• Кыргыздан айланса болот. Жат нерсени бат эле алат окшойт. Өзгөчө муну “досторубуз” жакшы түшүнөт. Антпесе, миллиондогон саптан турган Манасты жаттап келген кыргыз бүгүн бир Кураандан сүрөө жаттай албаганы, кыркка чейин бойдок жүргөнү аз келгенсип ондогон кызды майкандап бактысыз кылганы, ата-энесин таштап ит багып алганы ж.б. жоруктары кайдан пайда болду. Албетте, динсиздиктен жана анын кесепети болгон арак жана тамекиден. Бул талашсыз.
• Алтымыштан ашса да сакалы жок аксакалдар, жетимишке жетсе да он сегиздеги, жоолуксуз байбичелер кайдан чыкты? Биз ушундай эл белек? Анысы аз келгенсип, эми гана бир эреже, бир каада менен жашаганы турганда «арабташтырды, пакистандаштарып жатат» — деп айгайлаганын кантесиң?
• Айтмакчы, бул сөз кыргызды билбеген, тарых десе Бартольд менен Абрамзонду гана билгендерден чыкканы ого эле зээнди кейитет. Алардын оюнча арабдашуу кыргыздын накта салттарын жутуп, улутту жоюп салат имиш. Кыргыз маданияты жоголуп араб маданияты үстөмдүк кылып калат экен. Кайсы салттарын жойот экен? Араккечтиктиби, сойкулуктубу, паракордуктубу же ай дээр ажосу, кой дээр кожосу жок дабдырлыктыбы? Кайсы маданиятты оодарат имиш? Атасын адамча көмө албаган түркөйлүктүбү, аялын күндө сабаган зөөкүрлүктүбү, көрүнгөн кызга аша берген аңгиликтиби? Ушулар кыргыздын салты жана маданиятыбы?
Биринчидин бүгүн арабдашуу эмес эл мусулмандыгына кайтып жаткан учур. Анын үстүнө араб деген улут. Ал кан менен берилүүчү генетикалык өзгөчөлүк, ал эми дин акыл менен кабыл алынчу жашоо эрежеси. Экинчиден караңгылыктагы араб маданияты Ислам менен жоюлуп, ордуна жаңы маданият тургузулган. Мына ошол маданият жапайы элди 23 эле жылда дүйнөгө үстөмдүк кыла ала турган даражага жеткирди. Ал маданиятты үйрөнүү менен кыргыз жоготконун кайра табат, караңгылыктан чыгат. Профессор же академик болсун билгенин Жараткан кудайына байлай албаса ал тамга тааныганы менен караңгы, философиянын суусун ичкени менен мокок. Кыргыз дини менен улуу гана болот, даражасы көтөрүлөт.