Алланын ыраазылыгына жетүү

https://kyrgyzcha.site/?p=44393&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«Адамдардын арасында Алланын ыраазылыгына жетүүнү көздөп өз жанын да аябай тургандары бар?

Алла пенделерине (абдан)Ырайымдуу!» (Бакара 207).

?Зиннура айым да динсиз каапырлардын сөөкө өткөн кордугун көп тарткан. Мыкаачы Абу Жахил анын көзүн көр салат. Карөзгөйлүгү аз келгенсип шылдыңдачу:

-Мына, көрдүңбү? Лат менен Узаа көзүңдү көр кылып таштады!

-Жок! Кудайга ант болсун, менин көзүмдү алар көр кылган жок. Лат менен Узааңдын мага не күкүмчөлүк пайдасы, не зыяны жок. Бирок менин Улуу Кудайым көзүмдү кайтарып бергенге кудуреттүү!

Түркөйлүктүн сазына баткан мушриктер ошол күндүн эртеси эле Зиннура айымдын көзү көрүп калганына күбө болуп, таң калуудан башкага жарабады.

?Мусулманчылыкты эң алгачкылардан болуп кабылдаган дагы нечелен момундар карөзгөй каапырлардын жанчыдагыс кордуктарына кабылбады! Булардын арасында Амир бин Фухайра, Абу Фукайха, Микдад бин Амр, Умму Убайс, Лубайна, Нахдия өңдүү Азирети Пайгамбарыбыздын сахабалары бар эле.

Мушриктер буларды күн так төбөгө келип, аптап кайнап турган кезде жылаңачтап, колу бутун таңып, отун сүйрөгөнсүп көчөлөрдө ары-бери сүйрөп, анан кумдуу чөлгө алып барып, чоң-чоң таштарга бастырып жазалоону эрежеге айландырып алышат. Бул аз келгенсип кекиртектен муунтуп, деми чыкпай калгандарды өлдүгө чыгарып басып кетишер эле.

Арабстандын аптабында кызыган кумга бастырылганда акыл-эсин жоготуп, айрым учурларда деми кыстыгып жан бергендер да болгон.

Ардактуу сахабалар ыроолонгон ыйманды коргоп калуу жана бул Аллахтын нематты бизге жеткирүү үчүн жогоруда айтылган жана айтылбай калган оор кыйноолорду баштан кечирип, мал-мүлкүн, кара жанын каржаган.

Ошо доордо жашап турса да, Ислам деген белектин улуулугун, ыйыктыгын жана зарылдыгын аңдай алышкан. Ошентип бул кайраттан баар таап Жараткан Алланын жакшылыгына бөлөнүшкөн?

Аманат өмүрлөрү «Эй ыйман келтиргендер! Алладан астейдил корккула жана мусулман болгон тейде жан бергиле!»(Аали Имран, 102) деген буйруктун негизинде Акыйкат Ээсине арнап салып, түбөлүктүүлүккө кадам ташташкан?

?Саад бин Абу Ваккас энесин абдан урматтачу. Энесинин айткандарын эки кылбаган, көзүнүн агы менен тең айланган жароокер перзент эле. Жараткан насип буйруп Саад да дин Исламды кабылдайт. Уулунун мусулман болгону алекизаматта күбүр-шыбыр менен энеге жетет. Каарданган эне уулун коркутууга өтөт:

-Ай уулум!

Бул эмне кылганың?

Эгер бул динди таштабай турган болсоң, мен тамак ичпей койом, ачкадан өлөм! натыйжада сен «Энесинин канкору!» деген наалатка каласың!

Алдастаган Саад жылуу-жумшак айтып энесин көндүрө албай койот. Көшөргөн эне эки күн, эки түн эч бир наар албайт. Үчүнчү күн дегенде алсырап саламаттыгы бир кыйла начарлай түшөт. Бир жагынан энесинин кашкөйлүгүнө жаны күйсө, бир жагынан сүйүктүү энесинин кайгыга батып алсырап баратканына сарсанаа болот. Акырында Алланын Кудуретине тобокел кылып чечкиндүү түрдө минтип айтат?

-Энеке! Кудай Таалага ант болсун!

Эгер сизде жүз жаныңыз болуп, жүзү жүз жерден чыккан күндө да, мен бул динден баш тартпаймын!

Уулунун чечкиндүү жообу эненин шаабайын суутат. Ансыз да башы кеңгиреп, ашказан ачышып чыдатпайт, же жандын таттуулугу белем мурункусундай тамактанып тирилигин улаган.

Лукман сүрөсүнүн он төртүнчү жана он бешинчи аяттары ушул окуяга карата түшүрүлгөн:

«Биз инсанды ата-энесине дайыма жакшылык кылсын деп буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: «Мага жана ата-энеңе ыраазы бол. Кайтуу Мага».

А эгер алар сени сен билбеген нерселерди мага шерик кылууга үндөй баштаса, анда аларга баш ийбе. Аларга мээримдүү бол! Мага моюн сунгандардын жолу менен бол!

Андан соң кайтууңар Мага! Мен силердин эмне кылганыңар тууралуу кабар берем!» (Лукман, 14-15) (Муслим, Фадаилус-сахаба, 43-44; Ибни-Асийр, Усдул-Гааба, II, 368)

?Азирети Пайгамбар Абу Бакирге (Алла ага ыраазы болсун) даярдык көрө берүүсүн айтып, Азирети Алини (Алла ага ыраазы болсун)чакырды жанына. Көчүүгө буйрук келгенин билдирип, ээлерине тапшырып кою үчүн мойнундагы аманаттарды тапшырды. Анткени Мединалыктар өз бүлөсүнө ишенбей, сактоо үчүн кымбат баалуу буюмдарын ишенимдүү пайгамбарга берише турган. Агезде Меккеде ага аманат таштабаган эч ким жок болсо керек эле.

-Али! Бул түнү менин ордума сен жатасың. Мына бул чепкенимди үстүңө жаап ал, коркпо!

Алар сени эч нерсе кыла алышпайт!» деп кол кысышып коштошуп жөнөй берди (Ибн-и Хишам, II. 95-98).

Азирети Али жандай сүйгөн Пайгамбарынын сунушуна муюду. Ыйман толкуну ошого түрттү. Болбосо мыкаачы мушриктер басып кирерин, Азирети Пайгамбырдын көзүн тазалоо мерчемделгенин ал да биле турган. Ууга сугарылган найзалардын көкүрөгүнө кадаларына кайыл болуп анын ордуна жатты. Чай кайнам убакыт өтпөй мушриктер жулунуп кирип келип төшөктө жаткан адамды басып жыгылды. Бетине жабылган жуурканды ача салып башка адамдын жатканын көргөн баскынчылардын күйбөгөн жери күл болду окшойт. Алини жулкулдатып Азирети Мухаммаддын (саллаллоху алейхи васаллам) кайда кеткенин такып сурашты.

-Билбейм анын кайда кеткенин!

Мен анын кароолчусу эмесмин! Силер аны «Бизге жолобо!» деп казаптап кубалаганыңарды унуттуңарбы?!

Мына эми, ал өз мекенин таштап кетүүгө мажбур болду! -деп күнөөнү мушриктерге жүктөдү. Азирети Али аларга болгон чындыкты айтты.

Ойлогон ойго жетпей каратып туруп олжону колдон чыгарганына жаны кашайып жаалданган баскынчылар Азирет Алини (Алла ага ыраазы болсун) аябай токмоктоп, Каабага алып барып бир кыйлага чейин камап коюшту.

?Нажид уруусунан келген өкүлдөр Ислам менен таанышкан соң динди үйрөтүү үчүн мугалим жөнөтүүнү суранышат. Алла Элчиси(саллаллоху алейхи васаллам) алардын өтүнүчүн орундатуу үчүн Курандын дээрлик бардык бөлүгүн жаттаган каарылардан жана динден жакшы кабардар болуп калган Суффа өкүлдөрүнөн жетимишке жакын адамды жөнөтөт. Алланын ыраазылыгы үчүн жолго чыккан мусулмандар Бир-и Мауна деген жерге келип тыныгуу үчүн жол боюндагы үңкүргө киришет. Ысыктан салкынга кирип эми эле көчүк баскан жолоочуларды капыстан балээ басат. Бул мурунтан мерчемделген, мурунтан уюшулган кутумдук эле. Жаббар бин Сулма аттуу мушриктин обочодон мелжеп урган найзасы үңкүрдүн ооз жагынан орун алган Амир бин Фухайранын көкүрөгүн тешип өтөт. Дал ошол мезгилде Амирдин жашы кырктын кырында болгон дешет. Заматта эсин жыйган сахаба шейиттиктин шербетин ичип жатканын болжоп жылмайыңкы түрдө:

«Аллага ант болсун! Мен утуктамын!» деп кыйкырат.

Арт жакта жашырынып турган жоон топ мушриктер чыга келип Ислам дининин алгачкы шам чырактарын чекеден өчүрүп кирет. Төбө чачты тик тургузган кыргынды жетектеген ибн-и Туфайл тирүү калтырылган бир мусуланды тажаалданган канкорлоруна сүйрөтүп келет да алгачкы шейитти кылычы менен көрсөтөт:

-Ким бул?

-Бул Амир бин Фухайра!

-Мен ал өлтүрүлгөндөн кийин денесинин асманга карай көтөрүлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Жерден көккө көтөрүлгөнү азыр дагы көз алдымда турат. Бир топтон кийин жерге түшүрүлүптүр.

Ага чейин эле акындыгы менен кыйла белгилүү болуп калган ибн-и Туфайл окуяны өз көзү менен көргөнүнө карабай мусулман болгон жок. А Амир бин Фухайраны шейит кылган Жаббар окуянын таасиринен улам мусулман болгон.

Күү менен урулган найзасынын көкүрөктөн тешип чыгышы көз алдынан кетпей койот. «Аллага ант болсун! Мен утуктамын!» деген аянычтуу үн кулагына улам жаңыра берет, жанын жай алдырбай. Мээсинин ичиненби бир жерден чыккан жаңырык кулактын кужурун алат, бир чети аны жүрөксүнтсө, бир чети түйүнү чечилгис табышмак болот. «Өлтүрүп жаткан мен болсом, утукка чыккан ал болсо?! Бул эмне деген иш?» деген ой мээсин кемирет.

Күндөрдүн биринде атактуу каарман Даххак бин Суфянга барып мээсине мыктай маталган көйгөйдү айтып, жандырмагын сурайт.

Даххак «Бейишке жеттим!» деген турбайбы, кайран киши дейт. Бул жандырмак Жаббарды кайдыгерликтин уйкусунан ойготуп мусулман кылат?

?Ухуд согушу аягына чыккан күнү эле. Азирети Сафия денесинин бир бүтүн жери калбай жарадар болуп шейит кеткен биртууганы Азирети Хамзаны (Алла ага ыраазы болсун) акыркы ирет көрүп калуу ниети менен шейиттер тизилген жайга карай басат.

Алдынан уулу Зубайр тосот:

-Алланын Элчиси сенин артка кайтышыңды өтүнүп жатат.

-Эмне үчүн биртууганымы көрбөй кайтып кетишим керек? Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билем. Ал Алла үчүн мындай акыбетке кабылды. Ансыз деле бизди мындан башка нерсе тынчыта албаса керек эле. Буйруса сабыр кылып үзүрүн Алла Тааламдан күтөмүн.

Зубайр Алланын Элчисине барып энесинин айткандарын билдирери менен көңүлү жайлана түшкөн Пайгамбар көрүүгө уруксат берет. Шейиттердин мырзасы деген улуу шарапатка арзыган Азирети Хамзаны көргөн биртууганы көз жашын төгүп, Жаратканга жалбарып дуба кылат (крз. Ибн-и Хишам, III, 48; Ибни Хажар, ал-Исааба, IV, 349).

?Дин Исламдын данакери Азирети Мухаммаддын башка элдердин өкүмдарларына жазган каттарын жеткирген элчи сахабалардын ыйманынын күчтүүлүгү, тайманбас эрктүүлүгү кылымдардан бери унутулгус казалга айланган. Анткени алардын көбү алдыда оор азап-кордук алтургай ажал күтүп турганын жакшы билишкен. Ошентсе да, Алланын динин, Азирети Пайгамбарыбыздын катын жеткирүүнү асыл өмүрдөн баалуу деп билгендиктен тобокелге салышкан. Мойнуна кош миздүү албарс кылыч такалып турса да, кашкайтып чындыкты саймедирешкен. Ошол орошон окуялардын айрымдарын кыскача айта кетели.

Күндөрдүн биринде сахабалар жыйналып олтурган жерге Алланын Элчиси келет?

— Сахабаларым! Үзүр сообун Алладан тилеп Искендериянын (Египет) Мукавкысына (ажосуна) мына бул катты кимиңер алып барасыңар?

Хатиб бин Абу Балтаа (Алла ага ыраазы болсун) ордунан ыргып турат:

-Пайгамбарым! Мен алып барам!

-Эй, Хатиб! Алла бул озуйпаны сага кайырлуу кылсын! деп ак батасын берет Пайгамбар?

Хатиб Алла Элчисинин катын Искандария Мукавкысына алып барат. Катта мындайча жазылган эле:

«Бисмиллахир-Рахманир-Рахим.

Алланын кулу жана Элчиси Мухаммаддан Кыптилердин ажосу Мукавкыска. Ак динге моюн сунуп, туура жолго түшкөндөргө саламаттык тилейм!

Сени дин Исламга чакырам. Мусулман бол да бактыңды тап, Алла сага сыйлыгыңды эселеп берсин?Эгер бу чакырыктан баш тартсаң, кыптилердин күнөөсү сенин мойнуңа жүктөлөт.

«Айткын (Мухаммад): Эй, Китеп ээлери (жөөт жана христиандар),бизге да, силерге да теңдеш болгон бир сөзгө келгиле – жалгыз Аллага гана сыйыналы, Ага эч нерсени (шерик) тең кылбайлы жана бири-бирибизди кудай кылып албайлы. Эгер алар (китеп берилгендер) ушул чакырыктан баш тартышса, анда силер(момундар): «Күбө болгула, биз мусулмандар – Жалгыз Аллага моюн сунуучуларбыз» деп айткыла!» (Али Имран, 64).

Мукавкыс Пайгамбарыбыздын катын окуп, Хатибди (Алла ага ыраазы болсун) жанына чакырат. Андан соң дин адамдарын да чогултат. Окуянын калганын Хатиб (Алла ага ыраазы болсун) өзү мындай түшүндүрөт:

Мукавкыс менден көп нерселерди сурады:

-Сенден айрым түшүнбөгөн нерселер тууралуу сурайм.

-Угуп жатам, айта бериңиз.

-Сенин Төрөң пайгамбарбы?

-Ооба, ал Алланын Элчиси!

-Ал акыйкат пайгамбар болсо, аны өз ата-журтунан кууп чыгып, башка жакка баш калкалоого аргасыз кылган коомго каргыш айтып эмне үчүн Алладан жардам сурабады?

-Сен Иса бин Мариямдын Алланын пайгамбары экендигине күбөлүк бересиң, туурабы? Ал дагы акыйкат пайгамбар болгон соң коому аны кармап, айкаш жыгачка аса турган маалда, коомун жок кылууну Алладан тилесе болбойт беле?

Мукавкыс сөз таппай калды. Тынымча унчукпай турду. Саамдан соң:

-Сөзүңдү кайтала!

Кайталадым. Мукавкыс дагы унчукпай калды. Анан кайра:

-Жакшы сөз айттың. Сен акылмансың, ар бир сөзүң орундуу экен. (Анткени сен) Кеменгер инсандын жанынан келатасың

-Сенден мурун бул жерде бир адам өзүн Кудай деп чыккан. Алла Таала ал Фараонду дүйнө жана акырет азабына дуушар кылган. Сен өзүңөн мурункулардан ибарат-үлгү ал, ал эми кийинкилерге жаман үлгү болбо.

Мукавкыс:

-Биздин бир динибиз бар. Андыктан өз динибизден да кайырлуу дин көрмөйүн биз бул динден кайтпайбыз!

-Дин Ислам сенин диниңден жогору экендиги кадиксиз!

Биз сени Алла Тааланын адам баласына дин катары тандаган Исламга чакырабыз. Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) сени эле эмес, бүтүндөй инсаниятты чакырып жатат. Алардан ага эң катуу, аша орой мамиле жасаган Курайш уруусу болду. Ага каршы жөөттөр катуу душмандык кылышты. Христиандар ага жылуу мамиле көрсөтүштү. Муса пайгамбар Иса пайгамбар жөнүндө кандай куш кабар берген болсо, Азирети Иса да Азирети Мухаммад(алейхиссалату вассалам) тууралуу куш кабарын айтып кеткен. Куранга амал кылууга чакырып жатканыбыз, сенин Тооратка моюн сунгандарды Инжилге чакырганың сыяктуу. Ар бир адам өз учурунда келген пайгамбарга үммөт болушу керек.

А сен болсо Азирети Мухаммаддын доорунда жашап жатасың. Андыктан сени Исламга чакырабыз. Биз муну менен Азирети Исанын дининен алыстаткан болбойбуз. Керисинче, анын көздөгөн максатына ылайыктуу түрдө амал-иш кылууңду сунуштап жатабыз.

Мукавкыс:

-Мен бул пайгамбардын дининин төркүн түшүндүм. Анда жашоо-өмүрдөн, дүнүйөдөн баш тартууга үндөлбөгөнүн аңдадым. Ал (Мухаммад) жолдон тайган сыйкырчы да, кайыптан аян алганын айтып чыккан жалганчы да эмес экен. Тескерисинче, анда кайыпты көрүп кабар алып келүү өңдүү пайгамбарлыктын белгилери бар. Ошентсе да, дагы бираз ойлонушум керек болуп турат.

Андан соң Пайгамбарыбыздын катына кыскача жооп жаздырды.

Мукавкыс мындан ашыкча эч нерсе кылбады. Мусулмандыкты кабылдаган да жок. Мага: «Абайла!

Кыптилер сенин оозуңан бир да сөз угушпасын!» деп эскертүү берди.

Шаан-шөкөтү бийик, нары сүрдүү, нары кооптуу падышанын алдында ыйманынын толкуну менен айткан акылга бай ажайып сөздөрү ыйманды жандилден сүйгөн момун Хатиптин баам-парасаттуулугун, кайратын даңазалаган мисал.

?Чакырык катты Ирандын өкүмдары Кисрага Абдуллах бин Хузафа(Алла ага ыраазы болсун) алып барат. Бирок Кисра Мукавкыстан башкача кадам шилтейт. Катта Азирети Пайгамбарыбыздын ысмы өзүнүн атынан мурун жазылганына ачууланып, катты тытып салат. Келген элчиге акаарат кылып, катуу жектейт.

Абдуллах (Алла ага ыраазы болсун) Кисрага жана жалпы эле перс жамаатына кайрылып мындай дейт:

-Эй, перс жамааты!

Силер пайгамбарсыз, (Кудайдан келген) китепсиз жана жер жүзүндө өзүңөргө гана таандык жерге ээ болуп, оомал-төкмөл дүйнөдө түш сымал өмүр-жашооңорду өткөрүп жатасыңар!

Бул дүйнө силер ээлик кылган жерден алдаканча чоң.

-Эй, Кисра!

Сенден мурун дүйнөнү же акыретти эңсеген эчен өкүмдарлар келип, бийлигин жүргүзүп кеткен. Акыретти эңсегендери дүйнөдөн пайдаланып, өз насибин алып кетишкен. Ал эми убактылуу жыргалчылыкты гана эңсегендер акыреттеги бактылуулуктан кур калышкан. Сага сунуш кылып жаткан мына бул динди теңсинбей жатасың, бирок, Кудайга ант болсун, кай жерде болсоң да, азыр алымсынбай жаткан нерсе келгенде жүрөгүң түшүп, коргоно да албай каласың!»

Кисра буга жооп иретинде бар байлык-бийликтин өзүнө таандык экендигин, эч качан жеңилүүгө дуушар болбостугун, өзүнө тең келчү эч бир күчтөн коркпостугун айтып, Абдуллах бин Хузафаны сарайынан чыгартып салат.

Абдуллах (Алла ага ыраазы болсун) Кисранын сарайынан чыгар замат атына минип Мединаны көздөй жол тартат. Өзүнө-өзү күбүрөнөт:

«Аллага ант болсун, мен үчүн эки жолдон (өлүм же аман калуу) кайсынысы болсо да кайгырбайм. Анткени Алла Элчисинин катын тиешелүү адамга жеткирип, озуйпамды орундаттым?»

Мына, Азирет Мухаммеддин бир өтүнүчүн орундатуу үчүн өлүмгө да кайыл болуп аттанган Ислам каарманынын абийринин бейпилдиги?…

?Абдуллах бин Хузафанын (Алла ага ыраазы болсун) ыймандуулугу, кайратынын курчтугу жөнүндө баяндамаларда бир топ окуялар жазылып калган.

Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) халифалык доорунда Шамдын Кайсария аймагындагы Римдиктерге Ислам кошууну жөнөтүлгөн эле. Кошуунда Абдуллах бин Хузафа да бар эле. Ал Римдиктердин колуна туткунга түшүп калат. Аскербашчысы падышасына алып барып: «Бул Мухаммаддын жөөкөрлөрүнөн!» деп тапшырат.

Падыша Азирети Абдуллахты кыйла күн бою суу да, тамак да бербей ээн үйгө каматат. Акырында Абдуллах жаткан үйгө шарап менен доңуздун этин киргиздирип, үч күн көзөмөл койот. Абдуллах жемек мындай турсун шарапка да, этке да жакын жолоп койбойт. Жан-жөөкөрлөр падышага:

-Мусулман туткун катуу алсырап калды. Аны үйдөн чыгарбасаңыз сөзсүз өлөт! дешет.

Падыша аны алдына алдырып:

— Сен эмне үчүн жеп-ичүүдөн баш тартып жатасың? деп сурайт.

Абдуллах:

-Чынында мындай оор-зарылдык учурларда (шарапты, доңуз этин) жеп-ичсем болот эле. Бирок сен мени жана Исламды шылдыңдашыңды каалабадым! Падыша анын бул салабаттуу жообунан соң:

-Мүлкүмдүн жарымын сага берип, сени байлыгыма, бийлигиме ортоктош кылсам, кызымды да сага никелесем, христиан болосуңбу? дейт.

Абдуллах :

-Сен мага Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам)дининен көз ачып жумганчалык кайтышыма мүлкүңдүн баарын жана бардык араптардын байлыгын берсең да макул эмесмин.

-Андай болсо сени өлтүрүүгө туура келет.

-Ал сени эркиң!

Ошентип, жан-жөөкөрлөр Абдуллахты айкаш жыгачка асып салышат да, алгач мергендер ага атайын тийгизбей жебе тартып коркутушат. Андан соң падыша дагы бир жолу христиан динине кирүүнү сунуштайт. Кутман сахаба кыпындай да жылыш көрсөтпөйт.

Падыша:

-Же христиан болосуң, же болбосо сени кайнак сууга салдырам дейт. Падыша Абдуллахтын айтканынан кайтпасын баамдаган соң жез казанына суу толтуруп кайнаттырат. Падыша мусулмандардан бир туткунду алдырып, ага да христин динин сунуштайт. Туткун падышанын сунушунан баш тартканы себептүү аны казанга салдырат. Бул окуялардын баары Абдуллахтын көз алдында өтөт. Казанга салынар замат бечаранын эти сөөгүнөн шылынып түшөт.

Падыша Абдуллахка христиан динин дагы бир ирет сунуштайт. Бул ирет да кабылдабаган соң ачуусун жан-жөөкөрлөрүнөн чыгара, буркан-шаркан түшүп казанга салууну буюрат. Азирети Абдуллах казанга салынардан алдын көз жашын төгүп жиберет. Кылдат карап турган падыша мына эми эпке келди го деп ойлоп, дароо токтотот. Дагы бир ирет христиан динин сунуштайт. Сунушун кескин четке какканын көрүп, таң калып сурайт:

-Андай болсо эмне ыйлап атасың?

Азирети Абдуллах бин Хузафа (Алла ага ыраазы болсун)?

-Жасап жаткан мыкаачылыгымдан коркуп ыйлады деп ойлоп турасыңбы? Жок, андай эмес!

Мен Алла жолунда берчү бир гана жаным бар болгондугу үчүн ыйладым. Ичимден өзүмө: Сенде азыр бир гана жан бар, мына бул казанга кирип, ошол замат Алла жолунда жан бересиң. Ал эми мен денемде канча кыл болсо ошончо жаным болушун, алардын ар бири ушундай зомбулук менен Алла жолунда удаама-удаа шейит кетишин жан дилим каалар элем! дедим?

Падыша Азирети Абдуллахтын ыйманынан жаралган тайманбастыгын, тайбастыгын, салабаттуулугун көрүп, ыраазы болуп, аны эркиндикке чыгарууга ичинен чечим кылат да:

-Башыман өпсөң, сени эркиндикке чыгарам — дейт.

Мүмкүнчүлүктү пайдаланган Абдуллах падышага тике карап:

-Мага кошуп бардык мусулман туткундарды азаттыкка чыгарасыңбы?

-Ооба, кое берем!

-Жарайт, бул башка кеп.

Кийин Азирети Абдуллах:

«Өзүмө-өзүм: Өзүмдүн жанымды да, мусулман туткундардын жанын да аман алып калууга себепкер болуу үчүн Алла душмандарынан биринин башын өпсөм эмне экен? Өпсө, өбөйүн» дедим.

Ошентип, ал күнү сексен мусулман азаттыкка чыккан экен. Туткундан бошонгон мусулмандар Азирети Умардын алдына келип болгон окуяны айтып беришет. Азирети Умар?

«Абдуллах бин Хузафанын башынан өбүү ар мусулман үчүн милдет! Муну эң алгач өзүм баштайм» деп өзү баштап Абдуллахтын башынан өпкөн экен.

Ыйман чындап ишенген ыкласман мусулманды адаттан тыш кыраакы, көрөгөч кылат. Ушундай деңгээлге жеткен момун мусулман боло турган же болуп жаткан окуяларга акырет өңүтүнөн назар салат. Алар ошондуктан турмушта ар качан пайда-зыянга эш жүрүшөт. Айтайын дегеним, пайданы да табышат, зыянды да тартышат. Биз өңдүү жөнөкөй мусулман үчүн дал ушундай көрүнөт алар. Болбосо, бул дүйнөдөгү убактылуу кыйынчылык-машакаттын, өтөр-кетер азап-кайгынын момундар үчүн эч кандай оордугу жок.

?Ыйманды чын жүрөктөн сүйө жашап өткөн каармандардын арасында Вахб бин Кабша аттуу сахаба болгон.

Азирети Пайгамбарыбыз бул кутман сахабаны дин Исламды үгүттөө үчүн Кытайга жөнөтөт. Вахб бин Кабша озуйпаны токтоосуз кабылдап сапарга аттанат. Ошол дооорлордо Медина шаары менен Кытай өлкөсүнүн аралыгы бир жылдык машакаттуу жол экен. Кутман сахаба көздөгөн жерге жетип милдетин өтөйт. Ийгиликтерге жетет. Көптөгөн адамдар анын үгүттөөсү менен мусулман болот. Бир топ мезгилден кийин кусаланып Азирети Пайгамбарыбызды сагынат, көргүсү келет?

Көөдөн көксөөсүн тынчытып келүү үчүн батышка карай сапар тартат. Пайгамбарга болгон сүйүү, динге болгон ашыглык, кусалык бир жылдык жол азабын сездирбейт?

Бирок жол азабы-көр азабы кишини өңдөн аздырат, кан-сөөлүн качырат, алсыратып чаалыктырат. Тилеке каршы, Ааламдардын Ардагы дүйнө салгандыктан Мадинатул Мунавварага келген кусадар сахаба Пайгамбарын көрө албай калгандыгы үчүн кусалыгы эселеп артат, кайгы-муңга батат. Кулагына Алланын Элчисинин тээ муруңку жылдардагы тапшырмасы жаңырат, өмүрүнүн эң шаңдуу, эң бактылуу ошол учуру көз алдына тасмадай тартылат. Сабырдуу сахаба ошол тапшырманы ара жолдо өксүктө калтыргысы келбей Кытайга кайра кайтат. Озуйпасын аткарат. Жараткан Алланын сабырдууларды жана динге ак дилден кызмат өтөгөндөрдү сүйөрүн ушундан билиңиз, динди жайып жүргөн жеринен Вахб бин Кабшанын рухун алып кетет?

Ошентип Вахб бин Кабша Алланын Элчисинин Кытай өлкөсүндөгү алгачкы өкүлү болуп, улуу шарапатка татыган. Маркум сахабанын сөөгү Кытайда калган экен.

?Султан II. Байезид менен анын иниси Жем Султандын ортосунда жараян эткен төмөнкү окуялар бабаларыбыздын ыйман ырайын, Ислам дини ширеткен изгиликти жана артыкчылыктарды айкын чагылдырып турат.

Байезид Вали 1481-жылы падышалык тактыга келет. Падышалыгынын алгачкы он төрт жылын иниси Жем Султандын Осмон мамлекетинин тактында адилеттикти жактап, ошонун натыйжасында пайда болгон бир топ оор көйгөйлөр менен алектенип өткөргөн. Мындай абал II. Байезиддин христиандарга болгон таасирин азайтат. Жем Султан агасы Байазидке кеңеш салат:

-Өлкөнү экиге бөлөлү. Жарымын сен башкар, жарымына мен өкүм жүргүзөйүн!

Кыраакы падыша инисиин бул сунушун орунсуз эсептеп четке кагат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️