Тык, тык, тык…
Эшикти кимдир бирөө черткилеп жатты…
– Ким бул?
– Даярдан кетебиз.
– Сен кимсиң? Каяка кетебиз деп жатасың?
– Кезегиң келди. Чыныгы үйүңө сени алып кетем.
– Чыныгы үй дейсиңби? Анда сен…!
– Ооба, кетебиз тезирээк бол!
– Беш мүнөт күтө тур..жарым-жартылай калып кеткен иштерим бар.
– Бүтпөгөн иштериң болсо, башкалар аягына чыгарат. Тездет!
– Балдарымчы? ! Алар кичинекей да. Макул, анда коштошуп алайынчы..
– Сенсиз да алар чоңоюшат.. Тезирээк! Сени күтүп жатышат…
– Күтүп жатышат? Кимдер?
– Барганда көрөсүң..!
– Түшүнүп турам. Бирок, жүрөгүн оорутуп, кечирим сурай элек, жакшылык жасай
элек адамдар бар. Суранам, мен аларга карыздар абалда кетким келбейт.
– Муну убагында ойлонушуң керек болчу!
– Убагында? А мен… убактым көп деп ойлочумун.
– Баарыңар окшошсуңар. . Убакыт – сен жашап жаткан убак..
Мындан да узак эмес…
– Аттиң! Аттиң!….
– Каалайсыңбы жокпу, мен сени алып кетем. Бүгүндө жашап жатып, дайыма эртеңкиңдин бар экенин ойлоп жашадың.
Тууганым! Бул сиз бизге сабак боло турган мисал…
Бул сага да бир эскертүү. Азыр барсың. Бирок, эртең жоксуң…
Ал келгенде, сен үмүт менен сүйүнүү менен тосуп алганга даяр бол!
Tatli_Melek
27 Сентябрь 2015 — 00:00
Сиз бул үч суроонун жообун билчү белеңиз?
Жаш жигит өзүн түйшөлткөн суроолоруна жооп бере ала турган адамдарды издеп, жооп тапканга аракет кылды. Көптөгөн адамдардан сурады, бирок эч ким жооп бере албады.Бир убакта бир билимдүү мусулманды жолуктуруп калып, суроолорун берди.
1. Кудай барбы? Эгер бар болсо, мага анын сөлөкөтүн көрсөтчү?
2. Тагдыр деген эмне?
3. Эмне үчүн шайтан оттон жаралганы менен баардык тарабы от болгон тозокко кирет? Тозок да, шайтан да от болгону үчүн шайтанга тозокко түшүү кыйынчылыкты туудурбайт. Эмнеге Аллах ушуну ойлонгон эмес?
Кокусунан билимдүү киши жаш жигитти алакан менен катуу чаап жиберди.
– Эмнеге сен мага ачууланып жатасың?
– Мен ачууланбадым. Бул жөн гана сенин суроолоруңа жооп болчу.
– Кандайча?
– Мен сени ургандан кийин менин урганымды сезишиң үчүн урдум.
– Албетте, мен ооруганын сездим.
– Демек, сен оору бар экендигине ишендиңби?
– Ооба.
– Анда сен мага Кудайдын сөлөкөтүн көрсөт – деди билимдүү киши.
– Жок, мен көрсөтө албайм.
– Бул сенин биринчи сурооңдун жообу…… Эми айтчы, түндө түшүңдө мен сени алакан менен чапканымды көрдүңбү?
– Жок.
– Сен бүгүн менин алакан менен чабарымды качандыр бир убакта ойлодуң беле?
– Жок.
– Бул тагдыр. Менин колдорум эмне менен жабылган?
– Тери.
– А сенин бетиңчи?
– Тери.
– мен урганда сенин бетиңдин териси оорудубу?
– Аябай ооруду.
– Сенин бул жообуң болсо, үчүнчү сурооңдун жообу…
Tatli_Melek
27 Сентябрь 2015 — 00:03
Имам Ахмад жана Наабайчы
Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.
– Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?
– Уктайын деп жатам.
– Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.
Кароолчу:
– Мечиттен чыгып кет!
Имам Ахмад:
– Бир аз уктаганга уруксат берчи.
– Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” – деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын “Астагфиру Ллах” деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.
– Ооба. Көптөн бери.
– Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?
– Ооба.
– Кандай жемиш?
– Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.
– Ал кандай дуа эле?
– Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.
– Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын!