Ажалдан үч адамды алып калган акылдуу аял.

https://kyrgyzcha.site/?p=17829&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«АЖАЛДАН YЧ АДАМДЫ АЛЫП КАЛГАН АКЫЛДУУ АЯЛ»

Абдышукур Ажы Нарматов

 

Бир падыша үч кылмышкерди абака камоого буйрук берди. Арадан бир нече күндөр өткөн соң аларга өлүм жазасы чыгарылды. Кылмышкерлерди өлтүрүү үчүн баш кесер желдет кылычын көтөрүп башын чабууга даярданып жаткан кезде, боздоп ыйлап жаткан аялдын үнү угулду. Падыша аялды чакыртып, эмне үчүн ыйлап жатасын? — деп сурады. Аял: «Бул үчөөсү менин жакын адамдарым, бирөөсү күйөөм, экинчиси уулум, үчүнчүсү бир тууганым. Көзүмдүн кареги болгон уулумдан, таянар тоом болгон күйөөмдөн, бир боорум болгон бир тууганымдан ажырап жатып кантип ыйлабай коё алам?»- деди. Көз жашын көл кылып боздоп ыйлап жаткан аялды көргөн падыша аялга боору ооруп: «Ушул аялдын урматы үчүн үчөөсүнүн бирөөсүн өлтүрбөгүлө»- деди. Аялга: «Үчөөсүнүн кимисин тандасаң ошонусун өлтүрбөйбүз, кимисин тандайсын ?»- дегенде аял терең ойго батып калды. Баламды тандасамбы же кимисин….. Айлана жым-жырт болуп, бардык адамдардын көзү аялга тигилип кимисин тандаарын жана алардын кимиси тирүү калаарын күтүп жатышты. Аял ойлонуп бүткөн соң: «Бир тууганымды тандайм» — деди. Адамдардын бардыгы аялдын жообуна таң калып, эмне үчүн бир тууганыңды тандадың ? — деп сурашты. Аял: «Күйөөмдөн айрылсам башка адамга турмушка чыгып кетишим мүмкүн, уулумдан айрылсам башкага турмушка чыккан соң башка бала төрөп алышым мүмкүн. Бирок, ата-апамдын кайтыш болгондугуна байланыштуу башка бир тууганды таба албайм»- деди. Аялдын даанышмандуулук менен айткан бул сөзү падышаны жана айланадагыларды таң калтырды. Аялдын даанышмандуулугуна таң калган падыша үчөөсүн бирдей кечирип жиберди. Акылдуу аялдын себебинен үч эркек ажалдан бирдей аман калды.

 

Ага-ининин, эже-сиңдинин кадырын алардан ажыраган адам гана билет.

Пример HTML-страницы

 

Бир туугандарың менен жакшы мамиледе бол, алардын кадырын бил! Анткени алар алтынга алмашкыс жандар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️