Кээ бир адамдар менен бир нерсени талкуулоого такыр болбойт. Аларга айтуу менен убакытыбызды гана жоготобуз. Ошол себептен Али ( Алла ыраазы болсун) мындай деген эле:
«Адамдардын ан- сезимине ылайыктап сүйлөгүлө.
Силер сүйлөгөн сөздү түшүнбөй, динге болгон күмөн пайда болот».
Чындыкты жеткирем деп ачууга алдырсаңыз, алардын акыйкатты таануусун бир нече жылга кечендетип аласыз. Алардын абалына, аң – сезимине, кабыл алуусуна сөз жок көнүл бурунуз!
Андай адамдарга эч убакта катуу айтпаныз, орой сүйлөбөнүз сиздин оройлугунуздун себебинен алар чындыкты чындыктай кабыл албай, Алланын ыйык динине кесир сөздөрдү айтып коет.
Алла Таала Ыйык Куранда:
«Аллага шерик кошкондорду (каапырларды) тилдебегин, сага өчөшүп Алланы алар сөгүп салышат»,-дейт. (Сод 265) Бул аяттын маанисин аалымдар мындай деп түшүндүрүшөт:
«Аллага ишенбеген адамдардын ишенимине сөз сүйлөп алар ишенген нерселерди сөкпөгүлө( орой айтпагыла). Андай кылган болсонор алар Алланы жакшы көрсө да силерге өчөшүп Алланы сөгүп алышат.
Урматту бир тууганым, арабызда түрдүү адамдарды жолуктурууга болот. Ошолорго орой мамиле кылып Ыйык Ислам динин жаман көрсөтпөйлү.
Сиздин динге акаарат келтиргендерге жасаган корс мамилеңиз эч убакта жакшылыкка себепкер болбойт.
Соцтармактарда олтуруп калганыңызда исламга туура эмес айтылган сөздөргө, комментарийлерге күбө болуп калсаныз ал адамды «баса» калбаныз. Аларга кандай мамиле кылуу керектигин илимдуу, билимдуу шариятты жакшы билген адамдардан сураңыз.
Ислам тынчтыктын дини, ага бирөө жалаа жапса ошондой болуп калбайт★
Ким исламга жаман сөз келтирсе, ислам бир нерседен кемип калбайт★
Ким исламга жакшы пикир-сөзүн арнаса ислам көбөйүп-көрктөнүп кетпейт★ Аллах исламды кемтиги жок берген♥
Тек гана динге кылган мамилебиз менен өзүбүз сооп табабыз, күнөө табабыз. Аллах баарызга туура жол берсин.
Кыргызда «Сөздү укканга айт, сууну сиңген жерге куй» деген жакшы кеп бар эмеспи..