АЛЛАХТЫН СҮЙҮКТҮҮСҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=43038&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АЛЛАХТЫН СҮЙҮКТҮҮСҮ?

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Бул кайрылуу ар бирибиздин бейишке жана Алла Тааланын ыраазылыгына жетелеген берекелүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) төрөлүү күнүнө арналат.

Жер жүзү адамзат баласынын көп жамандыктарына күбө болуп. Адам азып, эл тозуп, жакшылык калбай бара жаткан убакыт. Жер жүзу бакыттан, кубануудан, ыймандан куру калган эле. Ар ким ар нерсеге табынып, жаратылган нерселердин баарын Кудайга айланткан учур.

Мына ушундай оор учурда эки дүйнө мээримдүүсү, көзүбүздүн нуру, башыбыздын таажысы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) дүйнөнү нурга бөлөгөн. Миладий жыл санагы боюнча 571-жылы, Рабийул-аввал айынын 12-чи күнү таңга маал дүйнөнү нурланткан. Амина энебиз башка аялдар сыяктуу толгоо кыйынчылыгын көргөн эмес, жаркыны нурга толгон энебиз төрөт учурун мындай баяндайт?

“Түшүмдө бир киши: “Эй, Амина! Сен, чынында адамзаттын эң ардактуусуну төрөйсүң. Төрөгөндө атын Мухаммад деп коёсуң!” – деди.Төрөө убактысы жакындаганда, бир ак куш келип, канаты менен аркамды сылады. Корккон абалымда түшүмдөн ойгондум.

Бир жагымда мага бир ак чыны менен суу сунду. Ичип жибердим, тегерегим нурга толду, айланама карасам, Абдуманап кыздарына окшош бирок узун бойлуу бир периште айланып жатты. Азирети Мухаммадды (Алланын мээрими жана берекеси болсун) төрөөдө эч кыйынчылык көргөн жокмун, төрөө кезинде Амина энебиз хур кыздарды, периштелерди жана бир нече керемет нерселерди көргөн.

Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) адамзатты эң ардактуусу. Пайгамбарлар чынжырынын соңку жылдызы болуп, бүткүл адамдар менен жиндерге жиберилген. Пайгамбарыбыздын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) келүүсүн касиеттүү аяттарда мындай баяндалат?

”Чындыгында силерге өз араңардан чыккан ызаттуу элчи келди, ага силердин түйшүгүңөр оор келседа, ал силерге өтө камкор, момундарга мээримдүү, боорукер” (Тообо:128).

Сахабалардын бири Пайгамбарыбыз (Алланын мээрими жана берекеси болсун) жөнүндө мындай дейт?

«Алланын элчиси ак жана жарык жүздүү эле. Анын колу жибектен да жумшак, анын жыты атырдан да жыпар болчу»

11-декабрдан 12-декабрга караган түнү, жекшембиден дуйшөмбүгө өткөн түнү Алланын элчиси (Алланын мээрими жана берекеси болсун) дүйнөгө келген куттуу түн?

Бул айда мүмкүн болушунча салават-салам, мунжия салават, наария салават, фатхия салаваттарын көп-көп окуу керек. Айрыкча бул кеченин руханий байлыгынан пайдаланып калуу учун бир таспих намазы окулат. Таспих намазына?

“Оо Аллахым бул күнү ааламдарды нурга бөлөгөн сүйүктүүбүз, башыбыздын таажысы пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Алланын мээрими жана берекеси болсун) урматына мендей күчсүз кулунду кечир”- деп ниет кылынат. Алла Тааланы сүйүү пайгамбарды (Алланын мээрими жана берекеси болсун ) сүйүү менен гана болот?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️