Кээ бир адамдар, балдарын тойгозуп жана кийиндирип коюуну негизги милдетим деп түшүнүшөт. Ооба, мындай ишти аткаруу абдан зарыл. Бирок, андан да маанилүү, андан да зарыл иш, балдарга жакшы тарбия берүү. Дене муктажды- гын тамак менен тойгозууга болот. Ал эми жан-дүйнө ачка-лыгын жакшы тарбия менен гана тойгуза алабыз. Көптөгөн ата-энелер балдарынын балээ болгонун айтып арызданы-шат. Кээ бирөөлөрү карыялар үйүндө жатышат. Балдарынан орой сөз угуу ары турсун, алардан таяк жеп калгандар да жок эмес. Эмне үчүн? Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, өз убагында аларга туура тарбия бере албай калган ата-эне өзү күнөөлүү. Ошондуктан, эртедир-кечтир кайгы кесесинен суу ичип калбоо үчүн, балдарды Аллахтын дининде, пайгам- бардын сүннөтү менен тарбия кылуу керек. Кураанда Аллах Таала айткан? “Оо, ыймандуу пенделер. Отуну адамдар жана таштардан болгон тозок отунан өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү сактагыла…” (Тахрим: 6). Ибну Умар риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (саллааллооху алайхи ва саллам)?
– “Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Эркек үй-бүлөсүнө кайтаруучу жана кайтарга- нына жооп берет. Аял үй иштерине кайтаруучу жана кай- тарганына жооп берет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер” – деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Балдарды тарбиялоодо эмнеден адашабыз? Эгерде баланы көп урса:
– Баланы көп уруу аны акылсыз, келесоо кылат.
– Адамгерчиликсиз болуп чоңоёт.
– Ата-энени жек көрүп калат.
Ибну Халдун өзүнүн сөзүндө мындай дейт: – «Ким зордук зомбулукта тарбияланса, жалкоо, жал- ганчы жана адепсиз болуп калат».
Эгерде бала тарбиялоодо уруу зарыл болсо, ал ыкма- нын акыркысы гана болсун. Биз баланы жакшы көрүүгө, мээримдүүлүк көрсөтүүгө, белек берүүгө, көңүлүн көтөрүүгө, жакшы көргөн нерселерин алып берүүгө, күчү жеткен жеңил иштерге жумшоого жана ошол эле мезгилде уруудан башка ык- маларды колдонууга милдеттүүбүз.Ошондой эле, ар бир бала-нын өзүнүн журум-турумуна жараша мамиле кылуу керек. Баланы уруу керек болсо анын жүзүнө, сезимтал жерлерине уруудан жана жанын оорута тургандай уруудан алыс болуу ке- рек. Пайгамбарыбыз (саллааллооху алайхи ва саллам)да кандай сонун үлгүлөр бар. Анас, Пайгамбардын колунда он жыл кызмат кылды, пайгамбар аны бир жолу да урушпады жана урган жок.
Баланын каалаган нерсесин, каалаган убакта ата эне- синин көзөмөлүсүз жасоосу ашыкча эркелик. Анын кылган иши, журум-туруму туура эмес болсо да, ата энесинин ба- ласын кичинекей бала деп ошол ишин улантууга колдоо көрсөтүүсү туура эмес. Ошол эле мезгилде, ата-эне өз жүрүм- турумуна көңүл буруусу зарыл. Анткени уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат деген накыл бар эмеспи.
Булардын аягы жаман жолго алып барат:
• Бирөөнүн буюмдарын уруксатсыз алуу.
• Өзүнөн жашы улуу адамдар менен адепсиз сүйлөшүү.
• Башкаларды уруу.
• Керектүү буюмдарды бузуу.
• Сыналгыдан пайдасыз берүүлөрдү көрүүдө өз эркине коюу.
• Бардык каалоосун аткара берүү.
Кээ бир ата энелер тыюу салууну, кысымга алууну, сараңдыкты жакшы ыкма деп ойлоо менен балдарынын бирөөнүн колун карап калуусуна жол ачышат. Алар баласы муктаж болгон нерселерди алып беришпейт. Балдары болсо айлана-чөйрөсүнө карап ошолордой болууну каалашат да, ар- гасыз уурулукка же башка бир ушундай жаман иштерге бара башташат.
Ар бир баланын келечеги үчүн Аллах Тааладан корколу.
Пайгамбар (саллааллооху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнө ээрчийли. Жакшы тарбия кылуучулардан кеңеш сурайлы.
Абдүшүкүр Нарматов?