БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.
Аллах Таала инсанды кадырлап тил нээматын берди.
?Аллах Таала Кураанда:
*“Анан да тили менен эки эриндеринчи?*
*Аны эки жолго багыт алдырдык”* *деп, тилди немат кылып
бергендиги жөнүндө айткан.* (Балад: 9-10).
? Ошондой эле:
*“Мээримдүү (Аллах) Ага сүйлөөнү үйрөткөн”* – деген да аят-тар бар. (Аррохман: 1-4).
?Тил Улуу Аллахтын пендесине берген жакшылыгы. Аны
адамдар өз эркин билдирүүчү, түшүндүрүүчү булак катары пайдаланышат. Тилдин баркыны сүйлөй албаган дудуктар
гана билишет.
?Тил, жакшылыкты же жамандыкты айтып билдирүүчү
мүчө. Ошол себептен Аллахка эсеп берүүнү же азапты ойлобой, тилди бош коюп, каалаганын сүйлөй бербөө керектигин эскертип, *Аллах Таала:* *“Эмне сөз сүйлөсө да, анын
алдында көзөмөлдөгөн (периште) даяр турат”* – деп айткан.
(Коф: 18).
?Ошондой эле: *“Ар бир чоң жана майда иштер (жазылган)”* деп да эскерткен. (Комар: 53).
? Бир сөздү айтуу менен Исламга киребиз, бир сөздү айтуу менен Исламдан чыгабыз.
?Бейишке кирүү өлүмдөн мурда айтылчу шахаадат келмесине байланыштуу эмеспи?
? Эки жашты бакытка бөлөөчү нике да тил менен болот
эмеспи?
?Үй-бүлөнү бузуучу талак да тил менен болбойбу?
?Жакшы сөздөрдү сүйлөөгө кызыктырган жана уятсыз
сөздөрдөн сактанууну эскерткен да тил эмеспи.
?Адамдардын соода-сатыктагы мамилелери тил менен
болбойбу?
?Далил жана күнөөдөн баш тартуу тил менен эмеспи?
? Баардык мүчөлөдүн күн сайын тилге кайрылышаарын
уккан эмес белең?
?Алар эртең менен тилге кайрылып: *“ Биз
үчүн Аллахтан корк. Эгер сен туура жолго барсаң биз да туура жолго барабыз, эгер сен туура эмес сүйлөсөң,* *анда биз
азап тартабыз”* деп суранышат го.
?Жакшы жагымдуу сөзгө элдер тартылат. Жаман жагымсыз сөздөрдөн элдер качышат. Тилдин заарын айбандардын да билгени (сезгени) таң калыштуу. Жакшы жана жаман
сөздүн натыйжасын салыштыр. Жалаа жана чагымчылык
кылуу тил менен эмеспи?
?Жана ал экөөнү Аллах Таала арам
кылган эмес беле?
?Күндүзү орозо тутуп, түнкүсүн намаз окуп
бирок, тили менен кошунасына тынчтык бербегендиги үчүн
тозокко кирген аял жөнүндө билбейсиңби?
*“Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу,* *бутагы көктү тиреп өскөн мыкты даракка* *салыштырып мисал кылганын көрдүңбү”*
деген аятты уккан белең.
?Пайгамбардын (С.А.В) хадистерине кунт коюп окуп
көрчү. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар:
(С.А.В)
*« Ким Аллахка жана акырет* *күнүнө ишенсе жакшы сөз
сүйлөсүн же унчукпасын»*
деп айткан. (Бухарий).
?Бир жолу Абу Муса Пайгамбарга (С.А.В) кайрылып: *«Оо, Аллахтын элчиси!* *Кандай мусулман жакшыраак»?* – деп сурады. Пайгамбар: (С.А.В)
*«Башка мусулмандар анын тилинен жана колунан
зыян тартпаган адам»* – деп жооп берди. (Бухарий).
?Ибн Умар риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
*«Аллахты эскерүүсүз сөздү көбөйтпөгүлө.* *Чындыгында Аллахты эскербей көп сүйлөө жүрөктү карартат. Эгер
адамдар Аллахтан алыстаса жүрөгү таш боор болуп калат»*
– деген. (Тирмизий).
?Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
*«Кимде-ким, эки жаагынын жана эки бутунун ортосундагы мүчөлөрүн Аллах ыраазылыгы үчүн күнөөдөн сактаса, ал бейишке кирет»* – деген. (Тирмизий).
?Ошондой эле Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан:
*«Эгерде пенде Аллахты ыраазы* *кылуучу сөздөрдү
сүйлөсө,* *Аллах анын даражасын көтөрүп, балээден сактайт.*
*Эгерде Аллахты каарданткан сөздөрдү сүйлөсө,* *анда балээге
кабылып,* *тозокко түшүрүлөт».* (Бухарий).
?Мусулман пенде, эч кимге каргыш айтпайт жана доомат кылбайт.
?Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
*«Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,*
*каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт»* – деген. (Тирмизий).
?Абу Дарда риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
*“Ким башка бирөөнү каргаса,* *ошол каргышы асманга көтөрүлөт,* *ага асман эшиктери жабылат да кайра жерге
түшөт.* *Жердин да эшиктери жабылат. Оңго карайт,солго карайт жана* *наалат кылынган кишиге барат.* *Эгер ал ошого
татыктуу эмес болсо, айткан кишинин өзүнө кайтат»* – деген. (Абу Дауд).
?Мусулман пенде жалган сүйлөбөйт, керексиз талашып-
тартышпайт.
?Абу Умама Аль-Баахилий риваят кылган хадисте, Пай-
гамбар: (С.А.В)
*“Сөзү акыйкат болсо да талашып тартышууну таштаган адамга бейиштин четинен үй курулат. Тамаша болсо
дагы жалган сүйлөбөгөн адамга бейиштин ортосунан үй курулат. Ал эми, жакшы кулк-мүнөз ээсине бейиштин төрүңөн
үй курулат»* – деп айткан. (Абу Дауд).
*?Биз дагы мусулманбыз. Аллахтын китеби жана Пайгамбардын (С.А.В) сүннөтү сыяктуу байлыктар бизге да
тиешелүү. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, кыйбат-ушак, талаш-тартыш, каргыш жана тилдөө, жалган айтуу жана уятсыз
сөздөрдү сүйлөөдөн өзүбүздү тыя албай келебиз.*
?Адамдардын бүгүнкү абалына көз жүгүртсөк каргыш
сөзүнүн көп жайылганына таң калабыз. Каргыш айтуучу
адам каргышы менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чечип алам деп
ойлойт. Ошондой эле башкаларды күлдүрүү үчүн жалган тамашаларды ойлоп чыгаргандар да бар.
?Бахз Ибну Хакимдин чоң атасы риваят кылган хадисте,
Пайгамбар (С.А.В) айткан:
*“Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга тозок болсун”!*
Кээ бир адамдар үйүндө, чогулуштарда, ишинде бирөөлөрдү жамандап же мактап бекер олтурушат.
?Сүйлөшүүдө Аллах Тааланы эстөө, Кураан окуу, Пайгамбардын (С.А.В) сүннөттөрүн үйрөнүү, жакшы адамдардын өмүр баянын окуу болсо гана дүйнөдө жана акыретте пайда берет. Ошондуктан пайдасыз ашыкча сөздөрдөн алыс болуп,
пайдалуу иштер менен алек болуу керек.
? Пайгамбарыбыз
(С.А.В) унчукпаса ойлонуп, сүйлөсө зикир кылчу.