Азирети Хадижа (Алла ага ыраазы болсун)🌹♥
Азирети Пайгамбарыбыздын жубайлары жалпы момун-мусулмандарга эне болуп эсептелет. Өз энебизге урмат-сый көрсөткөнүбүздөй эле, дүйнөдөн кайткан болсо да аларга, калтырып кеткен бийик адамгерчилигине урмат көрсөтүшүбүз керек.
Өзүнө жараша алардын ар биринде артыкчылыгы, үлгү аларлык касиети бар. Алар дин Исламга тиешелүү бардык маалыматтарды Азирети Пайгамбарыбыздан үйрөнгөн, айрыкча Алла Элчисинин үй-бүлөлүк турмушундагы керектүү маалыматтардын баарын бизге анын жубайлары айтып кеткен. Ошол эле маалда алар Алла Элчиси менен чогуу жашагандыктан, мусулмандын дин чегинде жашоосу, аял-эркек алакасы сыяктуу маселелерди жетик үйрөнүп, үйрөтүп кетишкен.
Ошол себептен алардын өмүр-жашоосунда мусулмандар гана эмес, бүтүндөй адамзатка керектүү сабак, үйрөнө турган үлгү бар. Кудай буйруса, мындан ары бир аялзаты катары мусулман аялзатына арнап айымдар рубрикасын бир жыл бою жазганга аракет кылабыз♥
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи вас саллам) Азирети Хадижа Хувайлид ал-Кушайрия энебиздин эрдигин, эмгегин, адамдык асыл сапатын баалап мындай деген:
«Алла Таала мага андан башка кайырлуу эч кимди берген жок. Эл журт ишенбей койгондо ал мага ыйман келтирген. Баары мени жалганчыга чыгарганда акыйкат чакырыгымды ал кабыл кылган. Мага эч ким эч нерсесин бере элек кезде, ал мага мал-мүлкү менен колдоо көрсөткөн жана Алла Таала перзенттерди мага андан берген».
Шарапаттуу жана барктуу бүлөнүн мүчөсү Азирети Хадижа адеп-ахлагынын мыктылыгы, кишилик сапатынын жогорулугу, адамгерчилигинин бийиктиги жана абийиринин тазалыгы жагынан эч кимди алдына салдырбагандыктан, Исламдан мурда «Афифа» жана «Тахира» деп чакырылган пакиза инсан болгон.
🌙Кыркка жаңы толгондо күйөсүнөн ажырап жесир калган сабырдуу айым эле…
Ошол мезгилдин шартында бир өлкөдөн экинчи өлкөгө соода-сатык жүргүзгөндүктөн «Тажира-соодагер» деген лакапка арзыган ишкер айым болгон…
Акылмандыгы, зиректиги, мүнөзүнүн жумшактыгы, адеп-ахлагынын тунуктугу, кыраакылыгы, сулуулугу менен ар дайым, ар убак жакшы-жакшы эскерүүлөр менен эскерилген чечкиндүү айым…
Ал кутман Пайгамбарыбыздын биринчи жана эң урматтаган жубайы болгондуктан «Хадижатул Кубра» деген жагымдуу лакапка ээ болгон…
Хадижа энебиздин атасы Хувайлид ибн Асад өз уруусунда сөзү өтүмдүү, кадыры бийик, мыкты, таза урпактан келген инсан болгон. Башта айтканыбыздай, Азирети Хадижа соода-сатык менен шугулдангандыктан, бул маанилүү ишти жөндөп кете ала турган, кербенди баштап барып келе турган ишеничтүү бирөөгө муктаждык бар эле. Ошол себептен ал өз сунушун кызматкери Майсара аркылуу Азирети Мухаммадга жолдойт. Азирети Мухаммад андан мурда бир нече жолу абалары менен чогуу Сирияга жана Йеменге барып, аз да болсо дасыга түшкөндүктөн сунушту кабыл кылат.
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Хадижанын соода кербенин Тихамада Хубаша базарына да баштап барган. Сапарга Азирети Хадижанын кызматкери Майсара менен чогуу барат. Ал жактан Тихама кездемесин ташып келип, Хаким бин Хизамга сатып капчык толо пайда алып келишет.
Майсара жолго чыккандан кайтып келгенге чейинки өз көзү менен көргөн ажайып окуяларды, Арабстандын ысык аптабы куйкалап турган кезде эки периште Азирети Мухаммадды (саллаллаху алейхи васаллам) көлөкөлөп жүргөнүн, христиан кечили Настуранын ал тууралуу айткан сөздөрүн, жана адаттан сырт ажайып касиеттерин ийне жибине чейин Хадижага баяндап берет. Кербендин кирешелүү келиши жана Майсаранын берген маалыматы Хадижаны арбап алгандай болду
Кадырлуу айымдын жүрөгүндө «Ишеничтүү изги инсан менен баш кошсом» деген арзуу пайда болот
Азирети Хадижанын жакын досу Нафиса бинти Умаййа бул эки даңктуу инсандын ортосундагы сезимди мындайча эскерет:
«Хувайлид кызы Хадижа иштин көзүн билген, кайраттуу, мүнөзү туруктуу, кадыр-баркы бийик жана намыстуу аялзаты болгон. Ошентсе да Азирети Хадижа Азирети Мухаммаддын тунук мүнөзүнө жана адамгерчилигинин бийиктигене туруштук бере албады, багынып берди».
Ошентип, Азирети Хадижа Нафиса айымдын ортомчулугу менен Азирети Мухаммадга турмушка чыгуу сунушун билдирет
Ааламдардын Ардагы бул сунушту абасы Абу Талиб менен кеңешет. Жагдайды таразалап көргөн Абу Талип макулдугун билдирип Хадижанын абасы Амр бин Асадга куда түшүп жуучулукка барат.
Жаратылыш Нуру алгачкы үйлөнгөн кезде жыйырма беш жашта болгонТаалайлуу айым Азирети Хадижа болсо Азирети Мухаммаддан он беш жаш улуу, балалуу жесир аял эле
Хадижа эне мал-мүлкү, мээримдүү жана камкордугу менен Азирети Мухаммадга жаңы күч-кубат, жаңы тирек болуп берди. Ааламдардын Ардагы менен Азирети Хадижанын ортосунан Касым, Абдуллах, Зайнаб, Рукия, Умму Гулсум жана Фатима аттуу алты перзент дүйнөгө келет
Тун уулунун аты Касым болгондуктан, араптардын салты боюнча Пайгамбарыбызга «Абул-Касым» (Касымдын атасы) деген жалгама ат берилген. Андан кийинки уулу Абдуллах да Ислам дини келгенден кийин төрөлгөндүктөн, ал экөөн Таййиб жана Тахир деп эркелетишчү. Уулдарынын экөө тең наристе кезинде чарчап калат. Кан жанынан жаралган перзенттеринин баарына Азирети Хадижа эне катары татыктуу тарбия берген мугалим болгон
Хадижа (Алла ага ыраазы болсун) өмүрү өткөнчө эч кимге капа да болгон жок, эч кимдин көңүлүн да ооруткан эмес Өмүрүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин мээримдүүлүгүнөн, боорукерлигинен жана камкордугунан жазбай жашап өттү. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Хадижа энебиз менен баш кошкондон кийин сүйүүнүн булагынан кана-кана ичип жетилди. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) ал тууралуу мындай деп билдирген
«(Акыреттеги) эң кайырлуу аялзат Имрандын кызы Марям. (Бул дүйнөдөгү) эң кайырлуу аялзат Хувайлиддин кызы Хадижа» .
Пайгамбарлыктын келери жакындаган сайын Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) тез-тез эле обочолонуп, кыйла убакыт ой дайрасынын түпкүрүнө сүңгүп кетип жатты. Кээ учурларда үйдөн чыгып, Мекке шаарынан алыстап, ээн жана тынч жерлерде жүрө турган болду. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Хира үңкүрүнө барарда жанына азыноолак азык алып алар эле. Азыгы түгөнгөндө үйүнө келип Азирети Хадижа даярдап берген азыкты алып кайра кетчү. Хирага Азирети Хадижа менен чогуу барган учурлары да болгон.
Алла Элчиси алгач ирет вахийдин айбаттуу коркунучунан жүрөгү үшүп, үйүнө ылдам келет. Бир топ эс алып, жаны жай тартып калган соң башынан өткөн окуяны кабагы менен тең айланган өмүрлүк жары Хадижа энеге баяндап берди. Алла Элчисинин оор санаасынын аныгын аңдаган кыраакы жубайы көңүлүн көтөрө мындай дейт
-Кудай алдында касам ичем, Жараткан Кудурет сени эч убакта уят кылбайт. Анткени Сен тууган-уругуңду коргойсуң, колунда жокторго кол кабыш кыласың, кембагалдарга жардам берип, эч кимдин колунан келбей турган жакшылыктарды жасап келесиң жана меймандос инсансың Ак жолунда калкка жардамыңды аябайсың…
Ошентип, көпкө чейин Алла Элчисинин жападан жалгыз сырдашы, муңдашы Азирети Хадижа болуп калат. Дартын жубайына гана айтат. Жан адамга көрүнбөй экөөсү жашырынып Аллага ибадат кылышат. Жарыктык жубайы Алла Элчисине колдон келген жардамын аябайт, колуна кол, бутуна бут болот. Ага жардам берип, мал-мүлкү менен жөлөп-таяп жатканына карабай, күйөөсүнө баш ийип, анын айтканы менен болуп, анын ыраазы кылууга жан үрөйт
Жеке үй иштери, аялдык вазийпасы менен гана чектелбестен, Алла Элчисине каршы башталган кутумдук аракеттерге түйшөлүп, керек болсо жанын берүүгө даяр экендигин иш жүзүндө далилдеген. Меккелик мушриктердин кээ бир карөзгөй жамандыгын токтотууга жетишкен.
Азирети Пайгамбарыбыздын көзү өткөн Хадижа энеге көрсөткөн кадыр билгилигин жана оопалуулугун мынадайча эскерген:
«Хадижага суктанганчалык Алла Элчисинин аялдарынын эч бирине суктанган эмесмин. Асыресе, Хадижаны көргөн да эмесмин. Алла Элчиси аны тез-тез эскерип турар эле. Кой сое турган болсо, көпчүлүк учурда Хадижанын жакындарына жана досторуна эттен бөлүп жөнөтчү. Бир жолкусунда чычалап кетип:
-Дүйнөдө кудум Хадижадан башка аял калбагансып! деп жиберипмин.
Азирети Пайгамбарым:
«-Ал сен ойлогондой аял эмес эле. Ачыгын айтсам, мен аялзатынан андан мыктысына, андан жакшысына жолупадым.
Эч ким ыйман келтире элек кезде ал ыйман келтирип, мусулман болгон
Ал эң алгачкылардан болуп менин Пайгамбарлыгымды кабыл кылган. Дүнүйө-мүлкү менен мага колдоо көрсөтүп, динге кызмат кылган. Асыресе, андан перзенттерди көрдүм» деп, Азирети Хадижаны мага сыпаттап айтып берди. Азирети Пайгамбар Хадижанын тирүүсүндө үстүнө башка аял алган эмес.
Пайгамбарымдын ачуусуна тийип жаңылыштык кетирип алганымды сезип ичимден:
«Мындан ары Хадижа тууралуу эч бир жаман сөз айтпайм» дедим» .
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Дүйнөдөгү бардык аялзатынан береги төрт аялдын даражасы жогору. Алар: Имрандын кызы Марям, Фараондун жубайы Асия, Хувайлиддин кызы Хадижа жана Мухаммаддын кызы Фатима».
Азирети Хадижа эне Алла Элчиси менен баш кошкондон кийин 24 жыл чогуу жашаган. Никелешкен күндөн тарта Алла Элчисинин көзүнүн кареги менен тең айланып, машакаттуу кыйын кезеңдерде жанында болгон
Меккелик мушриктер үч жыл бою мусулмандарга бойкот жарыялап, бардык карым-катыштарды токтотуп, экономикалык, социалдык жактан кысымга алат. Бул кысым, мушриктердин бойкоту мусулмандарга нан ордуна чөп жедирип, ачкадан кыйналган жандардын курсагына таш байлаганга мажбур кылат. Ошол каатчылык жылдарда бардык мусулмандар сыңары Азирети Хадижа да ачарчылыктын азабын тартып, ооруп калат.
Кызы Умму Гүлсүм каапырлардын азабын тартып бир топ улгайып, бир топ алдан тайган энесин карап кирпик ирмебей көп таңдарды атырат. Бир жагынан ооруу, бир жагынан күч боло турган тамак-аштын жетишпестиги ажалга карай сүйрөсө да момундардын энесин ардактуу күйөөсү, сүйкүмдүү кыздары үчүн ажалга моюн бербей жашагысы келип жатты.
«-Ажал ушул кыйын кезеңдер өтүп кеткенден кийин келсе, көзүм аңтарылбай чын дилден жан берсем кана атаганат!» деп шыбырайт кызынын кулагына.
«-Энеке, Кудайым буйруса, баары жакшы болот!
Сар-санаа болбоңуз!» — деп сыздайт.
Эне байкуш кайрадан сөзүн улайт: «-Кудайым Өзү күбө, мен бактылуумун кызым!
Курайштын эч бир аялы мен таткан нематты тата албады. Балким, мен жеткен шарапатка дүйнөдөгү эч бир аялзаты жете албаган чыгаар. Бул дүйнөдө Мухаммад Мустафаны жубайы болуу мен үчүн сөзгө сыйгыс бак-таалай, бул эле эмес акыретте ыйман келтирген алгачкы момун мусулман аял катары тирилтилээрим жана момундардын энеси деген даражада болушум мен үчүн чоң немат.
Оо, Жараткан Алла Талам!
Сен санак жеткис мактоого жана даңкка татыктуу жалгыз гана Өзүңсүң! Сенин алдыңа жагымдуу маанайда баргым келет. Мага ыйгара турган нематтарыңа татыктуу болуу үчүн Өзүңдүн жолуңда дагы да кайрат жумшап аракет кылгым келет!»
Бөлмөдөгү жалгыз шамдын жарыгы шамал үйлөгөндөй ары-бери тутанып алды, дал ушул мезгил аалам жагымдуу бир бейпилдикке чүмкөнгөндөй элес калтырды.
Түн болсо эненин таасирдүү шыбышына кулак салып жаткан сымал тып-тынч.
Момундардын энесинин алсыз деминен жана энекесинин жанында ичинен үнсүз дуба кылып жаткан Үммү Гүлсүмдүн түрсүлдөп соккон жүрөгүнүн кагышынан башка үн жок. Аңгыча каалга ачылды. Бөлмөнү жарык нур каптады. Жүзүнөн кубанычтын шоораты чачырап Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) ичкери кирди. Амандашып болгон соң Үммү Гүлсүм атакесинин сөзүнө кулак түрдү. Заалымдыктын кою караңгылыгы акырындап түбөлүктүү жарык таңга алмашканын аңдагандай болду. Дал ошол түнү мушриктердин бойкоту аягына чыгып, Хашимден тарагандардын карөзгөй көзөмөлдү токтоткону маалым болду. Бул учурда алтымыш бешке чыккан Азирети Хадижа күчтөн тайып калган эле…
Бойкот токтогондон алты айдан кийин Алла Элчинин абасы Абу Талип дүйнө салды.
Абу Талип карачечекей инисинен калган жетимге ата ордуна ата болду. Ал Алла Элчисин канатына калкалаган кепил жана Курайш мушриктеринин Пайгамбарга багыттаган канчалаган түрлүү жамандыгын токтото билген аскар тоосу эле
Азирети Хадижа бул күндөрдө сүйүктүү мырзасы Алла Элчисинин амандыгын тилеп, Жараткандын уруксатын күтүп, бул дүйнө менен коштошуу алдында турган.
Кыздары Зайнаб, Умму Гүлсүм жана Фатима энекесине имерилип, тойо тиктеп, жытын искеп жатышты.
Жубайынын ичээр суусу түгөнүп баратканын сезген Алла Элчиси акыркы даярдыктарды көрүп, келме айттырууга жан үрөп жатты.
Ошентип кутман эне Азирети Хадижа Абу Талип көз жумгандан үч күндөн кийин Рамазан айынын онунда, 65 жаш курагында түбөлүк сапарга аттанып кетти. Маркум эненин сөөгүн Азирети Мухаммад Мустафа өз колу менен Хажун көрүстөнүнө жашырды. Жубайы менен коштошкон соң ичтен сыздап, тагдырга моюн суна үйүнө кайтты. Кыздарын бооруна кысып, сооротуп, жубатып, удаама-удаа келген кыйын күндөрдө кыздарына тирек болду кайран ата.
Азирети Хадижадан ажырагандан кийин Алла Элчиси Меккеде тура албасын түшүндү.
Айрылуудан соң Мекке шаары ал үчүн суз, муңдуу калаага айланды. Анткени Хадижа дин жолундагы эң ишенимдүү жардамчысы эле. Көпкө дейре анын жаркын элеси көз алдынан кетпей койду.
Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) өмүрүндө Хадижадан башка аялдардын да орду бар. Ошондой болсо да жүрөгү жана сезимдери алгачкы жубайына таандык эле. Анткени ал чейрек кылым бою Пайгамбардын үйүнө бейпилдик, мээримдүүлүк тартуулаган асыл жан эле
Ал көз жумган соң куттуу үйдүн босогосун башка аялдар да аттады. Алардын ичинде Пайгамбарга уул төрөп бергендер, чырайлуулар, барктуу жердин кыздары жана колунда мүмкүнчүлүгү барлар да болду. Бирок алардын бирөө да Азирети Хадижанын даражасына жетпеди, Пайгамбардын жүрөгүндөгү өзгөчө орунду ээлей албады, анын көз алдындагы жаркын элести өчүрө албады.
Сүйүү, боорукерлик, оопалуулук жана дин жолунда жапа чеккен Азирети Хадижадан мыкты, андан кымбат аялзаты тууралуу кеп кылууга тарых да батына албастыр. Азирети Хадижа жаамы мусулман аялзаты үчүн кыяматка чейин ар тараптуу үлгү. Анын ысмы, анын жаркын элеси кыяматка чейин жакшы эскерүүлөр менен эскерилүүгө тийиш!…
Камкор, мээрман, адилеттүү, ырайымдуу, пакиза, чынчыл, жоомарт, жаамы жакшылыктын жүзү болгон сөзгө бек кайран гана кутман эне, асыл эне Хадижа🌹♥