1.? «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын». Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.
2. ?«Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат.
3. ?«Аллаху акбар» – «Аллах улук». Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз.
4.? «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат.
5.? «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.
6. ?«МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.
7. ?«ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.
8.? «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.
9. ?«Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.
10. ?«Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.
11. ?«Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.
12.? «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.
13. ?«Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.
14.? «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз.
15.? «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун».