«Бактылуу аял» китебинен

https://kyrgyzcha.site/?p=17832&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисимиллаахир Рахмаанир Рахиим.

 

«Бактылуу аял «китебинен.

 

Диндүү аялдын артыкчылыгы.

 

Пример HTML-страницы

Пайгамбар (саллаллааху алайхи васаллам) айтты:

«Кимге Аллах Таала диндүү аял берсе,Аллах Таала жарым дин менен ага жардам берди.Эми ал Алладан коркуу менен диндин калган жарымын тапсын»

 

Пайгамбар (саллаллааху алайхи васаллам) айтты:

«Дүйнөнүн бүт баары убактылуу пайдалана турган буюм.Алардын ичинен эң жакшысы, жакшы амал кылуучу аял».

 

Хазрат Умар ибн Хаттаб (разиаллааху анху)дан риваят:

«Жакшы амалдарды кылуучу бир аял жакшы амалдарды кылбай турган миң эркектен жакшыраак».

 

Пайгамбар (саллаллааху алайхи васаллам)айтты:

«Кайсыл аял түндөсү туруп тахажуд намазын окуса,күйөсүн да намазга ойнотмо,эгер ал ойгонбосо анда анын бетине суу чачса,бул аялга Алланын рахматы жана мээрими болсун».

 

Окурмандарга түшүндүрмө:

«Беш кол барабар эмес»дегендей адамдардын да адамдардын мүнөзү да барабар эмес,ар түрдү болот.Ошондуктан бул хадиске амал кылууда өтө этияттык кылуу зарыл.Эгер кожойун уйкуну сүйгөн адам болсо,суу чачып эмес жөнөкөй эле ойготкон адамга ачууланса, анда өз калоосуна коюу керек.Себеби мындай учурда ортодо гүл эмес от жанып кетүү коркунучу бар.

 

Хазирети Ибни Аббас (разиаллааху анхума)дан риваят:

«Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) айтты:»Ким кайсыл бир аял менен диндүүлү жана сулуулуктун негизинде нике кылса, анда ал өзүнө төмөндөө жана кор болуудан сактануу курду.

 

Хазрат Хабаан ибн аби Хабла (разиаллааху анху)риваят кылат:

Пайгамбар (саллаллааху алайхи васаллам)Айты:»Албетте дүйнөнүн бактылуу (диндүү)аялдары Бейиштеги курлардан жетимиш миң эсе сулуу болушат».

 

Айша энебиз Пайгамбар (саллаллааху алайхи васаллам)дан риваят кылат:»Менин үммөтүмдүн эң жакшы аялдары сулуу болуп, махр (калың)акысы аз болгон аялдар.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️