Аллах Таала жакшы көргөн амалдар.

https://kyrgyzcha.site/?p=43007&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Аллах Таала жакшы көргөн амалдар.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, бир адам Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип:

— Исламдагы кайсы амалды Аллах Таала жакшы көрөт? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

— Убагында окулган намазды, ким намазды таштаса анын дини жок. Намаз диндин түркүгү — деп жооп берди. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) адамдарга карап:

— Эгерде силердин бириңердин эшигинен дарыя агып өтсө жана ал ага күнүнө беш жолу жуунуп турса, анын кири калаар беле? — деп сурады.

— Ал адамда кирдин изи да калмак эмес, – дешти жанындагылар.

— Ошол сыяктуу эле, беш убак намазды окуу дагы күнөөлөрдү кетирет, — деди Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун). (Бухарий, Муслим).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️