«Инсан» деген сөз арап тилинде «нисян»-унутуу деген уңгунун туундусу болуп эсептелет. «Нисян-унутуу»-«зикирдин-эстөөнүн» антоними. Унутчаактык адамзааданын эң чоң өксүктөрүнүн бири. Унутчаактык кишидеги табигый кемчилик болгонуна карабастан, мунун зыяндарын жою үчүн «Алланы» жана Анын «кулпендеси» экенбизди акылда ар дайым жандуу тутуу максатында иралды «зикирге-эстөөгө» муктаждык бар. Анткени канчалык көп кайталанган сайын кайталанган нерсенин түшүнүктүүлүгүн арттырып, акыл-эстеги ордун бекемдейт?
Зикир өтө маанилүү кулпенделик озуйпа. Анткени зикир Куранда эки жүз элүүдөн ашык жерде баса белгиленген. Накта буйрулгандай кулчулук милдетти өтөө жана ошондой эле Аны таамай таануу зикирдин жүрөктөн алган ордуна жараша жөзөгө ашат. Ушу себептен Алла Таала минтип буйруган?
«Үнүңдү катуу чыгарбастан ичиңден жалбарып, корккон абалда Жаратканды күнү-түнү эстегин! Кайдыгерлерден болбо!» (Аараф, 205).
«Алланы эстөө албетте эң чоң ибадат…» (Анкабут, 45).
«Мейли тик турган абалда, мейли отурган же жамбаштап жаткан чакта болсун, момундар Алланы эстешет…» (Аалу Имран, 191).
Акыл-эс терезесинен караганда дене-турпат өзүнчө бир керемет кенч. Мына ушул улуу мүлктүн ажосу саналган жүрөк Алланы зикир кылуу жолу менен түзөлүп, жакшы менен жаманды таамай айырмалай билген деңгээлге жеткенде дене-турпатты изгиликке багыттап калат. Өкүмү астындагы бардык мүчөлөргө пайдалуу көрсөтмө бере баштайт. Натыйжада Алла Таала ыраазы боло турган кулпенделик деңгээлди багынтат?
Зикирдин изги жагын Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минтип билдирген?
«Алланы эстеген пенде менен эстебеген пенденин тирүү менен өлүктөй айырмасы бар» (Бухари, Даават, 66).
Анткени зикир дегенди билбеген, билсе дагы акыл-эси, тили башка нерселер менен алектенген пенделер Алланын сүйүүсүнө татымак тургай такыр арзый алышпайт. Ошондуктан Анын эскертүүсү ар убак ушул өңдүү пенделерге багытталган:
«Эй ыйман келтиргендер! Мал-мүлк, бала-бакыраңар Алланы эскерүүдөн силерди алаксытып койбосун. (Ал эми ким) ошондой кылса зыянга учурайт» (Мунафикун, 9).
«Жүрөгү катып Алланы эстебей жүргөндөргө убал жок!..» (Зумар, 22).
«Кимде ким Рахманды (Алланы) эстебей кайдыгер болсо, жанынан карыш жылбаган шайтанды ага жандооч кылып койобуз» (Зухруф, 36).
«Ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыяматта сокур кейипте жыйнайбыз» (Таха, 124).
Алланы эстөөгө кайдыгер мамиледе болуунун кооптуулугу себептүү көптөгөн эскертүү жиберилген. Алардын биринде минтип айтылат?
«Ыймандууларга Алланы зикир кылуу жана Ал тарабынан түшүрүлгөн Куран себептүү жүрөк ичиркенер убак али келген жокпу?» (Хадид, 16).
Бул аят Меккеде кыйынчылык көрүп, душмандардан запкы жеп андан соң Мединага көчүп, ал жерде мол ырыскыга тунуп, санак жеткис нематтарды көргөндө кыйла ныксырап, динге болгон дилгирлиги солгундай баштаган сахабалар үчүн жиберилген (крз. Суюти, Лубаб, II, 151-152).
Жалпыга маалым болгондой, Азирети Муса да, Харун да пайгамбар болгон. Алла Таала ошого карабай үгүт үчүн аларды Фараонго жөнөтүп жатып:
«Сен иниң экөөң Менин аяттарымды жеткиргиле. Кайдыгерлик кылып Мени эстебей койбогула» (Таха, 42) деп буйруган. Жараткан Алла ошентип «Керегем сага айтам келиним сен ук!» таризинде эки пайгамбарга эскертүү берүү менен кийинки муундарга зикирди унутпоону эскерткен.
Ар дайым Алланы зикир кылуунун жана акылды жүрөк менен, жүрөктү акыл менен көзөмөлдөөнүн зарылдыгын Азирети Пайгамбарыбыз минтип маалымдаган?
«Алланы унутуп маанисиз сөзгө кирип кетпегиле. Анткени көп сөз Алланы унуттуруп, жүрөктү катытат. Жүрөгү катуу адам-Алладан такыр узак» (Тирмизи, Зухд, 62/2411).
Момун кайдыгерликтен арылып, Жараткандан ыраазылыкка арзый турган деңгээлге жетиш үчүн «түбөлүк-зикир» жолуна түшүшү кажет. Зикир бир саат, бир апта же бир канча мезгил ичинде эмес өмүр бою, ар бир дем менен коштолушу зарыл. Мына ошондо гана руханий сергектик жаралат.
Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун) эне минтип айткан?
«Алла Элчиси качан болбосун зикир кылганы, кылган эле» (Муслим, Хайз, 117).
Ибн-и Аббас?
«Эй ыймандуулар! Алланы көп-көп эстегиле!» (Ахзаб, 41) деген маанидеги аятты чечмелеп жатып мындай деген?
«Жараткан Алла пенделерине парз буйруган ибадат атпайга белгилүү бир чекти койгон. Бул жаатта олуттуу себеби барлардын үзүрлөрү кабылданып келет. Зикир гана булардан тышкары. Ал зикир үчүн белгилүү бир убакытты же мерчемдүү мөөнөттү койгон эмес. Жин ооруусунан таза, акыл-эстүүнүн баары зикирден милдеттүү. Себепсиз калтыргандын шылтоосу эгерим кабылданбайт».
Жаратылыш Нуру зикирди дилине да, тилине да сиңирип өнөкөткө айлантып алган инсандар менен чөйрөлөш болууга жана зикирди токтотпоого үндөгөн??
«Исмаил урпагынан төрт кишини кулчулуктан куткарууга караганда багымдат намазынан тарта күн чыкканга чейинзикир чалган жамаат менен чогуу болуу мен үчүн дагы да кубанычтуу. Алланы эстеген бир жамаат менен дигер убагынан күн батканга чейин чогуу болуу мен үчүн төрт кишини азаттыкка чыгаруудан дагы да жакшы иш» (Абу. Давуд, Илим, 13/3667).
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз үчүн айткан салаваттар да зикир алкагынан саналат. Бул тууралуу Жараткан Алла минтип маалымдайт?
«Шек-күмөнсүз Алла жана периштелери Пайгамбарга көп салават айтышат. Эй момундар! Силер ага салават айткыла жана толук баш ийип салам бергиле» (Ахзаб, 56).
Салаваттын баалуулугун Азирети Мухаммад минтип нускалаган??
«Кимде ким мага бир жолу эле салам берип, салават айтса, ал пендеге Алла он эсе мээримин төгөт, каталарынан ону өчүрүлүп, он даража көтөрүлөт» (Насаи, Савх, 55).
«Салават менен саламды көп айткан пенделер, кыямат күнүндө адамзаттын ичинен мага абдан жакын болалышат» (Тирмизи, Витир, 21/484).
Жана ошондой эле намазда болсун, намаз сыртында болсун тасбих, тахмид, такбир айтып, истигфар тилеп, айрыкча Куран окуу жана аяттардын маани-маңызына ой жүгүртүү зикир ибадатынан саналат.
Изгилик элестери?
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) түнкү намазды окуу үчүн турганда оболу «Аллаху Акбар», «Алхамду лиллаах», «Субхаанал-малакул-куддуус», «Астагфирлуллаах», «Лаа илааха иллаллаах» деген зикирлерди ондон кайталап, андан соң?
«Аллахым! Дүйнө менен акыреттин кыйынчылык, мүшкүлүнөн Сага башкалкалайм!» деп он жолу дуба кылгандан кийин намазды баштай тургандыгын Азирети Айша эне маалымдаган (Абу Давуд, Адаб, 101/5085).
?Азирети Пайгамбарыбыз кыска, бирок нуска айтылган зикир, дубаларды жактырган.
Таң жарып калган. Багымдаттан кийин Жувайрия эне али ордунан козголо электе Алла Элчиси эртелеп үйдөн чыгып кетти. Күн эки аркан бою көтөрүлүп калган кезде үйгө кайткан Пайгамбар байбичесинин багымдатты окуган жеринен карыш жылбаганын көрөт да, суроо узатат:
«-Мен үйдөн чыккандан бери бир орундан жылбай зикир чалып жатасыңбы?»
Ооба -дегендей таризде баш ийкеди кутман эне.
«Үйдөн чыгып баратып «Арыштын салмагынча, мүлдө макулуктун эсеби, түгөнбөгөн сөздөрдүн саны канча болсо, дал ошончо ирет Өзү ыраазы болгончо, Жараткандын даражасына жарашпас бардык өксүктүктөн Алланы аруулайм жана Ага алкыш айтам» деген сүйлөмдү үч ирет кайталагам. Мен айткан ушу нуска зикир таң эртеден бери айтылып жаткан зикирлериң менен таразага коюла турган болсо, сообу жагынан экөө тең чыгат» (Муслим, Зикир, 79).
?Азирети Мухаммад Мустафа мындай деген?
«Таразага коюлганда салмагы оор отуруп, Мээримдүү Аллага жаккан жана айтылышы жеңил эки сүйлөм бар?
Кудайлык даражасына жарашпас сыпаттардан Алланы аруулайм жана Ага алкыш айтам. Кудайлык даражасына жарашпас сыпаттардан Улуу Алланы аруулайм!» (Бухари, Даават, 65, Айман, 19, Тавхид, 58; Муслим, Зикир 31).
Алла ар дайым пенде заттын дилинде болууну каалайт. Куранда?«Алар тик турганда, отурганда да, жамбаштап жатканда да (ар дайым Алланы) зикир кылышат» (Аалу-Имран, 191) деп айтылат.
Жогорудагы хадистер Алланы аруулоонун-тасбихтин шарапаттуулугун жана сооптуулугун тастыктап турат. Мындайча айтканда тасбих айтууга сүрөйт. Аят менен хадисте айтылганына караганда жалгыз тасбих айтуу менен чектелбей, Алланы даңазалап, улуулап, мактап, алкыш айтып-зикир кылуу зарыл.
?Бул окуяны Абдулла бин Буср баяндаган?
Азирети Пайгамбарыбызга эки чабан келет. Ал-жай сурашкан соң бирөө собол салат:
-Оо, Пайгамбар! Кандай адам дагы да жакшылыктуу?
«-Өмүрү узун, кылган иш-аракети салих адам». Экинчи чабан кайрылат ынтызарлана:
-Оо, Алла Элчиси! Исламдын өкүмдөрү көбөйдү, бек тутуна турган бараандуу бир амал үйрөт мага.
«-Тилиң Алланы даңазалоо-зикир менен алек болсун» (Ахмад, IV, 188).
Азирети Пайгамбарыбыздын айтымына караганда, көндүм болуп такай айтылган зикир мусулман пендени кайдыгерликтен, унутчаактыктан арылтат, ыкласын, моюн сунуусун арттырат. Тактап айтканда, зикир диний өкүмдөрдү орундатуу жаатындагы мусулмандын ышкысын арттырган рухий дем жана береке?
?Сахабалардын бирөө Азирети Мухаммаддан сурайт?
-Кайсы жихаттын акыбети дагы да чоң?
«-Алланы такай зикир кылган пенденин акыбети зор болот!»
-Кандай абалда орозо кармаган адамдын акыбети дагы да чоң болот?
«-Алланы көп эстеген пенденин орозосу!»
Чабан андан кийин намаз окуган, зекет берген, ажыга барган жана кайыр-садага берген адамдын акыбети тууралуу сурады. Алла Элчиси анын бардык суроосуна?
«-Алланы көп-көп эстеген пенденики!» деп жооп берет.
Абу Бакир Азирети Умарга кайрылат?
-Умар! Алланы зикир кылган жандар жакшылыктын баарын алып кетишти!
Муну уккан Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам)аларга бурулуп?
«-Ооба ошондой!» деп баш ийкеди.
Демек, кандай абал болбосун өзүбүздү зикир кылганга көндүрүп, дасыктырып, ушул изгиликти оожалтышыбыз чоң жакшылык алып келет.
?Кеңеш сураган Муаз бин Жабалга (Алла ага ыраазы болсун) Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген?
«-Алладан чындап корк!
Такыбаа бол!
Кай жерге баспа, кай даракка жөлөнбө Алланы зикир эт. Күнөө иш кылган соң жарыя түрдө да, купуя түрдө да тооба кыл!» (Хайсами, X, 74).
?Зикирдин шарапаттуулугу тууралуу сахабаларына маалымат берип жатып Алла Элчиси мындай дейт?
«-Бейиш багына кирген кезде аны туура пайдалангыла». Сахабалардын айрымдары түшүнбөй кайра суроо узатышат:
-Пайгамбарым! Бейиш багынан эмнени максат кылып жатасыз?
«-Зикирчи жамаатты (максат кылдым)» (Тирмизи, Даават, 82/351).
?Абдулла бин Раваха (Алла ага ыраазы болсун) кимге жолукпасын?
«-Кел тууган!
Алла үчүн бир аз олтуруп ыйманыбызды тазалап, зикир кылалы!» деп өтүнөр эле. Күндөрдүн биринде ал башка бир сахабага жолугуп өтүнүч айтат. Абдулланын айканын түшүнө бербеген сахаба Алла Элчисине собол таштайт. Азирети Пайгамбарыбыз ага?
«-Абдулла бин Раваханы Алла мээримине бөлөсүн! Ал периштелер мактаган (зикирчи) алкакты абдан жакшы көрөт» деп жооп берди (Ахмад, III, 265).
?Абдулла бин Шаддаддын айтуусуна караганда?
Бани Узра уруусунан үч киши Алла Элчисине келип мусулман болушат. Меймандоо милдетин моюндаган Талха (Алла ага ыраазы болсун) аларды үйүнө алып кетет. Бани Узрадан келген бул үч кишинин келиши дин душмандарына каршы бир казатка туш келгендиктен алардын бири казатка кошулуп барып шейит болот. Көп өтпөй күчтүү даярданган колго кошулуп меймандардын экинчиси аттанат казатка. Натыйжада ал да шейит кетет. Меймандардын үчүнчүсү болсо бир кыйла убакыттан кийин төшөктө үзүлөт.
Андан кийинки окуяны Талха минтип эскерет?
-Үйгө конгон меймандарымды түшүмдө көрдүм. Төшөктө үзүлгөн пенде эң алдыда экен. Экинчи болуп шейит кеткен пенде анын артынан баратат. Алгач болуп шейиттик шербетин ичкен мусулман артта калыптыр. Абдан таң калдым, алгач болуп шейит кеткен кишинин артта калышы, төшөктө жатып жан берген мусулмандын алдыда баратышы дилиме оор келди. Дароо Пайгамбарга барып түшүмдү айттым төкпөй чачпай. Туура дегендей баш ийкеп Алла Элчиси буларды айтты?
«-Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок. Алланын даргөйүндө тасбихти, такбирди жана тахлилди оозунан түшүрбөй Ислам менен өмүр кечирген момун-мусулмандан шарапаттуу эч ким жок» (Ахмад, I, 163).
?Күндөрдүн биринде Уфтада устат шакирттери менен сейилге чыгат тоо тарапка. Дервиштердин баары устаттын буйругун аткарып чөбү белден буралган тоо бооруна чыгып кучак, кучак гүл терип келишет. Дервиштердин арасынан Бурсанын мурунку казысы Махмуд мырза гана ноодасы сынып, соолуган гүлдү көтөрүп келет… Баары колдогу атыр жыты аңкыган түркүн түстүү гүлдөрдү сүйүнүч, кубаныч менен сунат улгайган мамырчыга. Махмуд болсо соолуп ноодасы сынган гүлдү узатып жатып баш көтөрбөй адеп сактайт. Жадыраган жүздүн баары ага карайт таңдана.
-Махмуд балам!
Бардык жолдошторуң боо-боо гүл апкелди. А сен эмне үчүн? деп сөз төркүнүн суроолуу көз мен туюндурат керээт билгин.
-Устат!
Сизге мындан да кымбат, мындан да көп нерсе тартуу этсем да аздык кылат деп ойлойм. Бирок, кайсы гүлгө кол узатпайын «Алла, Алла!» деген зикири келип жатты кулагыма. Алардын асманга агылган шарапаттуу сөзүн токтотууга жүрөгүм даабады, дилим ыраазы болбоду. Акырында зикир айталбаган ушу соолуган гүлдү апкелүүгө аргасыз болдум! дейт?
Жүрөгү сезимтал пенделер үчүн ааламдагы мүлдө кыпын ибарат нускасы. Жандуу-жансыздын баары Алланы зикир кылышат.
«Жети асман менен жердегилердин бүт баары Аны даңкташат. Ага алкыш айтпаган, аруулабаган эч нерсе жок (ааламда). Бирок алардын тасбихин силер түшүнбөйсүңөр. Акыйкатта Ал — Сыпаа, Кечиримдүү!» (Исра, 44).
Демек, адампенде ааламдагы сан миң ажайып көрүнүштөн сабак алып, негизги милдетин билип, танылгыс жоопкерчилигин моюндап, Жаратуучусун зикир кыла жүрүшү абзел.
?Салават айтуу эң шарапаттуу зикирлерден экенинде калет жок. Азирети Пайгамбарыбыздын Алла даргөйүндөгү орду өтө кадырлуу болгондуктан ага салам жана салават айтуу руханий өңүттөн абдан пайдалуу.
Эбегейсиз Улуулугуна карабай Жараткан Алла Өз Элчисине салават айтып, мээримине бөлөп ыраазылыгы менен аны баркын көтөргөн жана ошондой эле ага салават айтууну мүлдө адамбаласына буйруган.
Тарыхый булактардын айтымына караганда Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) минтип айткан?
«Мираж түнү мен Раббимди жүрөгүмдүн көзү менен көрдүм. Раббим мага мындай деди?
«-Сүйүктүүм, кел! Мени менен дидарлаш!» деди. Таң калгандан үнсүз селейдим. Бир топтон кийин Ал менин дилимди чыйралтты.
«Алкыш-шүгүр өңдүү сөз менен, орозо сыяктуу милдет менен жана зекет сыяктуу мал-мүлк менен орундатылган мүлдө ибадат Жараткан Аллага таандык» дедим.
«Эй Кутман Пайгамбар! Алланын саламы, ырайымы жана бүт берекеси сага багышталсын!»
«-Алланын саламы бизге жана Анын жамы пенделерине багышталсын!» дедим.
«-Пайгамбар! Мен Жабраилди ортобуздан оолактаттым, а сен болсо, үммөтүңдү ортобуздан оолак тутпадың» деди айбат жанган үн менен. Жараткандын бул сөзүн уккан Жабраил мындай деди?
«Алладан башка ибадатка татыктуу эч бир кудайдын жок экендигине күбөлүк этем. Ошондой эле ишенимдүү Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк этем» (крз. Куртуби, III, 425).
?Убай бин Кааб (Алла ага ыраазы болсун) минтип баяндаган?
Түндүн үчтөн бир бөлүгү ооп калган. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) уйкудан туруп?
-Оо, адамдар! Алланы зикир кылгыла! Сур биринчи ирет үйлөнгөндө жер огунан айланат. Андан соң сур экинчи ирет үйлөнөт. Азабы катуу өлүм каптайт. Азабы катуу өлүм каптайт! деди.
Жүрөгүм опкоолжуп кетти.
-Пайгамбарым! Мен сага өтө көп салават айтып жүрөм. Муну канча айтсам болот.
-Каалашыңча айт.
-Дуба тилегимдин төрттөн бир бөлүгүн салават айтууга арнасам кандай болот?»
-Каалашыңча айт. Бирок дагы көбүрөөк айтсаң, пайдасы өзүңө.
-Андай болсо дубамдын жарымын салаватка бөлөйүн.
-Каалашыңча айт! Бирок көбүнүн пайдасы өзүңө».
-Анда дубамдын үчтөн эки бөлүгүн бөлөйүн».
-Каалашыңча айт. Арбытсаң өзүң үчүн кайырлуу.
-Анда, дубага бөлгөн убактымдын баарын сага салават айтууга арнасам кандай болот?
-Андай болсо Алла сенин бардык мүшкүлүңдү жоюп, күнөөлөрүңдү кечирет деди?(Тирмизи, Кыямат, 23/2457).
?Бир жолу сахабалардан бирөө оболу Аллага хамд-алкоо, өзүнө салават айтып дуба кыла баштаганына Азирети Пайгамбарыбыз күбө болуп, анын бул таризин мактоого алат?
«-Оо дубакөй пенде! Дуба кыл (дубаны алкыш жана салават менен баштаган адатты таштабай уланта бер!) дубаң кабылдана берет дейт (Тирмизи, Даават, 64/3476).
Умар бин Хаттаб мындай деген?
«Тилеген дубаң жер менен көктүн ортолугунда турат. Азирети Пайгамбарыбызга салават айтмайын эч бир дубаң кабылданбайт» (Тирмизи, Витир, 21/486).
?Кааб бин Ужранын баяндоосуна караганда, күндөрдүн биринде ал:
-Пайгамбарым! Сизге кантип салам берерибизди үйрөндүк бирок, кантип салават айтышты билбей жатабыз? дейт. Салават кантип айтыларын Азирети Пайгамбар?
«Аллахым! Ибрахимге жана үй-бүлөсүнө мээрим төккөнүңдөй Мухаммадка да, үй-бүлөсүнө да мээримиңди төк. Сен шексиз мактоого татыктуусуң жана Улуусуң. Аллахым! Ибрахимге жана үй-бүлөсүнө жакшылык, береке ыроологонуң сыяктуу Мухаммадка да, үй-бүлөсүнө да жакшылык, береке багышта. Сен шексиз мактоого татыктуусуң жана Улуусуң!» деп үйрөтөт (Бухари, Даават, 32; Тирмизи, Витир, 20; Ибн-и Мажа, Икама, 25).
?«-Күнүңөрдүн эң шарапаттуусу жума күнү… Андыктан мага ушу күнү көп-көп салам жана салават айткыла. Анткени ал мага ыйгарылат»дейт Алла Элчиси?
Сөз маанисине түшүнө бербеген бир сахаба суроо салат:
-Сен көз жумуп эч бир изиң калбаган чакта биздин салават сага кантип ыйгарылат?
-Алла Тааланын буйругу менен пайгамбарлардын денесин чиритүү топуракка арам кылынган! деген жоопту алат Пайгамбардан (Абу Давуд, Салат 201/1047, Витир, 26).
?Асыресе, жума күнү Алла Элчисине салам жана салават айтуунун баалуулугу тууралуу Азирети Али (саллаллаху алейхи васаллам) мына буларды айткан?
«Кимде-ким жума күнү Азирети Пайгамбарыбызга жүз жолу салават айткан болсо, кыямат күнү жүзүнөн нур тамылжып, ажары ажайып сулуу болуп махшар майданына келет. Аны көргөн көпчүлүк суктана карап «Бул адам кайсы амалды көп аткарган эле?» деп бири-биринен сурашат (Байхаки, Шуабул, Иман, III, 212).
?Кааб бин Ужранын айтымына караганда Азирети Мухаммад күндөрдүн биринде «Минбарга жакын отургула!» дейт. Жамаат жакындап олтурат. Биринчи тепкичке чыгат, «Аамийн!» дейт. Экинчи тепкичке чыгат, «Аамийн!» дейт. Үчүнчүгө чыккан соң дагы «Аамийн» дейт. Намаз аяктаган соң мурда укпаган мындай сөздүн жана көрүнүштүн сырын сурадык. Ал мындай деди?
«-Жабраил периште мага көрүнүп «Рамазанга жетишкени менен кечирим алалбаган жан мээримден оолак болсун!» деди. Мен болсо укканыңардай «Аамийн!» дедим. Экинчи тепкичке чыкканымда «Ысымындын айтылганын угуп туруп сага салават айтпаган адам мээримден оолак болсун!» деди. Дагы «Аамийн!» деп коштодум. Үчүнчү тепкичке чыкканымда: «Ата-энеси же экөөнөн бири жанында болгону менен алардын ыраазылыгын алалбай бейишке татыбаган адам мээримден оолак болсун!» деди, «Аамийн!» деп коштодум(Хаким, IV, 170/7256;Тирмизи, Даават, 100/3545).
?Бир салих пенденин береги сөзү жазма булактарда жазылып калыптыр:
Менин бир коңшум бар эле. Ал аалымдар жазган китептердин нускасын көбөйтүп жазып тиричилик кылчу. Көзү өткөн соң түшүмдө көрүп аны менен кадимкидей сүйлөштүм:
-Алла Таала сага кандай мамиле кылды?
-Мени кечирди.
Кайсы амалың үчүң?
-Өзүңө маалым болгондой, мен китептин нускасыз көбөйтүп жазчу эмес белем. Алла Элчисинин ар бир кезиккен куттуу ысмын жазып жатып ага сөзсүз түрдө салам жана салават айтчумун. Мына ошол себептен Жараткан Алла мага көз көрбөгөн, бир жан укпаган, эч бир пенденин кыялына келбеген улуу нематтарды тартуу этти?(Набхани, Саадатуд-Дарайн. 101, б).
?Айтууга караганда Исламдын жол башчысын пир тутуп, анын ахлагын сиңирген бир мусулмандын түшүнө күндөрдүн биринде Алла Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) кирет. Азирети Пайгамбар ага кыпындай көңүл бурбайт. Шаабайы сууп убайымга баткан пенде суроо салат:
-Пайгамбарым! Менде таарынычың барбы же мага капаланып турасыңбы?
-Жок!
-Андай болсо, эмне үчүн мага көңүл бөлбөйсүң?
-Сени тааныбайт экем!
-Пайгамбарым, кантип тааныбайсың мени? Мен катардагы эле үммөтүңдүн биримин. Аалымдар «Эне өз перзентин жазбай тааныйт, а Алла Элчиси болсо өз үммөтүн андан да жакшы тааныйт» деп айтышпады беле….
-Алар туура айтышкан. Чынын айтсам сенден адеп-ахлагымдын изин көрө албай турам. Анын үстүнө сенден мага эч бир салам жана салават келген жок. Мен анын үммөтүмүн дегендерди, адеп-ахлагымды канчалык деңгээлде тутунганына жараша таанып аларымды билип кой.
Уйкудан чочуп ойгонгон адампенде сар-санаага батып өзүн жектейт, мурунку кетирген каталары үчүн тооба кылат. Ошондон тарта Алла Элчисинин улуу ахлагын бек тутунуп, кай жерде жүрбөсүн салам жана салават айтуу менен алек болду. Арадан бир кыйла убакыт өткөн соң Азирети Пайгамбар түшүнө дагы кирет. Бирок мунусунда эски тааныштардай жылмаю менен амандашкан соң:
«-Сен мындан ары мага тааныш адамсың, сага шапаат кылам…» дейт.
?Жыйынтыктап айтсак, «Адампенде сүйгөнү менен чогуу болот» деген хадис бар (Бухари, Адаб, 96). «Сүйгөн адам арзуудагы пенденин бүт нерсесин сүйөт» дегендей, биз да Азирети Пайгамбырыбыздын кулк-мүнөзүн, иш-аракетин дегеле бардык сүннөтүн сүйүп, аларды өз турмушубузга чагылдырышыбыз керек. Албырттаган ашыгылык, чыныгы сүйүү жана баш ийүү Жараткан Алланы сүйгөндүгүбүздүн жышааны, ишенимдин пайдубалы. Башка нерселерге ыктаган бардык сүйүү Куран менен сүннөт алдында наркы да, өтүмү да жок. Жараткандын алдына жүзү жарык баруунун жолу — Азирети Мухаммад Мустафаны сүйүү…
Алланы эстеп, зикир айтуу жана салават жолдоо рухубуздун азыгы, түбөлүктүү таалайдын ачкычы. Жүрөк менен жандүйнө талбай, ташталбай айтылган зикир менен кемелине жетет. Аткени Куранда?
Билер болсоңор, жүрөк Алланы зикир кылуу менен гана бейпил тартат» (Рад, 28) -деп айтылган.
Мына ушундай изгиликти Алла баарыбызга буйрусун!
Оомийн!..