Аллахтын кечиримине шашыл!

https://kyrgyzcha.site/?p=48367&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Аллахтын кечиримине шашыл!

Алла Таала бул жашоодо адам баласын алсыз кылып жараткан. Эгер ал алсыздыгын кубаттаган Ислам динин карманбаса, анда күнөөнү билип да же билбей да кылып алуусу мүмкүн. Ошодуктан Алла Өз пазилети менен шариатында тауба кылуу жана истигфар айтууну буйрук кылган. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) айтты:

«Адам баласынын баары ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн жакшылары тауба кылуучулар♥» (Ибни Маажа)

Алла Таала айтты:

«Жана ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Алладан кечирим сураса, анда Алланын Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат♥» (Ниса сүрөөсү: 11)

Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) хадис кудсийде айтат:

“Улуу Алла Таала айтты:

Оо Адам баласы, эгер мага жалбарып дуба кылып, сыйлыгын менден гана үмүт кылсаң, кандай күнөөң болсо да кечирем жана аны көңүлгө да албаймын.

Оо Адам баласы, эгер күнөөлөрүң асман үстүнө жетсе да ага кечирим сурасаң, баарын кечирем жана аны көңүлгө да албаймын.

Оо Адам баласы, эгер сен мага жерге толгондой каталарың менен келсең, бирок эч кандай ширк келтирбестен жолуксан, анда Мен да сага жерге толо кечирим менен барамын♥” (Тирмизий рываяты)

Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) айтты:

“Аллага ант болсун! Чындыгында мен Аллага күнүнө жетимиштен ашык истигфар айтып, тауба кыламын♥” (Имам Бухарий)

Али (радияллаху анху):

“Куткаруучусу жанында болсо да, өзү кыйрап бараткан адамга таң каламын”- дейт. Ал куткаруучусу эмне? -деп сурашканда: “Истигфар”-деп айткан♥

Кылган күнөөлөрүнө истигфар айткан кишилер жөнүндө Алла Таала мындай дейт:

“(Такыбаа кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Алланы эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Алладан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт” (Аали Имран сүрөөсү: 135 )

Шаддад ибн Аус (радияллаху анху) айтат Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) айтты:

“Истигфардын эң абзели мындай:

Аллахумма, Анта Рабби, лаа илаха илла Анта, халакта-ни уа ана ‘абду-Ка, уа ана ‘аля ‘ахди-Ка уа уа‘ди-ка ма-стато‘ту. А‘узу би-Ка мин шарри ма сона‘ту, абу’у ла-Ка би-ни‘мати-Ка ‘алаййа, уа абу’у ла-Ка би-занбии, фа-гфир ли, фа-инна-ху лаа йагфиру-ззунуба илла Анта”!

اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي ، لا إِلَه إِلاَّ أَنْتَ خَلَقْتَني وأَنَا عَبْدُكَ ، وأَنَا على عهْدِكَ ووعْدِكَ ما اسْتَطَعْتُ ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ ما صنَعْتُ ، أَبوءُ لَكَ بِنِعْمتِكَ علَيَ ، وأَبُوءُ بذَنْبي فَاغْفِرْ لي ، فَإِنَّهُ لا يغْفِرُ الذُّنُوبِ إِلاَّ أَنْتَ

Мааниси:

“Оо Аллахым сен Раббимсиң, сенден башка сыйынууга татыктуу илах жок. Мени жараттың жана мен Cенин кулуңмун. Күчүм жеткенче келишимде болуп, сага берген убаданы аткарамын. Жасаган күнөөмдүн жамандыгынан, Сенден гана сактануу тилеймин. Берген неъматыңды таанып, кылган катачылыгымды мойнума алам. Оо Аллахым, мени кечир! Чындыгында күнөөлөрдү Сен гана кечиресин”.

Андан кийин айтты:

“Кимде-ким бул истигфарды ыйманы бекем болгон абалда күндүзү айтып, кеч киргенче өлсө, ал бейишке татыктуу болот. Эгер аны кечинде ыйманы бекем болгон абалда айтып, таң атканча өлсө, бейишке татыктуу болот♥” (Имам Бухари)

Муъминдердин энеси Айша (радияллаху анха) айтты:

Алланын Элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) бул сөздөрдү көп айтаар эле: Субханна-Ллаахи уа би-хамди-Хи, астагфиру-Ллааха уа атуубу илай-Хи

Мааниси:

“Алла бардык кемчиликтен Аруу, Таза. Ага мактоолор болсун! Мен Ага истигфар айтып, тауба кыламын♥” (Муслим рываяты)

Сүйүктүү мусулман бир-тууганым!

Алланын Элчисинин кылган жана кыла элек күнөөлөрү кечирилсе да, күнүнө жетимиштен ашык истигфар айтып, тооба кылган болсо, анда биз күнөө ээлери кантип Алла Тааладан жалбарып-кечирим сураганга шашылбайбыз!?

КҮНӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИ

Инсан күнөөсүн жеңил санаса, анда анын кесепетин карап көрбөйбү?! Чындыгында күнөөдөн жүрөк караят.

Ак карага айланат.

Ырыскы жана өмүр кыскарат.

Берекет кетет.

Жер титиреп, балээ түшөт.

Динден алган илимин жоготот.

Алла Тааланын каарына калат.

Алланы жалгыздаган тайпадан адашып, шайтанды ээрчиген тайпага жанашат.

Күнөөсү өзүнө эмес, чөйрөсүнө деле кесепетин тийгизет.

Ислам тарыхында канчалаган мусулмандар балдарынын же жакын тууугандарынын күнөөлөрү себебинен, зыянга учураганы маалым. Чындыгында күнөө — душман коркунучунан да катуу.

Умар ибн Хаттаб (радияллаху анху) ата-энесине ак болгон кишилерди, күнөөсүнүн кесепетинен коркуп, согушка алган эмес. Анан ал согуш башталаарда мындай деген:

“Чындыгында бүгүн силер даярдык жана саныңар менен жеңбейсиңер. Бирок Аллага такыбалык кылсаңар, ошондо гана жеңесиңер. Эгер күнөөдө душманыңарга тең болсоңор, анда алар силерди даярдык жана саны менен жеңип алат”.

Алла Таала куранда Таалуттун аскерлерине айткан сөзүн баяндап мындай дейт: «Таалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди:

Алла силерди (суусаган мезгилинерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал — сабырсыз) жана ким андан ичпесе – ал менден (мени менен барат)».

Жогорудагы аятта – Алла Таала сынап тыйган нерселерден кайтпагандардын жеңишке жетпөөсү ачык айтылып турат. Чындыгында күнөөнү таштоого жана ибадатка бекем болууга сыбыр кылуу — мусулмандын негизги куралы. Анткени ушул аяттын аягында мындай дейт:

«Ал эми, (Кыяматта) Алла менен жолугууга (бекем) ишенгендер (айтышты): Нечендеген аз сандуу аскерлер Алланын каалоосу менен коп сандуу аскерлерди женип чыккан. Алла сабырдуулар менен! – дешти».

Оо мусулман бир-тууган!

Күнөөң себептүү мусулмандардын кыйроосуна себепкер болуп калуудан сактангын!

Абдулла ибн Аббас (радияллаху анху) күнөө ээлерине айткан кайрылуусунда мындай деген:

“Эй күнөө ээси, күнөөңдүн акыбетинен аманмын деп ойлобо! Чындыгында күнөө өзүнөн чоң балээни алып келет.

Эгер күнөө кылып жатып, жаныңдагы адамдардан уялбасаң же күнөөңдүн артын карабай шайырдансаң, анда бул ишиң, кылган күнөөңдөн да коркунучтуу. Бирок Алла Таала эмнени көрсөтүп койоорун билбейсиң!

Эгер күнөөгө жетип, тилегиң ишке ашып сүйүнсөң же күнөөгө жетпей, – жашоо караңгы болуп – капалансаң, анда бул ишиң, кылган күнөөңдөн да коркунучтуу.

Күнөө кылып жатып, терезенин пардасын эл көзүнө ачкан шамалдан корксоң, бирок жүрөгүң менен Алла Тааланын көрүп туруусунан кооптонуп коркпосоң, анда бул ишиң кылган күнөөңдөн да коркунучтуу”.

Урматтуу бир-тууганым!

Башыңа бактысыздык келип калгыча тауба кылууга шашыл! Кабыл алуу эшиги жабылып калгыча күнөөңдү таштап, Аллага кайткын!

Ислам аалымдары айтышкан:

Эгер инсан күнөөдө да неъматта да болсо, анда анын Аллага истигфар жана мактоо айтуусу милдет болот.

Ал-жаузий рахимаху-лла айтат:

“Кыйынчылыкта болгон элге, Алла үчүн сабыр кылуу менен Ага ду‘а кылуудан өткөн пайдалуу нерсе жок. Ал эми бейпилчилдикте болгон элге, Аллага шүгүр келтирүү менен Ага мактоо айтуудан өткөн пайдалуу нерсе жок♥”

Алланын Элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) истигфар айткандарды сүйүнчүлөп айтат:

“Эгер кимде-ким ( Кыямат күнүндө ) амал китебинен көп истигфар айтканын тапса ага Тууба болсун♥”! (Ибни Маажа )

Күнөөлөр истигфар айтуу менен жуулса, неъматтар шүгүр кылуу менен кошулат

ИСТИГФАРДЫН СӨЗДӨРҮ

1) أستغفر الله “Астагфиру-ллаах”

Мааниси:

Алладан кечирим сураймын. ( Муслим )

2) » رَبِّ اغْفِرْ لِي وَتُبْ عَلَيَّ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ »

“Робби-гфир лии уа туб алай-йа инна-Ка Анта-Таввабур-Рохиим.

Мааниси:

Оо Роббим мени кечирип, таубаларымды кабыл кыл! Чындыгында Сен таубаларды Кабыл кылуучу жана Ырайымдуусуң♥ (Абу Дауд рываяты)

3) أسْتَغْفِرُ اللهَ العَظِيمَ الَّذِي لاَ إلَهَ إلاَّ هُوَ، الحَيُّ القَيُّومُ، وَأتُوبُ إلَيه» »

“Астагфиру-ллаахал-ъазиим-ллазии лаа илааха илла хуа, Ал-Хаййул Коййуум. Уа атуубу илай-Хи.

Мааниси:

Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон улуу Алладан кечирим сураймын. Ал түбөлүк тирүү жана ар дайым Даяр Туруучу. Жана Ага тауба кыламын♥ ( Тирмизий )

4) «اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ

“Аллахумма-гфир-лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа ав-валлаху уа аахираху, уа аълааниятаху уа сирраху”

Мааниси:

Оо Аллахым, күнөөлөрүмдүн чоңун жана кичинесин, башкысын жана акыркысын, жашыруун, ашкересин жана баарын кечирүүңдү суранамын. ( Муслим )

5) » اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي ، وَجَهْلِي ، وَإِسْرَافِي فِي أَمْرِي ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَدِّي ، وَهَزْلِي ، وَخَطَئِي ، وَعَمْدِي ، وَكُلَّ ذَلِكَ عِنْدِي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ أَنْتَ وَالْمُؤَخِّرُ ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِير”

“Аллахумма-гфир-лии хотииа-ти, уа жахлии, уа исроо-фии фии амрии, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Аллахумма-гфир-лии жаддии, уа хазлии, уа хато-ии, уа ъамдии, уа куллу заалика ъиндии, Аллахумма-гфир-лии маа каддамту уа маа аххарту, уа маа асрарту уа маа аъланту, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Антал-Мукоддим Анта уал-Муаххир, уа Анта ъалаа кулли шай-ин Кодиир”.

Мааниси:

Оо Аллахым, кетирген катачылыгымды, наадандыгымды, ишимдеги исрафымды жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Оо Аллахым, (күнөөмө болгон) аракет, (чектен чыккан) тамаша, кетирген кемчилдиктер жана билип туруп кылган күнөөлөрдүн баарын кылып алдым, аларды кечирүүңдү суранамын.

Оо Аллахым, кылып алган жана кыла турган, жашыруун жана ашкере болгон күнөөлөрүмдү жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Чындыгында Сен Өзүңө (пенделериңди ибадаттары менен ) жакын Кылуучусун жана Өзүңдөн (күнөөлөрү менен) Алыстатуучусуң. Жана бардык нерсеге Кудуреттүүсүң. ( Бухари жана Муслим )

ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАЛАРЫ

Истигфар айтуу – Ыймандуу жана чынчыл пенделердин урааны♥♥♥

Истигфар айтуу – Му’миндин сүйүнүчү, аны менен нафс тарбияланат, жүрөк тазаланат♥♥♥

Истигфар айтуу – Пайгамбарлардын жана Элчилердин дуасы, аны менен даража көтөрүлөт, күнөөлөр өчүрүлөт♥♥♥

Истигфар айтуу – андан шайтан кыжырданат, Алла Таала ыраазы болот♥♥♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️