаа ямууту, биядихил хойру, ва хува ъалаа кулли шай-ин кодиир.

Мааниси:

«Жалгыз жана Шериги жок болгон Алладан башка ибадатка татыктуу зат жок. бардык падышачылык жана бардык мактоо Ошол гана зат үчүн! Ал Зат тирилтет жана өлүм берет. Ал Зат тирүү жана эч качан өлбөйт. Бардык жакшылык Анын гана колунда жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү Зат».

 

Хадисте келген:

Пример HTML-страницы

«Ким ушул дубаны базарга киргенде окуса, Алла Таала ага миллион сооп берет, анын миллион күнөөсүн кечирет, акыретте ага миллион даража көтөрүлөт жана ал үчүн Бейишке бир үй курулат». \Тирмизи\

 

?Базарда соода сатыктын дубасы:

«Бисмиллахи, Аллоохумма иннии ас-алука хойро хаазихис сууки, ва хойро маа фииха, ва аъуузу бика мин шааррихаа, ва шарри маа фиихаа ямиинан фаажиратан, ав савкотан хоосиротан»

Мааниси:

«Алланын аты менен базарга кирдим. Эй Алла! Албетте мен Сенден бул базардын жана андагы нерселердин жакшылыгын сураймын. Сенин жардамың аркылуу бул базардын жана андагы нерселердин жамандыгынан сактанамын. Эй Алла! Албетте мен Сенин жардамың аркылуу базарда жалган касам ичүүгө же зыяндуу келишимге дуушар болуудан сактанамын». \Табарони\

 

?Коноктон кайтуу дубасы:

«Аллоохумма баарик лакум фии маа розактахум, вагфир лахум вархамхум».

Мааниси:

» Эй Алла! Сен буларга берген ырыскыга береке бер, булардын күнөөлөрүн кечир жана буларга ырайым кыл».

 

?Коноктолгондон кийинки дуба:

«Аллоохумма ат-ъим ман ат-ъамании васки ман сакоони».

Мааниси:

» Эй Алла! Мага тамак берген адамга тамак бер, мага суу ичирген адамга суу ичир!»\Муслим.\

 

? Сүт ичүү дубасы:

«Аллохумма барик ланаа фиихи ва зиднаа минху».

Мааниси:

«Эй Алла! Бизге бул сүттө береке бер жана аны көбөйт».

 

?Суу ичүүнүн адеби:

1. Сууну же башка ичимдикти отуруп ичүү.

2. Төө сыяктуу бир дем менен ичпестен, балким эки же үч дем менен ичүү.

3. Үйлөбөй ичүү.

4. Ичээрде «Бисмиллах»- дем ичүү.

5. Ичкен соң «Алхамду лиллах»-деп ичүү.

6. Идишке дем албай ичүү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️