Байлар чындыгында кедей, кыйынчылык ичинде.
Көбү уйкусун, көбү акылын дагы жоготот.
Өтө бай бир соодагердин:
«Жылдар бою бир тамчы ырахат алып уктай албадым.
Ал акчалар көзүмдүн алдына келген кезде аларды ойлонуудан, эсептөөдөн улам уйкум качат, дары ичсем дагы уктай албайм”, — дегени риваят кылынат.
Дагы бир башка бай соодагер окулган эски гезиттерди жыйнап, жүз сомдун чоңдугунда кесип, тутам-тутам кылып текчеге тизет экен. Өмүрдөгү мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгаргандыгы үчүн, анын үстүнө акылынан тайгандыгы үчүн дагы өзүн ушу менен алаксытууга аракет кылчу экен.
А бирок, «Аллах” дей турган болсо иш орундалмакчы.
Аллаху таала:
«Көңүлдөр бир гана Аллахты зикир кылуу менен ырахаттыкка жетет”, — деп айтууда.
Башкача айтканда, силер ырахат уктап, ырахат иштеп, тынчтык таап, дунүйө жана акыретте ырахаттыкка ээ болгуңар келсе бул силердин бир гана «Аллах” дегениңерге байланыштуу♥
Аллах жолунда дүнүйө менен алектенүү, илмихал окуу, намаз окуу, Курани карим окуу мунун ар бири зикир жана көңүлдүн шифаалуу дарысы болуп саналат.
Салих мусулмандар менен бирге болуу дагы шифаа♥
Эски убакта Жанабы Хактан гадаб-ы илахи (Аллахтын гадабы) дароо келчү.
Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам” ааламдарга ырайым болгондугу үчүн Анын үммөтүнө Жанабы Хак бул жалпы балээни бербейт.
Мөөнөт берет, тообо кыла турган болсо кечирүүдө.
Бул мээрим Пайгамбарыбыздын урматынан улам.
Иса алейхиссалам хаварилери менен бир айылга барат.
Карашса тегеректин баарында өлүп жаткандарды көрүшөт.
Бири терезеден салаңдап турганда, бири эшиктин алдында, бири жолдо… Хаварилерден бири:
«Бул кандай абал, йа, Набийаллах?” – деп сураганда Хазрети Иса:
«Бул гадаб-ы илахи”, — деп айтат.
Хаварилер:
«Йа, Набийаллах, булар кандай күнөө кылышты экен?” – дешкенде, Иса алейхиссалам Аллаху таалага арыз кылат.
Жанабы Хак:
«Бирөөсүнөн сура, айтсын”, — деп буюрат. Сураган адам туруп:
«Йа, Набийаллах, биз, бул айылдыктар жоготуп алган беш-он акчабыз үчүн баласын жоготкон бир эненин азабы сыяктуу ыздырап тартып ыйлачу элек, ушунчалык дүнүйөгө берилип кеткен элек.
Беш-он акча тапсак бир эненин жоголгон баласын тапкандай кубанчу элек, Аллахты эч эске алчу эмес элек.
Мына, дүнүйөгө болгон бул сүйүүбүздөн улам, ага баш-аягыбыз менен берилгендигибиз үчүн Аллаху таала бардыгыбызды курутту”, — дейт. «Жарайт, сенден башка бул жерде эмне үчүн эч ким сүйлөбөй жатат?” – деп сураганда:
«Алар сүйлөй алышпайт. Жанабы Хак бардыгын Жаханнамга таштады. Мен бул жердик эмесмин, башка айылдан келдим, бирок, булар менен бирге болгондугум үчүн мен дагы бул балээге туш болдум.
Дагы кандай жаза келет экен деп күтүүдөмүн”, — дейт.