Аюб бин Айс бин Исхак пайгамбар Рим шаарында болгон, апасы Лут пайгамбардын кызы болгон. Аюб пайгамбар акылдуу, мээримдүү, даанышман, кең пейил киши болгон.
Атасы бай, салабаттуу киши болгон. Чарбанын бардык түрү бар эле, төө, жылкы, уй, кой, качыр, эшек. Шам өлкөсүндө ал кишидей бай киши болгон жок. Атасы кайтыш болгондон кийин, атасынын байлыгынын бардыгы Аюб пайгамбарга калат. Аюб пайгамбар Юсуф пайгамбардын небереси Рахима апабызга үйлөнөт.
Рахима апабыз 12 жолу төрөгөн. Кээде эгиз төрөгөн. Бир ууул, бир кыз кылып.
Алла Таала Аюб пайгамбарды өз элине пайгамбар кылып жөнөтөт. Ал Хурон, Тайх эли болгон. Алла Таала Аюб пайгамбарга жакшы мүнөз, адеп-аклак, мээримдүүлүк берген. Эли аны аябай урматтап-сыйлайт эле, себеби ата тарабы да, апа тарабы да пайгамбар болгон. Аюб пайгамбар Алла Тааланын буйругу менен аларга шарият түзүп берди жана аларга мечит куруп берди. Аюб пайгамбардын дасторкону дайым ачык, азык-түлүк менен толтурулган эле. Жетим – жесирлер, меймандар, жакыр кедейлер, түнү-күнү келип курсактарын тойгузуп кетишет эле. Жетимдерге мээримдүү, атадай мамиле жасайт эле, жесир аялдарга боорукер, күйөөдөй жардам берет эле, алсыз оорулуу адамдарга бир тууган ага-инидей жардамын аябайт эле. Кол астындагы ишкерлерге муктаж адам келип калса анын кажетин кечиктирбей аткаргыла деп буюрат эле. Эгин-тегиндери жылына мол түшүм берет эле, чарбасы эгиз төл берет эле, бирок ага көңүл буруп, такыр сүйүнбөйт эле. Балким айтат эле: “Оо, Аллахым! Бул дүйнө,мал-мүлк, бул берекени пендеңе убактылуу зынданыңда берүүдөсүң.
Акыретте бергендериң кандай болот экен? Аюб пайгамбар ушунчалык байлык, мал-мүлктүн үстүндө болсо дагы жүрөгү шүгүрдөн, тили зикирден калбайт эле.
Иблис кызганып айтты: бул Аюбга Алла Таала эки дүйнөнү тең берди, ал эми мен анын эч болбогондо бир дүйнөсүн бузуп жокко чыгаруум керек же абдан тырышып, аракет кылып эки дүйнөсүн тең бузуп жокко чыгаруум керек деп айла-амал издөөгө аракет кыла баштады.
Мурда Иблис жетинчи кабат асманга чыгып каалаган жеринде олтурат эле. Иблис мурдагы адатындай эле жетинчи асманга чыгып бир жерге олтурду. Алла Таала ага айтты: оо каргышка калган! Менин пендем Аюб Мага кандай берилгенин көрдүңбү? Аны азгырууга колуң жеттиби? Иблис айтты: Оо Роббим! Аюб албетте тынбай ибадат кылат себеби ага байлык бердиң, бала-чака бердиң, ден-соолук бердиң андыктан анда эч кандай кайгы камы, ой-пикири жок. Эгер башкалардай бир кемчилиги болуп турса, ал деле ибадат кыла албай калат.
Алла Таала айтты: Сен калп айтасың! Мен ал пендемдин жүрөгүн, ички сырын билемин. Анда байлыгы болсо деле ал ибадатын кемитпейт. Иблис айтты: мага мүмкүнчүлүк бергин! Мен аны ибадаттан да кайтарам, зикирден да кайтарамын, ал өз абалы менен алек болуп ибадат кыла албай калат. Алла Таала айтты: жарайт, сага бардык мүмкүнчүлүктү бердим, бирок жанын ала албайсың, тилин ала албайсың.
Иблис мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир деңиздин жээгине барып чыңырып кыйкырды эле, бардык жин-шайтандар алдына келип жыйналып айтышты: оо мырзабыз, сизге эмне болду? Ал айтты: азыр бизге ушундай мүмкүнчүлүк болду, мындай мүмкүнчүлүк Адам бейиштен чыгарылгандан бери болгон жок эле. Ал силерден суранарым мага жардам бергиле. Аюбдун эч болбогондо бир дүйнөсүн бузуп жокко чыгаралы. Иблистин аскерлери мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул сөздү угаары менен токтоосуз барып, Аюб пайгамбардын мал-мүлкүн, үй-жайын өрттөп салышты. Аюб пайгамбар бир жерде намаз окуп олтурат эле. Иблис келип айтты: сен намаз олтура бересиңби? Мал-мүлкүң, үй-жайың өрттөнүп күл болуп калды. Аюб пайгамбар намазын бузбай, ой-пикирин жоготпой кадимкидей эле, шашпай намазын улантып окуп бүтүрдү. Анан айтты: Аллахыма алкыш мактоолор болсун! Мал-мүлктү, байлыкты берди жана кайтарып алыптыр деп кайра эле ибадатын улантты. Иблис Аюб пайгамбардын мындай сабырдуулугун көрүп, үмүтү үзүлүп, жасаган ишине өкүнүп, кор болгон абалда кайтып кетти. аюб пайгамбарда 12 перзенти болгон. 8 уул, 4 кыз, алар бардыгы кезек менен ар күнү бир агайындарынын үйүндө тамактанышат эле. Ошол күнү улуу агаларынын үйүнө чогулуп тамактанууда болушкан. Иблис аскерлерин чогултуп ошол үйдү курчап алып, үйдү бузуп жиберишет. Алар баардыгы бир дасторкон үстүндө олтурган абалда өлүп калышат. Кээ бири оозуна нанды тиштеген абалда, кээ бири колуна чыны кармаган абалда дүйнө менен коштошконун билбей калышат. Иблис чуркап Аюб пайгамбарга келет, ал намазда болчу. Иблис айтты: намаз окуп олтура бересиңби? Үйүң бузулуп, балдарыңдын баардыгын басып калды. Аюб пайгамбар оюн намаздан бөлбөй, шашпай намазын окуп бүтүрүп айтат: оо каргышка калган! Сен мени азгырам дейсиңби? Жок сен өзүң азгырылыпсың, мен Аллахыма шүгүр кыламын, балдарымды каалаган берди, каалаганында алды. Мал-мүлк, бала-чака баардыгы ибадатка жолтоо болуучу Роббимдин ибадатына бошоо үчүн ушундай жолтоо болуучуларды менден алыптыр. Иблис үмүтү үзүлүп кор болуп, ачууланган абалда кайтып кетти.
Аюб пайгамбар бир күнү намаз окуп олтурганда, башын саждага койгондо, Иблис келип оозу-мурдуна үйлөп жиберет. Иблистин деми Аюб пайгамбардын ичине кирип, канына аралашып, денеси шишип кетет. Ысытмалап катуу ооруп, денеси оорлошуп, жаман абалга түшөт. Аны бул абалда жубайы Рахима энебиз көрүп айтат: сиз балдарыңызга,мал-мүлкүңүзгө көп кайгырып ооруп калдыңыз жана түнү менен уктабай ибадат кылып чыгасыз. Күндүзү болсо күн бою орозо кармайсыз, бир аз саат эс албайсыз, андыктан ооруп калуудасыз. Бир аз убакыт өтөөрү менен Аюб пайгамбардын денесине чечек чыга баштайт, башынан баштап таманына чейин чечек оорусу камтып алат. Ал чечектерден ириң чыгып, курттап кетет. Анын мындай оорусун тууган-уруктары, жоро-жолдоштору алдынан кача башташат. Аюб пайгамбардын үч аялы болгон. Алардын экөөсү талагын сурап, талактарын алып ажырашып кетишет. Рахима энебиз жалгыз калат Аюб пайгамбарга кызмат кылып, Рахима энебиз түндү түн дебей, күндү күн дебей жийиркенбей, зекибей, ыкылас менен кызматын улантат. Бир кошуна аялдар келип Рахима энебизге айтышат: “Аюбдун оорусу жукма оору окшойт, анын оорусу биздин балдарыбызга да жугуусунан коркобуз, андыктан күйөөңдү бизден алысыраак жерге алып кет! Эгер өз ыктыярың менен кетпесең, биз сени зордоп болсо деле бул жерден чыгарып жиберебиз”. Рахима энебиз кийимдерин кийип, керектүү нерселерин колуна алып, Аюб пайгамбарды аркасына көтөрүп, кичине баланы көтөргөн сыяктуу, көздөрүнөн көз жаш агып, үнүн чыгарып ыйлап мындай деди: “Оо, аттиң! Өз элимден, өз жеримден куулуудамын. Оо, аттиң! Алланын пайгамбары өз жерине батпай, өз элинен куулууда” – деп ыйлаган абалда өз элинен, өз жеринен чыгып кетти. башка бир айылга барып, бир ээси жок бузук коргонго кирип, Аюб пайгамбарды артынан түшүрүп жерге койду.
Ал айылдын эли келип, Аюб пайгамбардын абалын көрүп, Рахима энебизге айтышты: “Күйөөңдүн оорусу жаман экен, тез бул жерден алып кеткин! Биздин элге да анын оорусун жуктурасың! Эгер алып кетпесең иттерибизди алып келип бошотуп жиберебиз, күйөөңдү жеп коюшат”. Рахима энебиз айласыз ал жерден да күйөөсүн көтөрүп, кыйналып-кысталып, ыйлаган абалда чыгып кетти. айылдардан алыс, эл көрбөгөн жерге барып Аюб пайгамбарды жашырып коюп, анан өзү айылга барып бир балта, жип алып келип, дарактардын бутагынан кесип келип, ысык-сууктан сактана турган кичинекей үй жасайт. Аюб пайгамбардын астына жумшак топурактан төгүп жаткызат, башына сынык таштан алып келип, жаздык кылып жаткызып коюп, өзү айылга карап жол тартат. Аюб пайгамбар Рахима энебиздин кетип жатканын көрүп: “Оо, Рахима! Токтой тур, мен сага ыраазылыгымды билдирип, осуяттарымды айтып калайын. Рахима энебиз токтоп, кайрылып айтат: “Оо, Алланын элчиси! Мен сизди бул жерге таштап кете белем. Менин денемде жаным эле болсо сизди таштабайм, өмүрүмдүн аягына чейин сизге кызмат кылып, сиздин ыраазылыгыңызды алып, жанымды сизге садага чабамын. Мен айылга барып бир аз болсо да азык-түлүк таап келейин, сиздин курсагыңыз ачып калды – дегенде, Аюб пайгамбар Рахима энебиздин бул сөздөрүн угуп, көңүлү тынчып уруксатын берет.
Рахима энебиз айылга барып, ар кимдин ишин кылып, күндө бир нан, эки нанга иштеп келип, Аюб пайгамбардын курсагын тойгузуп, кызматын кылат.
Ал айылдын эли да Рахима энебизди Аюб пайгамбардын аялы экенин билип калып, аны ишке албай, эч нерсе бербей, тескерисинче Рахима энебизди ал айылдан да куушат. Сен биздин айылга башка келбегин! Күйөөңдүн оорусун биздин айылга жугузасың- деп. Рахима энебиз ыйлап, көз жашын агызып, Алла Таалага кайрылып дуба кылат: Оо, Аллахым! Өзүң менин абалымды көрүп, билип турасың. Бул кең жер мага тарлык кылып батпай калдым. Адамдар да бизден жийиркенип, бизден качып, иштерин да кылдырбай коюшту. Бул дүйнөдө пенделериң бизден жийиркеништи, акыретте Өзүң бизден жийиркенүүчү болбо. Бул дүйнөдө пенделериң үйлөрүнөн, айылдарынан бизди куушту, кыямат күнү Өзүң бизди рахматыңдан куучу болбогун. Эртеси Рахима энебиз айылга түшүп, бир наабайчынын аялына кирип, бир нан карыз берип турчу, күйөөм үйдө ачка кыйналып жатат дейт. Ал аял Рахима энебизди көрүп таанып: сен дагы келдиңби? Күйөөм көрүп калса сага да мага жаман болот дейт. Рахима энебизде он эки өрүм чачы бар эле, узундугунан жерге тийип жүрөт эле. Ал чачтары Рахима энебиздин сулуулугуна сулуулук кошот эле. Аюб пайгамбар ошол узун чачтарын жакшы көрөт эле. Рахима энебиз сулуулукта чоң атасы Юсуф пайгамбарга окшошуп кетет эле.
Наабайчынын аялы Рахима энебиздин чачтарын көрүп калып, чачтарыңды кыркып берсең төрт нан беремин деди. Рахима энебиз айласыздан күйөөм ачка өлүп калбасын деп, ыраазы болуп, кайчы алып, чачтарын кыркып берип төрт нан алат. Анан айтат: оо Роббим! Албетте бул менин жасаган ишим күйөөмдүн ыраазылыгы үчүн, пайгамбарыңдын курсагын тойгузуу үчүн чачтарымды саттым, Өзүң кечиримдүүсүң, мени кечиргиниң – деп Алладан кечирип сурады. Аюб пайгамбар Рахима энебиздин нан алып келгенин көрүп сүйүнүп, чачынын кыркылганын көрүп капаланып, ар кандай ойлорго барып, бир жаман бузукулук иш кылган болсо керек, мен оорумдан сакайып турсам жүз камчы урушум керек деп касам ичет. Рахима энебиз Аюб пайгамбардын капаланганын көрүп: капаланбаңыз, бул чач бир аз убакыт өтөөрү менен өсүп калыбына келет- деп башынан өткөн окуяны айтып берди. Аюб пайгамбар ант ичкенине, Рахима энебиз жөнүндө жаман ойго барганына өкүнөт.
Алла Таала кабар кылып айтат: Сен көп капаланып, ичкен антыңа көп өкунбөгүн! Сакайганыңдан кийин жүз бутактуу бир шакты алып бир жолу Рахиманы уруп койсоң, антың чечилет. Рахима энебиз Аюб пайгамбардын алдына олтуруп нандан ушатып жегизди. Аюб пайгамбардын денесин курттар жеп, денесинде эт калбай калды. Сөөктөрү, тамырлары, жүрөгү, тили эле калды. Күн астынан тийгенде күндүн шаңы артынан көрүнөт эле. Ошончолук абалга жетсе дагы жүрөгү Аллага шүгүр кылуудан, тили зикир кылуудан бошобойт эле. Аюб пайгамбар ушул оору менен он сегиз жыл алек болот. Бир күнү Рахима энебиз айтат: Сиз пайгамбарсыз, Алланын алдында кадыр баркыңыз бар, андыктан Алла Таалага дуба кылып, шыпаа берүүсүн сурабайсызбы? Аюб пайгамбар айтат: менин соо жыргап жүргөнүм канча жыл болду? Рахима энебиз айтат: Сексен жыл соо жүрдүңүз. Аюб пайгамбар айтат: менин ооруган күндөрүм соо жүргөн күндөрүмө жете элек экен, андыктан Алла Таала шыпаа бергин деп дуба кылып суроодон уяламын. Аюб пайгамбардын денесинде эт калбай калып, курттар бирин бири жей баштайт. Курттар бирин бири жеп түгөтүп эки эле курт калат, ал эки курт дененин бардык бардык жагын издеп, эт таппай, бири тилине бири жүрөгүнө жабышат. Аюб пайгамбар айтат: мага кандай оору берсең да, кандай кырсык берсең да сабыр кыламын, жүрөгүм өзүңдүн мухабатың, тилим зикириң менен алек болсо эле. Ал эми курттар бири жүрөгүмө жабышты, бири тилиме жабышты. Эгер бул эки курт жүрөгүм менен тилимди жеп коюшса мен Сенин мухабатыңсыз, зикириңсиз жашоомдун кереги жок, баардык кыйынчылыкка сабыр кыламын, бирок Өзүңдүн махабатыңдан, зикириңден үзүлүүгө сабыр кыла албаймын деп дуба кылды.
Алла Таала кабар кылып айтты: Оо, Аюб! Тилиң меники, жүрөгүн да меники, курттарды да Мен бердим, Мен берген нерселерге сабырсызданасыңбы? Жетимиш пайгамбар бул ооруну Менден сурашты, бирок Мен алардын ичинен сени тандам сага бердим, бул оору көрүнүшү оор болгону менен чындыгы Мага жакындатуучу. Анан Алла Таала Аюб пайгамбардын дубасын кабыл кылып, ал эки куртту жерге түшүрдү. Бири сууга түштү, ал сүлүк болуп, аны менен оорулуулар денесине коюп, кандарын сордуруп, шыпаа талап кылышат. Экинчи курт кургак жерге түшүп, бал аары болду. Ал балды да жеп адамдар шыпаа табышат. Анан Жабраил периште бейиштен эки анар алып келип, Аюб пайгамбарга салам айтты. Алла Таала сага буйруда ушул эки анарды жесин деп. Аюб пайгамбар айтты: “Оо, Жабраил! Алла Таала менин наамымды атадыбы?”. Жабреил периште: “Ооба” – дегенде Аюб пайгамбар сүйүнүп абдан ыйлап, менин наамымды Алла Таала атоосу албетте мен ушул ооруга сабыр кылгандыгымдын себебинен болсо керек. Аюб пайгамбар эки анарды жегенден кийин, Жабреил периште тургунуң, Алланын уруксаты менен деди. Аюб пайгамбар туруп оң буту менен жерге урду эле жерден ысык суу чыкты, ал сууга жуунду. Сол буту менен жерге урду эле муздак суу чыкты, ал суудан ичти, ичиндеги жана сыртындагы баардык оорулар жоголуп, денеси мурдагыдан да жакшырып, жашарып, жүзү айдай нурданып калды.
Мукотил (Тапсир аалымы) (Алла Таала ырайым кылсын) айтат: “Алла Таала балдарын да кайра тирилтип, мурдагыдан да жакшыраак байып жашашты”.
Доххак (Тапсир аалымы) (Алла Таала ырайым кылсын) айтат: “Алла Таала Аюб пайгамбарга кабар кылып айтты: Эгер кааласаң балдарыңды кайра тирилтип берейин. Аюб пайгамбар айтты: Оо, Роббим! Эгер алардын арбагы бейиште жүрүшкөн болсо, тек эле койгун. Бейиште жүрө беришсин деди эле. Алла Таала мурдагы балдарындай балдарды берди.
Момун пенделер бул икаядан үлгү алып билүүлөрү керек. Бул дүйнөдө эң кыйын сыноо, эң катуу балээ пайгамбарларга болот, анан олуяларга, анан аалымдарга, айтор динде канча катуу болсо сыноо да ошнчо катуу болот. Андыктан башыбызга бир сыноо келген учурда, мурдагы Аллага жакын пенделеринин жасаган иштеринен үлгү алып, алардай сабырдуу болуу керек. Билүү керек, Алла Таалага жетүү ушундай сыноолор менен болот.
Шибли (Алла ырайым кылсын) ооруп төшөктө жатып калат, ага бир жамаат жоро-достору кабар алганы барышат. Алар биз сиздин ооруп калганыңызды угуп, кабар алып, зыярат кылсак деп келдик дешти. Шибли (Алла ырайым кылсын) колуна таш алып, аларды кууйт. Эгер силер мага дос болсоңор, менин башыма түшкөн балээге, ооруга сабыр кылууңар керек эле – деди.
Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубалары болсун) айткан: “Башына түшкөн кыйынчылыкка бир саат сабыр кылуу, бир жылдык таат-ибадаттан жогору турат”.
Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубалары болсун) айткан: “Сабыр үч түрдүү болот: 1-Башына түшкөн кыйынчылыкка сабыр кылуу. Ошол кыйынчылыкты жаман көрүп кайгырбасын. Алла Тааладан көрсүн.
2-Таат-ибадатка сабыр кылуу. Ибадаттардын ысык-суугуна сабыр кылып, өз убактысында аткаруу керек.
3-Күнөө кылбоого сабыр кылуу. Напсисин тыйып, сабыр кылып, күнөөнү жасабай калууга тырышуу керек.