⠀
Адамдар кызыкпыз э. Күн сайын жакындап бара жаткан өлүмгө эмес, күн сайын алыстап бара жаткан өмүргө көбүрөөк кам көрөбүз. Түбөлүгүбүздү унутуп, жалган жашоого азгырылабыз.
⠀
Чындыгында өлүмдөн эмес, ошол өлүм келгенге чейин азыгыбызды камдап албаганыбыздан коркуубуз керек.
⠀
Кабырга азыксыз баруу, кемеси жок деңизге кирген сыяктуу
⠀
Бул дүйнөнүн ырыскысынан эч камтама болбоңуз. Аллах Таала сиз энеңиздин ичинде жатканыңызда эле ырыскыбыз канча болоорун жазып койгон. Ал ырыскы качан гана түгөнгөндө»АЖАЛ» келет. Бир тамчы ичээр суунуз бар болсо да,өлүм бизди алып кете албайт. Ажалын жетсе колундагы ырыскың да буйрубайт.
⠀
Ажалы жете элек болсо:
⠀
«Ибрахим(а.с)ды оттон сактаган»
⠀
«Юнус(а.с)ды киттин ичинен аман чыгарган»Аллах бизди сактоого кудурети жетпей кала бекен!?
⠀
«Ар бир үммөт үчүн белгиленген ажалы бар. (Ошол) мөөнөттөр келгенде, алар аны артка да алдыга да жылдыра алышпайт»(Аароф:34)
⠀
Ажалыбыз жакындап келсе, ага эч ким тоскоолдук кыла албайт. Эч бир себепсиз эле аман-соо жүргөн адамдын өмүрүн алып коюууга Аллах кудуреттүү! Өмүрүн бүтө элек болсо, миң себеп мейли ооруу-сыркоо, мейли кырсык-балээ болсун, ажалыныз аларда эмес болсо, жер бетинде жашооңуз улана берет.
⠀
«Чындыгында амалдар ниетке байланыштуу.Ар бир адам ниет кылганына кол жеткизет»(Бухари, Муслим)
⠀
Мусулман бир туугандар! Ниетибизди оңдойлу. Аллах мээримдүү, өзүнүн ыймандуу
кулдарын сактайт ин шаа Аллах.
⠀