Пример HTML-страницы

АЛЛАХ ТААЛАНЫН ТОЛУК СЫПАТТАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=59890&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~АЛЛАХ ТААЛАНЫН ТОЛУК СЫПАТТАРЫ~

 

ВАХДАТ, КИДАМ ЖЕ ВУЖУУБИ ВУЖУУД, ХАЯТ КУДРАТ, ЪАЛАМ, ИРААДА, САМЬ, БАСОР, КАЛААМ, ХОЛК, ТАКВИИН Ж.Б

 

ВАХДАТ СЫПАТЫНЫН МААНИСИ

 

✏ Вахдаттын мааниси ал жалгыз- дегендикти билдирет. Бул Аллах Тааланын сыпаты. Ал өзүнүн затында да жалгыз, өзүнүн сыпатында да жалгыз. Тавхиддин мааниси: » Аллах Тааланы жалгыз» деп билүү, же анын жалгыз болгондугуна бекем ишенүү жана тастыктоо.

 

КИДАМ ЖАНА ВУЖУУБИ ВУЖУУДТУН МААНИСИ

 

✏ Кидамдын мааниси » Кодиим» болуу (мындайча айтканда түбөлүктүү жана түбөлүккө калат).

 

«Вужууби вужуудтун» мааниси: Ваажибул Вужууд болуу. Бул жөнүндө жогоруда токтолдук.

 

«АЗАЛИЙ» «АБАДИЙ»- ДЕГЕНДИН МААНИСИ

 

✏Кайсы нерсенин башталышы жок болсо (мындайча айтканда эзедтеден болсо) аны » Азалий» деп айтат. Кайсы нерсенин бүтүшү жок болсо (түбөлүктүү болсо) аны » Абадий» дагы . мына ушул маани Кодиимде дагы бар.

 

ХАЯТ ДЕГЕНДИН МААНИСИ

 

✏ «Хаяттын» мааниси «Тирүүлүк». Алла Таала тирүү, Тирүүлүктүн сыпаты Алла Таалада бар.

 

КУДРАТ СЫПАТЫНЫН МААНИСИ

 

✏ «Кудраттын» мааниси «Күчтүү болуу» башкача айтканда Алла Тааланын кудурети (күчү) ааламды жаратканга жана аны жок кылып кайра бар кылууга жетет.

 

ЪАЛАМ СЫПАТЫНЫН МААНИСИ

 

✏ » Ъалам»дын мааниси «Билүү» башкача айтканда Алла Таала бардык нерсени «билүүчү». Анын илиминен чоң жана кичине нерселердин эч бири жашына албайт. Ал кыпындай нерсени да билет. Ар бир нерсени пайда болоордон мурда да, жок болгондон кийин да билет. Караңгы түндө кумурсканын басканын жана бутунун кыймылдаганын өтө жакшы билет жана көрөт. Инсандын жүрөгүнө ойлор келсе, Алла Тааланын илиминде баардыгы ачык. Көзгө көрүнбөгөн нерсени билүү өзгөчө Аллах Тааланын сыпаты.

 

ИРААДАНЫН МААНИСИ

 

✏ «Ирааданын» мааниси өзүнүн ыктыяры менен иш кылуу, б.а Алла Таала эмнени кааласа өз ыктыяры менен жаратат жана кимди жок кылса, өз ыктыяры менен жок кылат. Дүйнөдө бардык нерсе анын ыктыяры жана каалоосу менен болот. Аалам — дагы эч бир нерсе анын ыктыяры жана каалоосунан сырткары эмес. Ал эч бир иште муктаж, мажбур эмес.

 

«САМЪ» ЖАНА «БАСОР ДЕГЕН СЫПАТТАРЫНЫН МААНИСИ

 

✏ «Самъ» дегендин мааниси «Угуу» жана «Басор» дегендин мааниси «Көрүү» б.а Алла Таала ар бир нерсени угат жана ар бир нерсени көрөт. Бирок калайыкка окшош анда кулагы жок, жана көзү жок. Анда бизге окшогон кулактын, көздүн сүрөтү жок. Акырын айтылган сөздү да угат, өтө кичине нерсени да көрөт. Анын угуусу жана көрүүсүндө жакындыктын, алыстыктын жана караңгылыктын эч бир айырмасы жок.

 

КАЛААМ ДЕГЕН СЫПАТТЫН МААНИСИ

 

✏ «Калаам» дын мааниси «Сүйлөө». Алла Таалада бул сыпат бар, бирок анда инсандыкындай тили жок. Калайык тилсиз сүйлөй албайт, себеби калайык бардык ишинде тил, көз сыяктуу себептерге жана курал жаракка муктаж. Бирок Алла Таала өзүнүн ишинде эч бир нерсеге муктаж эмес. Ал сүйлөөдө дагы тилге муктаж эмес. Эгер ал дагы сүйлөөдө тилге муктаж болгондо, анда «Ваажибул Вужууд» боло албайт эле.

 

ХОЛК ЖАНА ТАКВИИН ДЕГЕН СЫПАТТАРЫНЫН МААНИСИ

 

«Холк» тун мааниси «Жаратуу» жана «Таквиин»дин мааниси «Пайда кылуу» . Алла Таалада бул сыпат бар жана ал гана баардык ааламды жаратуучу жана пайда кылуучу.

 

АЛЛА ТААЛАДА УШУЛ СЫПАТТАРДАН ДАГЫ БАШКА СЫПАТ БАРБЫ?

 

✏Ооба, Аллах Таалада өтө көп сыпаттар бар, мисалы: Өлтүчүүчү, тирилтүүчү, ырыскы берүүчү, сый берүүчү, кордук берүүчү ж.б Аллах Тааланын бардык сыпаттары Азалий, Абадий жана Кодиим болот. Ушул сыпаттарда көбөйүү, кемүү, өзгөрүү, алмаштыруулар болбойт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE