Аллах Тааладан пайда алуу үчүн

https://kyrgyzcha.site/?p=44062&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Аллах Тааладан пайда алуу үчүн анын өкүмүн Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын жолу менен аткарууда эки дүйнөнүн бактылуулугу бар деп ишенүү, себеби бир гана

Аллах Тааланын өкүмүн аткарууда бактылуулук бар♥

Куран аяттары:

«Аллах менен Анын элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аял үчүн тандоого укугу жок (ошондуктан амал кылуулары зарыл).

Ошондуктан ким Аллах жана анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот». («Ахзаб»: 36).

«Биз Пайгамбарды Аллахтын уруксаты менен гана (Анын пайгамбарына) мойун сунуу үчүн жөнөткөнбүз».

(«Ниса»: 64).

Аллах Тааланын өкүмүн «Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла! Ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла!».

(«Хашр»: 7).

«Чындыгында, силер үчүн, өзгөчө, Аллахты жана Акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алган адамдар үчүн Аллахтын элчисинде жакшы үлгү бар». («Ахзаб»: 21).

«Аллах Тааланын буйругуна каршы чыккандар өздөрүнө (Аллахтан) бир апаат келээринен, же болбосо жан чыдагыс азап келээринен сактанышсын». («Нур»: 63).

«Эркекпи же аялбы ыйман келтирип жакшы амал кылышса мыкты жашоо беребиз (дүйнөдө ызат-сый, адал ырыскы, зикирдин таттуулугу, Аллах Таала менен байланыш насип болот).

Ошентип, аларга кылган амалдарына (жараша андан да) жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл 97).

«Ким Аллахка, Анын элчисине моюн сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет». («Ахзаб»: 71).

«Айт! Эгер силер Аллахты сүйсөңөр анда мени эрчигиле.

Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет:

Аллах Кечиримдүү, Боорукер».

(«Аали Имран»: 31).

«Акыйкатта, ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү Аллах Таала (элдердин жүрөгүнө) аны жакшы көрүү сезимин тартуулайт».

(«Мариям»: 96).

«Ал эми ким ыйман келтирген боюнча жакшы иштерди жасаган болсо, ошондо ал жамандыктарынын артуусунан, жакшылыктарынын кемүүсүнөн коркпойт».

(Тоха 112).

«Ким Аллахтан корксо, ага ар түрдүү кыйынчылыктан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет жана да ага эч күтпөгөн тараптан ырыскы тартуулайт».

(«Талак»: 2-3).

«Биз алардан мурдагы канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу?!

Биз силерге бербеген нерселерди жерде аларга бердик.

Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыяларды агыздык. Бирок биз аларды (күчтүү, бай болушса да) күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык». («Ан’аам»: 6).

«Мал-мүлк менен бала-чакалар — дүйнө тиричилигинин (гана) көркү (жок болот). Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо — Эгеңдин алдында.

Жакшы иштер — сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты». («Кахф»: 46).

«Силердин алдыңардагы нерсе түгөнөт, ал эми Аллахтын алдындагы түбөлүк.

Албетте сабырдуулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз». («Нахл»: 96).

«Силерге берилген нерселер — бул дүйнө тиричилигинин буйумдары жана кооздуктары гана.

Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе жакшы жана түбөлүктүү.

Акыл жүгүртпөйсүңөрбү». («Касас»: 60).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️